Путин айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүн автоматтык түрдө узартууну тапшырды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин в режиме видеоконференции провел совещание с руководителями субъектов РФ
Президент РФ В. Путин в режиме видеоконференции провел совещание с руководителями субъектов РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө лидери губернаторлор менен онлайн жыйын куруп, аларга бир катар тапшырмаларды берди. Жыйында пандемия учурунда бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу сунушталды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтердин мөөнөтүн автоматтык түрдө узартууну тапшырды.

Мамлекет башчысы бүгүн, 8-апрелде, губернаторлор менен онлайн жыйын курду.

“Учурда жарандар ар кайсы инстанцияга кайрылып, бюрократиялык тоскоолдуктарга убактысын кетире албайт. Буга байланыштуу өкмөткө паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башка документтердин мөөнөтүн автоматтык түрдө үч айга чейин узартуу механизмин иштеп чыгууну сунуштайм”, - деди Путин.

Эске салсак, коронавирус инфекциясынын жайылуусун ооздуктоо максатында алгач Россияда март айынын аягы жана апрель айынын башында бир апталык дем алыш жарыяланган. Кийин президент анын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0