Коронавирустан корккон үй-бүлө 3 баласы менен токойго качып кетти. Россиядагы окуя

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүТокой. Архив
Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полицияга үй-бүлө кожоюнунун эжеси кайрылып, иниси балдарын алып токойго кеткенин кабарлаган. Укук коргоочулар аларды таап келишти.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунда үч балалуу үй-бүлө коронавирустан аман калуу амалын издеп, токойго качып кеткен. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Полицияга үй-бүлө кожоюнунун эжеси кайрылып, иниси балдарын алып токойго кеткенин кабарлаган.

Полиция он, сегиз жана төрт жаштагы балдары бар үй-бүлөнү бир күндөн соң токойдон таап, үйүнө алып келген.

"Үй ээси коронавирустан коркуп, балдарын эч ким барбаган токойдо сактап калайын деп пландаган. Биринчи түнү алар ачык асман алдында укташкан. Жанына бир аз тамак-аш жана телефон алып алышкан экен. План боюнча атасы тамак-аш түгөнгөндө үйүнө каттап турмак", — деп жазылат кабарда.

Дарыгерлер балдарды текшерип көрүп, ден соолугу таза экенин аныкташты. Болгону биринин денесине кене жабышып алган.

Бөбөктөр убактылуу социалдык коргоо борборуна жаткырылып, ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Россияда коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү. 9-апрелдеги маалыматка караганда, өлкөдө вирус жуктургандардын саны 10 миңден ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0