Нефть казуучу станция. Архив

Мунай рыногун бирге сактайлы: АКШ да мунай казууну азайтат

157
(жаңыланган 23:37 09.04.2020)
ОПЕК+ өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин бүгүнкү кеңешмеси альянстын тарыхындагы эң маанилүү жыйындардан болорун жазат РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Максим Рубченко.

Кеңешменин башкы темасы — бир нече апта аралыгында эки эсе түшүп кеткен баанын ылдыйлашын токтотуп калуу үчүн мунай казууну кыскартуу. Бирок өзгөчө макулдашууларды күтүүнүн кажети жок.

Араб амалкөйлүгү

Мунай казууну суткасына он миллион баррелге азайтуу макулдашылганы менен талкуу курч жүрүшү мүмкүн. Сауд Аравия өз өндүрүшүн үч миллион баррелге кыскартууга даяр, ал эми БАЭ, Ирак жана Россияга бир жарым миллионго азайтууну сунуштоодо.

Бир караганда бул Россияны толук канааттандыргандай: ОПЕКтин алдыңкы белгилеринин деңгээлинде саудиялыктарга караганда эки эсе аз. Демек, мунайдын дүйнөлүк рыногунда Россиянын үлүшү кемибейт.

Бирок арабдар Москвага амал курушкан. Себеби эсеп кен казуунун азыркы деңгээли боюнча жүргүзүлөт, ал эми ОПЕК өлкөлөрү өндүрүштү апрелде кескин түрдө өстүргөн.
Анын ичинде Сауд Аравия 2,5 миллион баррелге көбөйткөн. Ошентип, Эр-Рияд убада кылган үч миллион болгону жарым миллионго айланат.

БАЭ кен казууну миллион баррелге, Ирак 200 миңге жогорулаткан. Ал эми Россия марттагы деңгээлин сактап калган. Натыйжада Москва ОПЕК+ боюнча өнөктөштөрүнө караганда жүгүртүүдөн бир жарым миллион баррелди алып салууга жана картелге рыноктун бөлүгүн бошотуп берүүгө аргасыз болот.

Москва муну жакшы түшүнүп турат, ошондуктан бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө Россиянын башкы талабы — мунайдын март айындагы көлөмүнөн да кыскартуу. Саудиялыктар буга көнбөдү, мындан улам ОПЕК+ жаңы келишимин түзүү шансы жокко эсе.

Жума күнгө дейре жашайбыз

Баары бир туңгуюктан чыгууга жол бар. ОПЕК+ катышуучулары эң оболу өндүрүшүн көбөйткөндөн көбөйтүп эле келе жаткан америкалыктарга рынокту бошотуп берүүдөн чочулашат.

Эгер АКШ мындан аркы экспансиядан карманууга милдеттенме алса, баары кыйла жеңил болмок. Бирок Вашингтон ОПЕК+ сүйлөшүүлөрүнө катышпайт.

Ошентсе да АКШнын Энергетика министри Дэнни Бруйетт эртеңкиге белгиленген “Чоң жыйырма” өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин жыйынына катышат. Дал ошол чогулушта мунай рыногун турукташтырууга өбөлгө болгон чечимдерди кабыл алууга болот.

Вашингтон жеке мунай ишканаларына канча мунай өндүрүүгө көрсөтмө берүүгө акысы жок экенин эбак эскерткен. Дональд Трамп белгилегендей, мында баарын “сунуш менен суроо-талап” аныктайт.

"Бул автоматтык түрдө жүрөт, — деп түшүндүрдү дүйшөмбүдө америкалык президент. — Америкалык компаниялар өндүрүштү кыскартууну олуттуу башташкан".

Чындап эле шейшембиде ExxonMobil капиталдык салымды 30 пайызга кемитерин жарыялаган, бул негизинен сланецтик кендердин эсебинен келерки жылы мунай казууну суткасына 100-150 миң баррелге төмөндөтөт.

Chevron инвестицияларды 20 пайызга кыскартууну пландады, анын ичинде сланецчилерди да каржылоодон баш тартууда (аларга эки миллиард доллар багыттоо болжонгон).

Мындан Continental Resources ири сланецтик компаниялардын бири да четте калбады. "Мунай жана мунай өндүрүмдөрүнө болгон глобалдык талап COVID-19дун айынан 30 пайызга түштү. Андан улам апрель жана май айларында ушунча көлөмгө азайтабыз", — деп билдирди аткаруучу директору Билл Берри.

"Америкалык мунай өндүрүшү ОПЕК+ өлкөлөрүнүн талабындагыдай кен казууну кыскартууга киришти, — деп Twitter баракчасына Bloomberg басылмасынын энергетика боюнча белдүү кабарчысы Жавье Блас жазды. — Албетте, мунун баары капиталдык чыгымдарга карата төмөн баалардын таасири менен түшүндүрүлөт. Бирок ОПЕК+ уюмунун көңүлүнө бул толук төп келгендей".

Шаршембиде АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгы быйыл мунай казуу божомолун түзөттү: суткасына 12,99 эмес, 11,8 баррелге азайтат. Кызыгы, ОПЕК+ уюмуна катышкан шартта америкалыктар дал ушул көлөмдөгү (1,2 миллион баррелдин тегерегинде) кыскартууга бармак.

Эгер жума күнү макулдаша алышпаса, рынокко катуу доо кетет. "Биз Brent апрелде баррелине он долларга түшөт деген ойдобуз, экинчи кварталда да ушундай эле деңгээлде калышы ыктымал", — дейт IHS Markit аналитикалык компаниясынын энергетикалык консультациялар боюнча вице-президенти Виктор Шум.

Fitch рейтинг агенттигинин аналитиктери пессимисттик маанайда, алардын божомолу боюнча кара алтындын баасы баары бир болушунча түшөт.

157
Белгилер:
баа, АКШ, ОПЕК, Мунай, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Россия
Тема боюнча
Мунай боюнча ымалага келүүгө баарынан көп Трамп кызыкдар. Пикир
Рынок көтөрө алабы? Норвегия мунай казуунун көлөмүн көбөйтөт
Белоруссияда нааразычылык акциясынын катышуучулары

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

22
(жаңыланган 16:39 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

22
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

123
(жаңыланган 13:28 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Белоруссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

123
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика