Коронавирустун балдар үчүн кооптуу жактарын дарыгер санап берди

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүСитуация в городах России в связи с коронавирусом
Ситуация в городах России в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде баланын дем ала албай кыйналганы байкалса, шалдыраса, уйку басса же сууну аз ичип калса дароо дарыгерге кайрылыш керек.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ирландиялык профессор жана инфекционист дарыгер Карина Батлер балдардагы коронавирустун кооптуу белгилерин санап берди. Бул туурасында The Irish Timеs жазды.

"Кичинекейлерде деле оорунун белгилери чоңдор сыяктуу болот. Жөтөлөт, эти ысыйт. Андан башкасын айтсам, мурду бүтөт, ичи өтүп же кусат", — деген Батлер.

Киши балдары менен медициналык бет капчан аэропортто отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарды коронавирустан кантип коргоо керек? Ата-энелер үчүн кеңеш
Адистин айтымына караганда, бөбөктөр COVID-19ду жеңилирээк көтөрөт. Анткен менен абайлабаса, ал деле кооптуу. Эгерде баланын дем ала албай кыйналганы байкалса, шалдыраса, уйку басса же сууну аз ичип калса дароо дарыгерге кайрылыш керек.

Батлер ымыркайлар арасында COVID-19 арбын кездешпей тургандыгын, бирок белгилери оор болгон учурлар бар экендигин айтты.

"Өзгөчө бир жашка чейинки наристени кылдаттык менен караш керек", — деген профессор.

 COVID-19 жуккан бала чарчап калган учур АКШда катталган.

Анткен менен жакшы жаңылык жакында эле Казакстанда болду. Алматы шаарында коронавирус жуктуруп алган эки жаштагы бөбөк айыкты

Кыргызстанда коронавирус балдарга жуккан фактылар да бар. Бактыга жараша, учурда алардын абалы жакшы

Жаңылыктар түрмөгү
0