Автобуста жүргүнчүлөрдү текшерген медкызматкер. Архивдик сүрөт

Кандай адамдар коронавирусту өзү байкабай элге көп жугузат. Адистин жообу

2320
(жаңыланган 10:33 03.04.2020)
Окумуштуу медиктерге ооругандар менен байланышта болгон ар бир адамды өтө кылдаттык менен текшерүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. COVID-19 вирусун жуктуруп алган айрым адамдарда анын белгилери көп байкала бербейт, ошол себептен алар өздөрү билбей көп адамга жугузат. Бул тууралуу биология илимдеринин доктору Сергей Нетёсовго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды. 

Адистин айтымында, коронавирус гриппке салыштырмалуу бат жугат. Болгондо дагы адам анын белгилери өзүндө пайда боло электе жана сакайгандан кийин бир нече убакыт бою башкаларга жайылта берет.

"Эң кызыгы, окумуштуулар азыр COVID-19 вирусун канча киши белгилери жок эле алып жүргөнүн билбейт. Дал ошол адамдар оорунун тез жайылып кетишине себеп болуп жатышы мүмкүн. Мисалы, АКШнын Вашингтон штатында куландай соо көрүнгөн эки гана адам илдетти жайып ийген", — деди Нетёсов.

Андыктан адис медиктерге ооругандар менен байланышта болгон ар бир адамды өтө кылдаттык менен текшерүүнү сунуштайт.

Белгилей кетсек, Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка караганда, 3-апрель күнү эртең менен дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 015 403кө жетти. Каза болгондордун саны 53030 болсо, сакайып кеткендердики ушул саатта — 210 579.

2320
Белгилер:
белгилөө, коронавирус, дүйнө, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1109)
Тема боюнча
Кыргызстанда дагы беш кишиден COVID-19 аныкталды
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны миллиондон ашты
Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты
Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив

Жең ичиндеги көзүр: Кытай АКШнын мамлекеттик карызын арзан сатууга даяр

42
Вашингтон кытайлык иштелмелерди улуттук коопсуздукка коркунуч катары бөгөттөгөнчө, Кытай америкалык мамлекеттик облигациялардын триллиондук портфелин арзандатып сатуу менен доллардын курсун да, баалуу кагаздардын рыногун да кыйратып кое алат.

Бул бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн өтө кооптуу сценарий. Пекин кадамын канчалык ыраак таштай аларына сереп салган Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Технологиялык согуш

Январда дүйнөнүн эки ири экономикасы соода согушун бүтүрүүгө маанилүү кадам жасаган: сооданы акырындап калыбына келтирүүгө багытталган биринчи фаза боюнча келишимге кол койгон. Бирок COVID-19 пандемиясы баарын бузду.

Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"

Вашингтондогулар Пекинди коронавирустун таралышына айыптап, акчалай компенсация талап кылды. Аны менен чектелип калбастан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканын жарыялап, аны Кытайдын ишин кубаттоодо деп зекиген.

АКШдагы президенттик шайлоонун жакындашы менен чыңалуу улам күч алууда. Трамп кытайлык компаниялардын америкалык экономикага "келтирген зыяны" жөнүндө кайрадан эстеди. Анын оюнда кытайлыктар өндүрүштү өздөрүнө "тартып", технологиялык сырларын уурдап алган имиш.

Августта Вашингтон Пекинге интернет жана социалдык медиа аркылуу шайлоого кийлигишүүдө деген кине таккан. Кытайлык TikTok Кошмо Штаттардын жетекчилигинин каарына калган. Ага тыюу салуу керек, болбосо КЭР бул сервистен пайдаланган америкалык жарандардын жеке маалыматтарын ала баштаарын билдиришет Ак үйдөгүлөр.

TikTok сервисинин ээсин — кытайлык ByteDance компаниясын бул бизнести америкалык компанияларга сатууга мажбурлап жатышат. 12-ноябрга дейре бул ишке ашырылышы керек. Антпесе, Трамп сервиске бөгөт коерун айтып опузалаган.

