Таиландда аял экинчи ирет коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / STRINGERАялдын температурасын өлчөп жаткан медицина кызматкери. Архив
Аялдын температурасын өлчөп жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келин чет өлкөдөн Таиландга марттын башында келип, 12-мартта Бангкоктун ооруканасына кайрылган. Дарыгерлер андан коронавирус аныктап, бейтап шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки жумадан ашык дарылангандан кийин аял айыгып чыккан.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Таиланддын жараны экинчи ирет коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Ал бул вирустан бир жума мурда эле айыгып, ооруканадан чыккан. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, келин чет өлкөдөн Таиландга марттын башында келип, 12-мартта Бангкоктун ооруканасына кайрылган. Дарыгерлер андан коронавирус аныктап, бейтап шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки жумадан ашык дарылангандан кийин аял айыгып чыккан. Акыркы анализдери коронавирус жок экендигин көрсөткөн.

"38 жаштагы аял марттын аягында кичи мекени Чайяпхумга барып, 4-апрелде ооруп калып кайра дарыгерге кайрылган. Медиктер андан тест алганда коронавирус инфекциясы табылган. Аял аймактык ооруканага кайра жаткырылып, азыркы тапта дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Чайяпхум аймагындагы Саламаттык сактоо департаментинин башчысы Ватчира Ботпхибун бул таң калычтуу учур экенин, бирок келиндин илдети дарыгерлер жана медициналык документтер тарабынан тастыкталганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0