Путин: ата-энеси жумушсуз калган үй-бүлөдөгү ар бир балага акча чегерилет

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТрансляция совещания президента РФ В. Путина с руководителями субъектов РФ
Трансляция совещания президента РФ В. Путина с руководителями субъектов РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус инфекциясынын жайылуусун ооздуктоо максатында алгач Россияда март айынын аягы жана апрель айынын башында бир апталык дем алыш жарыяланган. Кийин президент анын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узарткан.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Пандемияга байланыштуу ата-энеси убактылуу жумушсуз калган үй-бүлөдөгү жашы жете элек ар бир бала үчүн ай сайын үч миң рублдан төлөп турууну РФ лидери Владимир Путин өкмөткө сунуштады.

Белгилей кетсек, Путин бүгүн, 8-апрелде, губернаторлор менен онлайн жыйын курду.

“Убактылуу жумушсуз калган ата-энелердин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү зарыл. Учурда жумушсуздук боюнча балалуу үй-бүлөлөргө атайын төлөмдөр каралган. Бирок, мындан сырткары, үч ай бою ар бир жашы жете элек бала үчүн үч миң рублдан төлөп турууну сунуштайм”, - деди мамлекет башчысы.

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда 8672 адам коронавируска кабылса, 580 адам сакайып кетти. Ал эми 63 киши илдеттен көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0