Пекин буга эмне деп жооп берери али белгисиз. Эксперттер кытай бийлигинин TikTok сервисин коргоп калууга жүйөлөрү деле жок, анткени аны "зыяндуу", "адепсиз контентти" жайылтууда, "социализм баалуулуктарына" шайкеш келбейт, кытай жаштарын жаман жолго салууда деп эсептешет.

Бирок Вашингтон Huawei — ири кытай технологиялык компаниясын да кысымга алууда.

Пекин "улуттук коопсуздукка коркунуч" туудурушу ыктымал деген чет өлкөлүк компанияларга стратегиялык материалдарды жана технологияларды экспорттоого тыюу саларын айткан.

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

Олуттуу сүйлөшүү

Аны менен катар эле Пекиндегилер КЭРдин колунда андан да олуттуу рычагы бар экенин эскертти. Кеп АКШнын триллион долларлык мамлекеттик облигациялары туурасында. АКШ менен болгон соода тирешинен улам Кытай пландуу негизде бул кагаздардан арылып келген.

1,32 триллион долларлык чегинен 2014-жылдын ноябрында америкалык мамлекеттик карызга инвестициялар 200 миллиарддан ашуун каражатка азайган. Жыйынтыгында 2019-жылдын июнь айында трежеристин чет өлкөлүк ээлеринин лидерлиги Японияга өткөн: Токионун колунда 1,12 триллиондук облигация бар.

Америка Каржы министрлигинин соңку отчету көрсөткөндөй, сентбярдын ортосуна карата кытай портфели 1,08 триллионго кыскарган. Жылдын биринчи жарымында Пекин трежеристи 106 миллиардга түшүргөн — бул сатуунун 2015-жылдан берки эң ыкчам ыргагы.

Бирок кеп экономикалык тиреште гана эмес. Кытайдын америкалык мамлекеттик карыздан кутулуу себептеринин бири — басуучу станоктун тынымсыз иштешинин кесепетинен улам доллардын нарксыздануу тобокелдиги. Карыз да өсүүдө. Сегиз ай ичинде Кошмо Штаттар 7,7 триллиондук казыналык облигацияны чыгарган, мындай көрсөткүч — рекорд. Башкача айтканда, экономикасын карыз алуу менен гана колдоодо.

Пекин Вашингтондо экономикалык көйгөйлөрдү басуучу станоктун жардамысыз чече албастыгын көрүп турат. Ошондуктан америкалык мамлекеттик карызга салым салуу кескин кооптуу экенин белгилейт кытайлык Global Times.

Ири арзандатуубу?

АКШ жана Кытай жаңжалынын ырбашы кокус америкалык экономиканын экинчи саптагы ири чет өлкөлүк насыякорунун сабыры түгөнүп, трежеристи арзан сатууга киришиши мүмкүн деген чочулоону ого бетер күчөтөт.

Мындай кадамдын кесепеттери чоң кырсыкка алып келиши ыктымал. Бул баалуу кагаздар жапырт ташталса, рынок дүрбөлөңгө түшөт. Бирок андай жол Кытайдын өзүнө пайдасыз. Биринчиден, 100-200 миллиардга облигацияларды кыска мөөнөттө сатуу алардын баасын төмөндөтөрү айкын.

Бул учурда Кытайдын өзүнүн тышкы активдери жана резерврдеринин наркы да арзандаган баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн пайда сымал эле кескин ылдыйлайт.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Ага кошумча, доллар да кыйрайт, ал эми КЭРге мунун кажети жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытайлык экспортту кымбаттатат. Мындан тышкары, АКШнын казыналык милдеттенмелерин таштаса, соода согушу көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо, Пекиндин юанды тескөө мүмкүнчүлүгүн да бир далай чектейт. Акыры трежеристи сатуудан түшкөн долларларды бир жакка салуу зарыл, ал эми бул оңой-олтоң эмес.

