Россияда коронавирусту дарылай турган препараттар адамдарга сынала баштады

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүДарыгер шприцти даярдап жатат. Архив
Дарыгер шприцти даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россияда коронавирусту дарылай турган төрт препарат иштелип чыкканы жарыяланган. Адистер "мефлохин" вирустан улам пайда болгон сезгенүүнү алдын аларын айткан болчу.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россияда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн иштелип чыккан "Мефлохин", "Гидроксихлорин" жана "Колидавир" препараттарына клиникалык изилдөө жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кургак учукка каршы вакцинанын коронавируска таасирин иликтешти
Препараттарды тестирлөө иши А.И. Бурназян атындагы федералдык медициналык биофизикалык борборунда жасалат. Дары коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптарга алардын кат жүзүндө берген уруксаты менен колдонулат.

Эске салсак, буга чейин Россияда коронавирусту дарылай турган төрт препарат иштелип чыкканы жарыяланган. Адистер "мефлохин" вирустан улам пайда болгон сезгенүүнү алдын аларын айткан болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда коронавируска кабылгандардын саны 7497ге жетти. Ал эми илдеттен 494 киши сакайып кетсе, 58и көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0