Россиялыктар жарым жылдык насыялык каникулга укук алышты. Путин мыйзамга кол койду

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин документке кол коюп жатат
Россиянын президенти Владимир Путин документке кол коюп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төлөм мөөнөтүн жылдыруу укугуна бир айда кирешеси 30 жана андан ашык пайызга төмөндөп кеткендер ээ болот.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясынан жабыр тарткан жарандарга насыялык каникул берүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Документ укуктук маалымат интернет-порталына жарыяланды.

Төлөм квитанциясы, калькулятор жана калем столдо жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бизнеске жеңилдиктерди бергени жатат. Сунуштардын тизмеси
Негизги карыздын төлөмүн төгүү жана насыянын пайыздык акчасын төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу укугуна чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендер ээ болот. Аталган мыйзам чыкканга чейин насыя алган россиялыктар 30-сентябрга чейин кредиттик каникул сурап кайрыла алат. Бирок бул үчүн ишкердин кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу бир айда 30 жана андан көп пайызга төмөндөгөн болушу шарт.

Каникул учурунда айып пул, туум чегерүүгө, мөөнөтүнөн мурда акча төлөтүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары, керектөөчү насыя алгандардын үстөгүнө чектөө киргизилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда ишкерлерге үч айлык насыя каникулу берилгени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0