Россияда ишсиз күндөр 30-апрелге чейин узартылды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин выступил с обращением к гражданам
Президент РФ В. Путин выступил с обращением к гражданам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери эпидемиологиялык абал турукташса, ишсиз күндөрдү кыскартууну карап чыгарын белгилеген.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска байланыштуу ишсиз күндөр режимин 30-апрелге чейин узартып, бирок айлык төлөнөрүн убадалады.

Путиндин элге кайрылуусу түз эфирде көрсөтүлдү.

"Мен ишсиз күндөрдү ушул айдын этегине чейин, тагыраагы, 30-апрелге чейин узартууну туура көрдүм. Жумушчулардын эмгек акысы сакталуу болот", — деди Путин.

Ал ошондой эле эпидемиологиялык абал турукташса, ишсиз күндөрдү кыскартууну карап чыгарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0