ОПЕК уюмунун Венадагы кеңсеси. Архив

Мунай казуу азаят! ОПЕК+ кызматташтык тууралуу декларация кабыл алды

210
(жаңыланган 10:35 10.04.2020)
Бейшемби күнү мунайды экспорттогон өлкөлөрдүн башын бириктирген эл аралык уюмдун (ОПЕК+) тогузунчу жыйыны өтүп, маанилүү делген декларацияга кол коюлду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. ОПЕК+ кызматташтык тууралуу декларацияны кабыл алды. Бирок Мексика өзүнүн квотасы менен макул болушу керек деген шарт коюлду. Документте 2018-жылдын октябрынан берки мунай казуу деңгээлин үч этап менен азайтуу каралганын РИА Новости жазды.

Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн башын бириктирген эл аралык уюмдун (ОПЕК+) тогузунчу жыйыны кечээ, 9-апрель күнү, видеоконференция форматында өттү. Кеңешменин башкы темасы бир нече апта аралыгында эки эсе түшүп кеткен баанын ылдыйлашын токтотуп калуу үчүн мунай казууну кыскартуу болду.

"11 сааттык талкууда "Кызматташтык тууралуу декларация" кабыл алынды. Мында Мексика сунушталган көлөмгө макул болот деген шарт коюлган. Жаңы документ боюнча, мунай өндүрүүнүн суткалык көлөмүн 2018-жылдын октябрынан берки деңгээлинен үч баскыч менен азайтуу каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин РИА Новостиге ишенимдүү адамдар отурумдан Мексика делегациясы чыгып кеткенин билдирген. Аларга келишимдеги талаптар жаккан эмес. Бирок ОПЕК+ өлкөлөрү Мексиканы жума күндөгү жыйынга катыштырып, мунай казууну азайтуу боюнча келишимге макул кылдырууга ниеттенип жатат.

Азербайжандын Экономика министрлиги белгилегендей, ОПЕК+ өлкөлөрү менен кызматташтык декларациясы күчүнө кирген учурда мунайдын суткалык казуусу май-июнь айларында 10 миллион баррелге азаят. Тагыраагы, 2018-жылдын октябрынан берки деңгээлинен 23 пайызга түшөт.

Ошондой эле ушул жылдын июль-декабрь айларында мунайдын суткалык казуусун 8 миллион баррелге, ал эми 2021-жылдын январынан 2022-жылдын апрелине чейин 6 миллион баррелге азайтуу макулдашылган. Бул убакыттарда ОПЕК өлкөлөрү үчүн өндүрүш милдеттенмелери 3,651 миллион долларды түзсө, уюмга кирбегендердики 2,394 миллион баррелди түзөрү айтылат.

Талкуу кайрадан бүгүн G20 форматынын базасында уланат.

210
Белгилер:
декларация, келишим, казуу, Мунай, ОПЕК
Тема боюнча
Бутуна тура баштаган Кытай Россияга мунай согушун жеңүүгө жардам берет
Россия, ОПЕК жана АКШ тартипти жаңылоого камынуудабы?
Эртең мененки тамак. Архивдик сүрөт

Эртең мененки тамактын курамында эмне болушу зарыл. Адистин кеңеши

9
(жаңыланган 09:22 13.08.2020)
Адистин айтымында, эгер белок жетиштүү көлөмдө болбосо углевод менен майдын нормасы ашып кетип, организмди ашкере зыянга учуратат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Эртең мененки тамактын курамында белок да, углевод да болгону жакшы. Бул тууралуу диетолог Юлия Чехонинанын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Адистин пикирине караганда, нанүштө көндүм болгон бир эле эмес, ар кыл даамдан турганы оң.

Эт жегендер менен андан баш тарткандардын кимиси узак жашайт. Адистин аныктамасы

"Углеводдон адам күч-кубат алат, бирок белок да сөзсүз болушу керек. Белок жетишпесе организм углевод менен майга толот", — деди Чехонина.

Диетолог мындай көрүнүш адамдын семирип кетүүсүн шарттай турганын кошумчалады.

9
Белгилер:
диетолог, организм, белок, тамак
Тема боюнча
Окумуштуулар диабет илдетине чалдыккандарга пайдалуу тамактарды сунуштады
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы
Башын кармаган аял. Архивдик сүрөт

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

40
(жаңыланган 08:47 13.08.2020)
Вирус борбордук нерв системасына доо кетиргенде адам жыт менен даамды билбей калары айтылат. Кээде оорунун мээге таасиринен улам адам инсультка кабылат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жаңы коронавирус дем алуу жолдорун гана эмес, мээ менен борбордук нерв системасын да жабыркатат. Бул тууралуу педиатрлар союзунун президенти Лейла Намазова-Баранова айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Жадагалса COVID менен жеңил түрдө ооруган кишинин да мээсинин түзүлүшүндө өзгөрүү болот. Буга адамдын жыт менен даамдын сезбей калышы айкын мисал. Демек, борбордук нерв системасына доо кеткен болот", — деген дарыгер.

Дарыгердин айтымында, мындай өзгөрүүгө вирус кандайча шыкакчы болорун так айтуу кыйын. Ошондой эле адамдын каны өтө коюуланып, кычкылтек жетпей калган маалда мээге катуу күч келип, ишемиялык же геморрагиялык инсульт болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя

Макалада айтылгандай, буга чейин неврология жаатындагы АКШлык окумуштуулар анализ жүргүзүшкөн. Натыйжада катышуучулардын жарымында неврологиялык симптомдор болгон. Тагыраагы, башы ооруп, айланып, эске тутуусу начарлап, оюн топтой албай, калтырак басып, жыт-даам сезбей калышкан.

40
Белгилер:
оору, симптом, жыт, нерв, мээ, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID кандай учурда адамдын жанын алары аныкталды