Тек гана Кытайда көйгөй чыкпайт, бул иште эч ким "соо" калбайт. "Америкалык облигациялардын пирамидасы бузулса, демек, бүт дүйнөнү каржылык башаламандыкка кептейт. 1998 жана 2008-жылдардагы каатчылык баланын оюнундай эле болуп калат. Ошондуктан жакынкы келечекте андайга жол берилери арсар", — деп баса белгилейт Chatex криптовалюталык банкынын башчысы Майкл Росс Жонсон.

Доллар жана трежеристен баш тартуу акыркы жылдардагыдай эле баскыч-баскыч менен болушу мүмкүн. Кытайлык алдыңкы экономисттердин бири, Шанхай финансы жана экономикалык университетинин профессору Си Цзюньяндын пикиринде, жагдай кадыресе нукта кетсе Пекин АКШнын казыналык облигацияларынын портфелин болжол менен 800 миллиард долларга "акырындап кыскартат". Бирок мисалы, аскердик тиреш тутанып кете турган болсо, кооптуу вариант да ишке ашырылышы ыктымал.

Кытай АКШ баалуу кагаз коркунуч согуш маалымат карыз

42
Тема боюнча
МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат
Польшада бойдон алдырууга тыюу салган мыйзамга каршы болгон митинг

Польша: абортту тыйган мыйзамга каршы чыккандар 5 күндөн бери митингде турушат

54
(жаңыланган 11:46 27.10.2020)
Учурда польшалык аялдардын көбү бойдон алдыруу үчүн мыйзамсыз жашыруун кызматка кайрылып же башка өлкөлөргө барып келишери айтылат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Польшада бойдон алдырууга тыюу салган мыйзамга каршы болгон эл беш күндөн бери митингге чыгып, 50дөн ашык шаарда маал-маалы менен автоунаалардын жолун бууп жатышат. Бул тууралуу ВВС жазды.

Айрым адамдар көчөдө "Өкмөттүн боюнан алыш керек!" деген плакаттарды көтөрүп жүрүшөт.

Маалыматка карганда, Польшада бойдон алдырууга бөгөт койгон мыйзам мурда деле бар болчу. Болгону анда "эгер түйүлдүктөн майып адам төрөлөрү аныкталса, бойдон алдырууга уруксат берилет" деген пункту болгон. Мындан улам өлкөдө бойдон алдырган аялдардын 98 пайызы маалыматка ушул жүйөнү жаздырып алышчу.

"Өткөн аптада Польшанын Конституциялык соту мыйзамдагы бул нерсени мүчүлүштүк деп таап, ага дагы тыюу салып койду. Эми аялдар зордуктоо учурунда боюна бүтүп калса же кош бойлуулук аялдын өмүрүнө коркунуч туудурса гана аборт кылдырууга уруксат берилет. Башка учурларда баланын канчалык күтүүсүз болгонуна карабай төрөшү керек", — деп айтылат макалада.

Гинеколог: бойдон алдыруу организмдин функциясын бузат

Негизи эле бул өлкөдө бойдон алдыруу маселеси өтө курч. Мисалы, 2014-жылы сурамжылоо жүргүзгөн учурда респонденттердин 65 пайызы бойдон алдырууга каршы экенин билдирген. Бирок кийинки жылдары коомдун көз карашы өзгөрүп, сөз болуп жаткан мыйзамга каршылар көбөйгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, жыл сайын Польшада мыйзамдуу түрдө бир миңдей аял аборт кылдырат. Бирок аялдардын укугун коргоочу уюмдар жашыруун же башка өлкөгө барып бойдон алдырып келген аялдардын саны жыл сайын 80 миңден 120 миңге чейин жетерин айтып келишет.

54
Белгилер:
нааразычылык акциясы, митинг, бойдон алдыруу, аял, мыйзам, Польша
Тема боюнча
19 жылдык кандуу эксперимент. Кыргызстанда бойдон алдырууга тыюу салынган убак
Альфа элиталык кызматынын кызматкери. Архивдик сүрөт

Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! "Альфа" элиталык кызматы тууралуу 8 факты

0
(жаңыланган 14:38 27.10.2020)
Кыргызстандагы кооптуу жана ири операцияларды жүргүзгөн атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн сап башында "Альфа" турары талашсыз. Кызмат бүгүн 28 жылдыгын белгилеп жатат.

"Альфа" атайын багыттагы бөлүгү узак тарыхы, жүздөгөн операцияларды ишке ашырышы жана катарына мыкты жоокерлерди кошуу менен элиталык болуп эсептелет.

Sputnik атайын кызмат тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Түптөлүшү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караган кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түзүлгөн. Аны кээде "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт.

Совет убагында жалпы Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) болуп, Москвада жайгашкан. Ошондой эле аймактарда бөлүмдөрү иш алып барган. Ал эми СССР кулагандан кийин союзга мүчө-мамлекеттин бардыгы өз алдынча атайын багыттагы кызматтарын түзө баштаган. 

Сотрудники спецотряда Альфа при Государственном комитете национальной безопасности
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"
Элитное подразделение "Альфа"

Милдеттери

"Альфанын" негизги милдети — улуттук коопсуздукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бузууга жол бербөө, коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн террордук, экстремисттик жана массалык башаламандык аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу, барымтадагыларды бошотуу. Ошондой эле өтө оор кылмыштарда операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

Курамы

"Альфа" террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Юрий Погибанын Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызматтагылардын көбүн офицерлер, азыраагын прапорщиктер түзөт. Арасында аял-кызматкерлер дагы бар. Бирок алар көбүнчө аналитикалык жана штабдык ишти аркалап, зарыл учурда гана атайын тапшырмаларга тартылышы мүмкүн. 

Сотрудники спецотряда Альфа при Государственном комитете национальной безопасности
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"
Элитное подразделение "Альфа"

Даярдыгы

Спецназдар машыгуудан өтүп келген мамлекеттердин саны оголе көп. Сырттагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу байма-бай болуп турат. Ал эми иш күнүндө эмне менен алектенишет деген суроо бардыгына кызык болсо керек.

Кызматкерлер өздөштүрө турчу отузга чукул атайын дисциплина бар. Ага дене бой даярдыгынан тышкары тактикалык предметтер, ок атуу, топография, политология, психология, чет тилдерди үйрөнүү жана башкасы кирет. Өздүк курамдын 70 пайызы керектүү делген бир чет тилди билет. Себеби алар чет мамлекетке сапарга көп чыгышат, кайсы бир убакта барып иштеп да келишет. Бардыгы жогорку билимдүү, жадагалса 50 пайызынын эки-үчтөн диплому бар. Калган даярдыктар жашыруун болгондуктан айтылбайт.

Техникалык жактан камсыздалышы

Юрий Погибанын айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызмат чет мамлекеттен чыгарылган жаңы үлгүдөгү курал-жарактын түрү менен камсыздалган. Операцияга керектүү делген снайпердик, антиснайпердик каражаттар, дрондор, жеңил сооттолгон танкалар (БТР), жоокерлердин коопсуздугун камсыздаган оор жана жеңил коргоо каражаттары (бронежилет), бронещиттер жана башка шаймандар бар. Кыскасы, "Альфанын" жогорку деңгээлде антитеррордук операцияларды жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Операциялардын түрлөрүнө жараша КРдин Куралдуу күчтөрү менен чогуу иш алып барып, техникасын колдоно алышат. 

Сотрудники спецназа во время совместных антитеррористических учений
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Военные учения "Иссык-Куль-Антитеррор-2018"

Тажрыйбасы — аткарган тапшырмалар, операциялар

"Альфа" түзүлгөндөн бери 300дөн ашык операция жүргүзгөн. Анын ичинде бир катар жашыруун террордук уюмдардын иш-аракеттерин токтотуп, ондогон террордук чабуулдарды алдын алган. Сапёрлор 27 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган.

Милиционер, метеоролог, куткаруучу. COVID-19 соолткон өмүрлөр. Сүрөт баян

Атайын топ 1997-1998-жылдардан тарта террордук коркунучка каршы күрөшүү иш-чараларын активдүү баштаган. Ал эми 2006-жылдан бери экстремисттер менен катуу тирешип келишет.

Ири операциялардын тизмеси:

  • 1999-жыл, август-ноябрь, Баткен. Атайын операция учурунда террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган;
  • 2006-жыл, июль, Жалал-Абад. Шаардын борборунда согушкерлердин аёосуз каршылык көрсөтүүсү менен эки сааттык операция жүрүп, душман тараптан алты киши, анын ичинде топтун лидери Палван жок кылынган. Алардын бардыгы Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү эле;
  • 2006-жыл, сентябрь, Ош. Атайын операция учурунда Орто Азиядагы согушкерлердин амири жок кылынган;
  • 2007-жыл, июль, Жалал-Абад шаары. Жихад тобунун террордук уюмунун мүчөлөрүн куралсыздандыру жана жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн;
  • 2009-жыл, июль, Ош. Өзгөн районунда антитеррордук атайын операция учурунда беш согушкер жок кылынган;
  • 2010-жыл, ноябрь, Ош. Жарылууларды уюштурууга катышкан кылмышкерлер кармалган;
  • 2011-жыл, январь, Чүй. Стрельникова айылында атайын операция уюштурулуп, "Жайшүл Махди" жихад тобунун төрт согушкери жок кылынган;
  • 2011-жыл, октябрь, Ош. Курманжан датканын 200 жылдыгын белгилөө маалында террорчулар жүргүнчү ташыган маршруттук таксини басып алган. "Альфачылар" барымтадагыларды аман-эсен бошотуп, террорчуларды жок кылышкан;
  • 2015-жыл, июль, Бишкек. Борбор калаадагы Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция учурунда төрт террорчу жок кылынган;
  • 2015-жыл, декабрь, Бишкек. Калаадагы Восток-5 кичи районунда эки согушкер жок кылынган;
  • 2016-жыл, август, Бишкек. Эл аралык террордук уюмдун жашыруун мүчөсү жок кылынган.

"Альфа", мындан тышкары, Кыргызстандагы 2005инчи жана 2010-жылдагы революцияда жана Оштогу июнь окуясында конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө, стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп, ошондой эле ал окуялардын алкагында террорчулукка жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишине каршы аракеттерди жүргүзгөн. 

Сотрудники спецназа во время совместных учений объединенной группировки Вооруженных сил Кыргызстана, Центрального военного округа Вооруженных сил РФ и российской авиационной группировки.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Военные учения стран СНГ "Иссык-Куль-Антитеррор-2018"

Иш учурунда көз жумгандар

Расмий маалымат боюнча, "Альфа" жалпысынан иш учурунда беш жоокеринен ажыраган.

— 2006-жылы 12-майда "Альфа" алгач ирет жоготууга дуушар болгон. Ал күнү Тажикстан тараптан куралдуу топ Баткендин Кадамжай районундагы айылдарды аралап, андан ары Ак-Турпактагы бажы бекетине кирип келген. Атайын операцияда куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан эки чек арачы, бир бажычы, бир жай тургун жана "Альфанын" эки кызматкери — полковник Абдурашид Өскөналиев менен лейтенант Кыялбек Бакиров каза тапкан. Кийинчерээк 44 жаштагы Өскөналиевге II даражадагы "Манас" ордени берилсе, 23 жаштагы Бакировго Эрдик ордени ыйгарылган.

— 2006-жылы 23-июнда Жалал-Абаддын Сузак районундагы операцияда террордук топтун беш мүчөсү жок кылынган убакта лейтенант Гапар Маманов да көз жумган. Ага кийинчерээк III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.

Гапар Маманов 1982-жылы 26-июнда аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2000-2002-жылдары Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн, жогорку билимдүү болчу. 2006-жылдын февралынан тарта УКМКнын "Альфа" антитеррордук кызматына ишке кирген.

Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя

— 2011-жылы 4-январда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен рейдге чыккан үч милиционер окко учкан. Алар бир жыл мурун Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдындагы жарылууну уюштурууга шектелген "Жайшүл Махди" террордук топтун согушкерлерин көрүп калышкан.

Эртеси, 5-январда, "Альфа" атайын операция жүргүзүп, Арашан айылында эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү кармалган. Тилекке каршы, мында да кан төгүлүп, лейтенант Жеңишбек Бабараимов көз жумган. Артында эки баласы калган.

— Былтыр, 2019-жылдын 7-августунда, Чүйдөгү Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган. Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйлашкан. Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Артында төрт баласы калды.

Военные учения Иссык-Куль-Антитеррор-2018
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Военные учения "Иссык-Куль-Антитеррор-2018"

"Альфанын" катарына кантип кошулса болот?

Көбүнө дал ушул суроо кызык болсо керек. Юрий Погиба белгилегендей, адатта "Альфага" аскер тармагындагы же милицияда спецназ болуп жүргөндөр барат. Ошондой эле кээде 20 жаштан 30 жашка чейинки жай жарандарды дагы ишке алышат. Талапкерлер УКМКнын кеңсесине кайрыла алат. Ал жактагы кызматкерлер кайрылгандарды жоопсуз калтырбай, сөзсүз маектешип көрөт. Бул жөн гана сүйлөшүү эмес, 4-5 саатка созулган психологиялык тест!

Албетте, болочок спецназдын дене бой даярдыгы мыкты болушу керек. Бирок башка атайын даярдыктагы кызматтардай армияга барып келгениң же кайсы бир спорттун түрүнөн чебер болгонуңа көп деле артыкчылыктар бериле бербейт. "Альфада" талап катуу. Дене бой даярдыгынан тышкары психологиялык-моралдык жактан бекем, интеллектуалдык потенциал жогору болушу керек. Артыкчылык снайпердик секциядан келгендерге, аба-десант аскерлерине, инженер-жардыруучу сыяктуу кесип ээлерине берилиши мүмкүн.

УКМКнын "Альфа" бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты

Бойдун узундугу көбүнчө "Альфанын" кайсы адистигине даярдала турганынан көз каранды. Атайын кызматтын арасында сапёр, снайпер, кинолог, парашютист, техниканын айдоочулары жана башкалар бар. Негизинен бою 175-180 сантиметрге жеткендер идеалдуу деп эсептелет.

Болочок спецназдарды тандоонун соңку инстанциясы эң оор болуп саналат. Бул учурда кандидаттарга эли-жерин коргоп, кызматтык милдетин аткарууда каза болуп калышы мүмкүндүгү айтылат. Өзүнө гана эмес жакындарына дагы ал өмүрүн тобокелге салып кызматка барып жатканы олуттуу эскертилет. Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча ата-энелери менен сүйлөшүшөт. "Альфа" үйдөгү жалгыз баланы катарына кошпогонго аракет кылат. Кызмат ушунусу менен оор, спецназдар мекени үчүн жанын бере турганын билип туруп ишке аттанышат...

"Альфадан" тышкары Кыргызстандын Күч түзүмдөрү менен Куралдуу күчтөрүндө спецназдын канча түрү бар, алардын милдеттери, аткарган тапшырмалары, күжүрмөн даярдыгы, техникалык жактан камсыздалышы жана кандидаттарга талаптары тууралуу Sputnik даярдаган лонгридден окуңуздар.

0
Белгилер:
коопсуздук, өлүм, кызмат, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
УКМКнын "Альфа" бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты