Россиянын жана Кытайдын желектери. Архив

Бутуна тура баштаган Кытай Россияга мунай согушун жеңүүгө жардам берет

270
(жаңыланган 16:51 02.04.2020)
Кытайдын нефтини кайра иштетүүчү компаниялары Россиядан апрелде миллион тоннадан ашуун мунай алуу боюнча келишимге кол коюшту.

Өлкө экономикасы коронавирус эпидемиясынан кийин калыбына келе баштады, демек, нефтиге болгон суроо-талап да жанданды. Россиялык өндүрүшчүлөр үчүн бул мунайдын баасы боюнча жүрүп жаткан согушта маанилүү фактор болуп калышы толук ыктымал. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Кытай бутуна турууда

Пандемияны ооздуктап Пекин экономиканы колдоо боюнча бир катар чараларды көрүүдө — салыкты, насыя боюнча үстөк пайыздарды азайтты. Кытайдын Элдик банкы рынокторго 1,2 триллион юань (170 миллиард доллардан ашуун) өлчөмүндө каражат берсе, Финансы министрлиги жергиликтүү бийлик органдарына инфраструктуралык долбоорлор үчүн максаттуу облигацияларды чыгарууга уруксат берди.

Натыйжада КЭРдин Улуттук статистика бюросу кабарлагандай жабдуу боюнча менеджерлердин расмий индекси мартта 52ге чейин көтөрүлдү. Салыштыруу үчүн айтсак, февралда 35,7ге чейин түшүп, эң төмөнкү көрсөткүч болуп катталган. Ал эми 50дөн жогорку индекс экономикалык активдүүлүктүн жогорулап бара жатканын айгинелейт.

Өндүрүштө индекс дээрлик эки эсеге — 27,8ден 54,1ге өстү. Экспорттук заказ багытында 27,7ден 46,4кө чейин жогорулап, импорттун кыскарышы токтоду — индекс 31,9дан 48,4кө чейин көтөрүлдү.

Биринчи кезекте энергиянын импорту өстү, анткени иши жанданып жаткан ишканаларга электр кубаты жана сырьё менен даяр продукцияны ташуу үчүн күйүүчү май зарыл. Анын үстүнө бюджеттик чыгымды оптимизациялоонун алкагында Пекин күн жана шамал электрстанциялары үчүн субсидияларды жоюуга белсенип турат.

Кытай бийлиги күйүүчү майга болгон суроо талаптын калыбына келип жаткан учурунан пайдаланып, Вашингтон менен жаңы соода келишимин сактоого даяр экенин көрсөттү. КЭР ал жактан суюлтулган газ ала турганын жар салды. Бирок күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Россиядан ташылмакчы. Апрелде россиялык компаниялар Кытайга февралга (540 миң тонна) караганда эки эсе көп — миллион тонна сырьё жөнөтмөкчү.

Ушинтип жеңебиз

Жогоруда айтылгандын баары дүйнөлүк нефть рыногунда пикирлери келишпей турган Россия, Сауд Аравиясы жана АКШнын карама-каршылыгында маанилүү роль ойночудай. Эскерте кетсек, 1-апрелден тарта ОПЕК+ уюмунун ишмердүүлүгү токтоду, эми ар бир мамлекет нефть казуунун көлөмү менен экспорт маселесин өз алдынча чечмекчи.

Сауд Аравиясы дүйнө рыногундагы үлүшүн көбөйтүү үчүн ачык эле демпингге, башкача айтканда, товарын арзан баада сатууга өттү. Эр-Рияд апрелде экспорттун көлөмүн суткасына 12,3 миллион баррелге чейин көбөйтө турганын жар салып, Европага Brent үлгүсүндөгү нефтинин баасына караганда 10,25 долларга арзан нарк сунуштады да мунайдын баасын кескин ылдыйлатып жебирди.

“Энергетика министрлиги Saudi Aramco улуттук нефть компаниясына суткасына 12,3 миллион баррель казууга тапшырма берди. Бул бир нече айга чейин созулат”, — дешти Сауд Аравия өкмөтүнөн.

Натыйжада 30-март күнү Brent нефтисинин баррели 22,58 долларга бааланып, 18 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй түштү.

Бирок Эр-Рияддын дүйнөнү арзан нефть менен камсыздоо планы тоскоолдукка учурады. Европа менен АКШдагы нефть иштетүүчү компаниялар демпингге карабай кошумча нефть сатып алуудан баш тартып турат.

Буга коронавирус эпидемиясы да себепчи болду, анткени суроо-талап кескин азайып, кампаларда нефть азыр толтура. Сатып алган күндө да аны сактоочу жай жок. Анын үстүнө айрым америкалык компаниялар сырьёсун терс баа менен сата баштады. Алсак, Mercuria прайс-баракчасында битум чыгарууда колдонулчу Wyoming Asphalt Sour сортунун баррелин минус 0,49 долларга баалады.

Нефтетрейдерлер терс зонага заводдордон жана магистралдык түтүктөрдөн алыс жайгашкан кенде казылуучу сырьёнун баары кетет деген пикирде.

Түзүлгөн кырдаалда мунай согушунда сатуу рыногу чакан мамлекеттер утушка ээ болот. Россия нефть жаатында Кытайдын башкы камсыздоочусу катары позициясын жакшыртып, атаандаштарга талап коё алгыдай абалга жетти.

270
Белгилер:
компания, Мунай, Сауд Аравиясы, Россия, Кытай, нефть
Тема боюнча
Рынок көтөрө алабы? Норвегия мунай казуунун көлөмүн көбөйтөт
Коронавирус жана энергорыноктун кыйрашы. Саресеп
Испаниялык Барселонанын чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси. Архивдик сүрөт

ЖМК: "Бавариядан" ири эсепте утулган Месси "Барселонадан" кетерин жар салды

132
(жаңыланган 18:06 15.08.2020)
33 жаштагы Лионель Месси клубдун жетекчилигине жана башкаруу системасына канааттанбай келгени айтылат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Испаниялык "Барселонанын" чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мюнхендик "Бавария" кечээ "Барселона" клубун 8:2 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыккан. Немецтик клубдан мындай эсеп менен жеңилүү Мессинин карьерасында эң ири утулуш болду.

Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?

Маалыматта 33 жаштагы футболчу клубдун жетекчилигине жана башкаруу системасына канааттанбай келгени айтылат. Мындан сырткары, Месси "Барселона" менен түзүлгөн келишими 2021-жылы аяктаганда кете ала турганы белгиленет. Футболчуну командада алып калууга клубдун жетекчилигиндеги кескин өзгөрүүлөр себеп болору айтылып келет.

Аргентиналык футболчу "Барселона" командасында ойнойт. Клуб менен ал 10 ирет чемпиондук наамды, алты жолу Испания кубогун, төрт жолу Чемпиондор лигасы мелдешин уткан. Чабуулчу каталондук клубдун катарында расмий беттештерде 634 гол киргизген.

132
Белгилер:
келишим, Барселона, футбол, Лионель Месси
Тема боюнча
КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт
"Барселонанын" дарбазасына кирген 8 топ! 74 жылдан берки ири жеңилүү
Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко. Архивдик сүрөт

Путин менен Лукашенко Беларустагы кырдаалды талкуулашты

79
(жаңыланган 17:20 15.08.2020)
Буга чейин Лукашенко өлкөсүндөгү башаламандыктар Беларуска гана эмес, бүткүл союздук мамлекеттерге коркунуч туудура турганын айткан.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости жазды. 

Мамлекет башчылар Беларустагы кырдаалды талкуулашты.

Буга чейин Беларусь лидери өлкөгө каршы "агрессия күч алууда" деп айткан. Ал белгилегендей, президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки башаламандыктар Беларуска гана эмес, бүткүл союздук мамлекеттерге коркунуч туудурат.

Беларус президенти өлкөдөгү кырдаалга "тышкы кийлигишүүнүн элементтерин" көргөнүн, ошондой эле социалдык тармактарда элдин оюн бузган фейктер бар экенин айткан. Ал мунун баарын кесипкөй адамдардын иши катары баалаган.

Лукашенко өлкөдөн чыгып кеттиби? Атаандашы Тихановская элге кайрылды

Эске салсак, Беларусь республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир топ адам жабыр тартты.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкканы белгилүү болгон.

79
Белгилер:
кырдаал, талкуу, сүйлөшүүлөр, Александр Лукашенко, Владимир Путин, Беларусь, Россия
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен
Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

0
(жаңыланган 18:58 15.08.2020)
Ысык-Көл облусунун 58 жаштагы тургуну Аскар Сулайманов быйыл 10 гектарга жакын жерге карагат тигип, көпчүлүккө үлгү болууда. Анткени облус аймагында аталган мөмө багын чоң аянтка тиккендер жокко эсе.

Чет өлкөлөрдөн билип, алардын тажрыйбасын айылда колдонгон дыйкан, ишин сүйгөн элеттик менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Тогуз гектар жерге карагат тигүү үчүн канча каражат жумшадыңыз?

— Карагат өстүрүү үчүн балдарымдын беш жылкысын, үч уюн саттым. Акчанын басымдуу бөлүгү көчөт алганга жана тегерегин тор менен тосуп чыгууга кетти. Анан өзүбүз колдонгонго жаңы экскаватор алып койдук. Ортосундагы жыгач казыктарды айылдаштардан ар бирин 20 сомдон сатып алдык. Алар кубануу менен эле даярдап беришти. Кудайга шүгүр, бир нече жылдан кийин карагаттарыбыз да, айланасындагы дарактар да жашылданып калат. Жерди болсо айылдаштардан узак мөөнөткө ижарага алдым. Өзүм суу курулушу боюнча инженермин, бул аянтты толугу менен тамчылатып сугарууга өткөрөбүз. Башына суу соргуч коюп, сууну үнөмдөп сугарабыз. Ошол эле маалда түтүктөр аркылуу жер семирткичтерди да кетиребиз. Азыр керектүү жабдыктарды алып даярдап койдук. Жерди башында алганда таш аябай көп болчу, тогуз гектардын баарын тазалап чыктык.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

— Карагат өстүрүүгө ыктап кетүүңүзгө эмне себеп болду?

— 2000-жылдары эл капысынан айыл өкмөт башчысы кылып шайлап, ал кызматты алты ай аркалагам. Кийин Швейцариянын, Япониянын уюмдары менен иштеп, дыйкан, малчылар менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашыргам. 2006-жылы Япониядан айыл чарба продукцияларынын маркетинги боюнча билим алып, окуумда жер-жемиштерге басым жасалган. Карагат Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз менен Ысык-Көл райондорунун айрым жерлеринде сонун өсөт. Ошондуктан аталган райондогу дыйкандар бул өсүмдүккө ыкташы керек. Япондор кантип башкалардан арзан жана сапаттуу продукцияны чыгарам деп катуу ойлонушат. Алар менен сүйлөшүп калсам, буудай өстүрүү боюнча Казакстан менен жарышсаңар алардын тебелендисине каласыңар, картошка боюнча Беларусь менен Россиядан ашып өтө албайсыңар деп айткан эле. Ошондуктан Ысык-Көл облусундагылар сапаттуу үрөн чыгаруу, мөмөлүү бак, жер-жемиш өстүрүү менен алектенгиле деп кеп-кеңешин беришкен. Менимче, ошолор түрткү болду. 

Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Успешный садовод Аскар Сулайманов

— Келечекте түшүмдү сатуу жагы кандай болуп калат?

— Түшүм жыйнаган маалда сатып алуучу издеп убара болбойсуң, карагат ушундай өсүмдүк. Япондор өздөрү экологиялык таза карагат өстүрө алсаңар, биз бардыгын сатып алууга даярбыз деп айткан. Европа жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндө карагатка азыраак шекер кошуп джем, балдардын тамагын жасашат. Ага дүйнө жүзүндө суроо-талап күч. Кыргызстандын бардык аймагына карагат тигип салса дагы жалгыз Кореяны толук камсыздай албайбыз. Азыр элдин баары С витамини адамга зарыл экендигин түшүндү. Андыктан чийки зат сатуу жагынан көйгөй болбойт. Түп районундагы Чоң-Таш айылынын жайгашкан жери дагы Алматы шаарынан 300 чакырым эле алыстыкта. Казакстанга өзүбүздүн карагатты ортомчусуз алып бара алабыз.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

— Эсебиңиз боюнча үч жылдан соң канча түшүм алып каласыз?

— Төрт жылдан кийин ар бир гектар жерден 10 тоннадан 20 тоннага чейин түшүм алышыбыз керек. Кудай буюрса тогуз гектардан жыл сайын 180 тоннанын айланасында алып калабыз. 

Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Успешный садовод Аскар Сулайманов

— Көчөт өстүрүп, аны өлкөнүн бардык аймактарына да сатат экенсиз. Муну дыйкандар эриш-аркак алып кетиши керекпи?

— Негизи бир иштин эле майын чыгара жасаш керек. Бирок кошумча каражат табуу максатында көчөт өстүрүү зарыл болууда. Биз Польшадан алып көчөттөрдү Ысык-Көлдө көбөйтүп жатабыз. Аны Нарын, Ош, Жалал-Абад облусундагы дыйкандар алдын ала акчасын төлөп сатып алууда.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

— Сизде билим, тажрыйба дагы бар экен. Чийки түшүмдү эле сата бербей, аны кайра иштетип жакшы киреше көрүү планыңызда барбы?

— Быйыл карагаттын бир килограммы 200 сомго чыгып, көпчүлүгү карагат өстүргүсү келип калды. Бирок бул учур жыл сайын бир айга чейин эле созулат, чийки затты алуучулар да аз. Биз ал учурду узартышыбыз керек. Мисалы, жарым фабрикат кылып чыгарууну жолго салып алсак, өзүбүз каалагандай 1,5 жылга чейин сактап сатып, кошумча баада кардарларга сунуштай алабыз. Азыр айыл өкмөт менен сүйлөшүп, эски кырманды сурап жатабыз. Буюрса быйыл алып, карагатты кайра иштетүүчү база курабыз. Анткени үч жылдан кийин биз ал жайга муктаж болобуз. 

Успешный садовод Аскар Сулайманов из Иссык-Куля
© Фото / Мирбек Сакенов
Успешный садовод Аскар Сулайманов

— Айыл чарбанын казанында көп жылдан бери кайнап келе жаткан экенсиз. Биздеги адистердин жетишсиздиги боюнча эмне дейсиз?

— Кээде тегерек стол, түрдүү талкууларга чакырып калышат. Ошондо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында, мамлекеттик түзүмдө иштеген айыл чарба боюнча кесипкөй эмес адистер өтө эле көп экенин байкайм. Айрымдары бул тармактагы жаңычылдыктар жөнүндө такыр маалыматы жок болсо, дагы бири такыр түшүнбөйт. Бул деген асманда учуп бараткан учакты адистигин жөндөй албагандар башкарып жатат дегендей эле кеп. Бизде азыр кадр жетишсиздиги эң чоң маселе.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

— Көпчүлүк кыргызстандыктар элет жеринде мал чарбасы же дыйканчылык менен алектенет. Адискөй дыйкан катары сизди түйшөлткөн маселелерди айта кетиңизчи...

— Биз башкалардын ишин, ыкмасын көрүп үйрөнүшүбүз керек. Буга чейин Германия, Франция, Польша, Японияга барып алардын айыл чарбасын көрүп келгем. Ар бир адамдын өзүнүн кесиби болот, дыйкан жер иштетиши керек. Колунан келбегендер айыл чарбага жолобогону эле жакшы. Айылда эле көрүп жүрөбүз, бирөөнүн жылкысы сыланган, экинчисиники ырбыйган. Кыргызстанда 90-жылдары жер бөлүштүрүлгөндө бардыгына үлүш тийди. Жер иштете алганы дагы, албаганы дагы жерлүү болгон. Айыл өкмөт болуп иштеп жүргөндө айылга тиешелүү жерлерди анализ кылдым. Элдин жалпы айдоо жери 700 гектар болсо, анын 34 гектары бири-биринин ортосундагы чек экен. Душман кол салып тартып албай эле жөн эле жатат. Мисалы, кичинекей эле жерде алты чек бар. Ар биринин узундугу 600 метр, туурасы бир метр болот, алты сотых жер калып жатат. Аны алтыга көбөйтсөң 36 сотых, ал аянт бир үй-бүлөнүн жараган эле бир айдоо жери болуп атпайбы. Жыйынтыгында үч жолу зыян тартып жатабыз. Биринчиден, эрозия, экинчиден, отоо чөптөрдүн уругу арыктар менен тарап жатат, үчүнчүдөн, бош турган жер колдонулбайт. Мен келечекте ошонун баарын эске алган, дыйкандарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кооператив түзүү планымда бар. Буюрса, анын ишмердүүлүгүн бүт Кыргызстанга үлгү кылабыз.

0
Белгилер:
маек, багбан, Кыргызстан
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек