Жүрөк үшүн алат! Индияда эки жолборстун ыркырап чабышкан видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолборс. Архив
Жолборс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жырткычтар жерге ээлик кылуу үчүн бири-бирине сес көрсөтө кармашышкан. Видеонун автору аны сөзсүз кулакчын менен угууну сунуштаган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Индиянын токой чарба кызматынын инспектору Парвин Касван эки жолборстун аркырап кармашып жаткан учурун видеого тартып алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Видеону Касван Twitter баракчасына жүктөдү.

​"Чоң жолборстор жер талашып кармашып жатышат. Кулакчын менен уксаңар. Бул Индия токоюндагы ачуу айкырык", — деп жазган ал.

Колдонуучулар роликтин астына "Кармаш эмне менен бүттү?", "Эгер бир жырткыч аймакка ээ болсо, калгандары эмне болот?", "Бир жерде канча жолборс калышы керек?" деген комментарийлерди калтырышкан.

"Бир аймак бирөө үчүн гана" деп жооп кайтарган Парвин Касван.

Жаңылыктар түрмөгү
0