“Боорукердик вирусу” зарыл. Евразиялык коомчулук коронавируска каршы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДезинфекция дорог и тротуаров в Москве
Дезинфекция дорог и тротуаров в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык мамлекеттердин бардыгы, ЕАЭБ жана ОДКБ мүчөлөрү коронавирус эпидемиясынын жалпы чакырыгы менен бет келишип турган чагы.

АКШ жана Евробиримдиктин тажрыйбасынан биз көрүп тургандай, бул коркунуч саламаттык жагынан да, узак мөөнөттүү экономикалык өзгөртүү боюнча да эң өнүккөн мамлекеттердин дагы айласын кетирүүдө. Жалпы абалга Евразия аналитика клубунун башчысы Никита Мендкович саресеп салды.

Союздаш өлкөлөр курч көйгөйлөрдү бири-бирине жардам берүү менен чогуу чечүүгө тийиш. Бүгүн, 10-апрелге, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин пандемияга каршы күрөшүү чараларын макулдашуу жана экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча жыйыны пландалган. ОДКБ өлкөлөрүнүн ортосунда дайым консультациялар жүргүзүлүүдө.

Бирок чыныгы иш кандай? Ийгилиги, ийгиликсиз тарабы кандай? Жагдай жөнүндө атайын Sputnik үчүн Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович айтып берди.

Вируска каршы күрөш

Накта медициналык көйгөйлөрдү чечүү – КМШ өлкөлөрү үчүн өтө кыйчалыш маселе. 1990-жылдар медицинаны чабалдатты, экономиканын солгундашы өнүгүүгө бөгөт болду. Натыйжада көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде жетишерлик бай саналган Казакстан да эпидемияга даяр эмес болуп чыкты. Ал тургай, бул коңшу мамлекет кечээ жакында эле Россияга гуманитардык көмөк сурап кайрылды.

Пекиндин тургундары шаардын борборунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дан жабыркагандарга Кытай 4 трлн. доллар төлөсүн! Британияда коюлган талап
Россиялык фактор өзгөчө маанилүү, анткени дал ушул өлкө алдыңкы медицинасын жана биологиясын сактап кала алган, ал эми анын профилдик жабдыктарын азыр АКШ да сатып алууда.

Кыштын аяк ченинде эле Москва Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан, ошондой эле КМШнын айрым өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоо үчүн тест-системаларды жана тийиштүү химиялык реагенттердин запасын тапшырган. Кыргызстан Москвадан республиканын дартты аныктоо каражаттарына болгон керектөөнү толук жапкандай өлчөмдө – 7,5 миң тест-системаны алганын жарыялаган.

Андан сырткары, Россияда коронавируска каршы вакцинанын үч прототиби түзүлүп, алар май айында сынала баштамакчы. Бул ишке белгилүү "Вектор" (Новосибирск) жана бир катар башка илимий борборлор катышууда. ОДКБ жана ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн изилдөө институттарына Россия изилдөө жана вакцинаны киргизүү иштерине катышууга мүмкүндүк түзүп берүүгө даяр. Обочолонуу процесстерин жөнгө салууда да жардамдашышы ыктымал. Россиялык "Яндекс" сутка ичинде адамдардын активдүүлүгүнө көз салуу тутумун иштеп чыкты ("Өз алдынча обочолонуу индекси"), учурда ал россиялык шаарларда ишке кирди, ошондой эле Минск, Ереван жана Нур-Султанда сынамык эксплуатациядан өтүүдө. Келечекте долбоор кеңейтилиши мүмкүн жана коңшу мамлекеттердеги эпидемияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоого жардам берет.

Италияга көрсөтүлгөн россиялык аскердик медиктердин ыкчам көмөгүндөй вариант талкууланууда, бирок азырынча евразиялык блоктун бөлөк мамлекеттери өз күчү менен жеңүүгө тырышууда. Казакстан эпидемияга каршы күрөштө келечекте өз бөлүктөрүн  ишке тартуу үчүн резервисттерин мобилизациялоого чейин барды.

Баарынын милдети — эпидемияга туруштук берүү

Алдын алуу чаралары менен евразиялык мейкиндикте эпидемиянын түз залакасы ооздукталды, бирок айрым аргасыз кадамдар эл аралык соода, анын ичинде эң зарыл товарларды жеткирүүгө зыян келтирди. Пандемия азык-түлүк жеткирүү чынжырчасын үзгүлтүккө учуратып, "каатчылык спиралын" баштап туру. Бул көйгөй – ЕАЭБ карап, чече турган маселе. Негизинен Евразиялык комиссия тарабынан аймакта таңсыктык жаратпаш үчүн үчүнчү өлкөлөргө бир катар азык-түлүк товарлары, анын ичинде ун жана майда дан азыктарын экспорттоого чектөө койду. Бул чектеш мамлекеттерде, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстанда тынчсызданууну жаратты. Бирок жергиликтүү бийлик чекене баалар өсүп жатса да азырынча өз запастары менен эбин табууда.

Дезинфекциялоо иштер учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму киргизилген чектөөлөрдү эрте албоого чакырды
Негизги жетишкендик – жүргүнчү ташууга чектөө киргизилгенине карабастан, жүк ташуу уланып жаткандыгы. Мамлекеттик кызматтар жана бизнес өкүлдөрүнүн иши темир жол, суу багыттары жана автомобилдик жүк ташуу бөлүгү боюнча каттамдарды улантууга шарт түздү. Бул жергиликтүү үзгүлтүктөргө карабай ЕАЭБдин бардык жактарына азык-түлүк жеткирүүнү сактоого шарт түзөт.

Россиянын майда дан азыктарын экспорттоого тыюу салууну алып салышы, ошондой эле бир катар азык-түлүк товарларын чыгарууну чектесе да, Казакстандай толук токтотпогону чоң жаңылык болду. Бийлик агроөнөр жай комплекси эпидемияга карабай тынымсыз иштеп, айдап-себүү иштерин жүргүзүүдө. Азык-түлүктү ташууну токтотпоону Белоруссия да убада кылган.

Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде “жабылып алган” Казакстан да россиялык эт жана балык азыктарын, кант жана айрым азык-түлүк товарларын ташуудан көз каранды. Казакстандын тышка азык-түлүк ташууну токтотконун эске ала Россия бир катар евразиялык рынокту дан менен толтурууга тийиш.

Суроо-талап кескин өскөн медициналык бет кап жана айрым препараттар жаатында жагдай татаал, бирок жалпы аракеттер менен көйгөйлөр тез арада чечилерине үмүт бар. Мындан тышкары, Кытайдан ташып келүү кырдаалды жакшыртууда. Өз кезегинде бул держава эпидемиянын баштапкы баскычында көрсөтүлгөн көмөк үчүн Москвага ыраазы жана ыраазычылык иретинде жардамдашууга аракет кылууда.

Эмгек, жумуш көйгөйү

Вирус ЕАЭБдин дээрлик бардык өлкөлөрүндө эмгек рыногун да кыйгап өтпөдү. Тейлөө тармагындагы көп ишканалар ишмердигин убактылуу токтотту, транспорттук каттамдар кыскарды, компаниялардын бир тобу иштеген жок. Айрыкча, оор кырдаалга мурдагы союз аймагындагы эмгек мигранттары тушукту, алар ишинен айрылды, мекенге кайтар жолу да жабык.

КМШ өлкөлөрүнүн көбү өз жарандарын эвакуациялоо боюнча кеңири операцияларды Россия сымал жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. РФ 23-марттан бери чет өлкөдө эс алып жана иштеп жүргөн 330 миң жаранын алып келди. Россиянын аэропортторунда Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жүздөгөн жарандары калды, аларды улуттук авиакомпаниялар рейстердин кыскарышы жана билетке суроо-талаптын өсүшүнөн улам мекенге жеткире албайт. Элчиликтер чартердик рейстерди уюштурууда, бирок азырынча мынчалык чоң агымды чыгарууга чама-чаркы жетпейт.

Трейдер в медициналык бет капчан биржда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө экономикалык кризиске даяр болушу керек! Россия менен Кытайдын божомолу
Россия бийлиги бул көйгөйдү азайтууга тырышууда. РФ ИИМи мигранттын аймактык органдарга арызы аркылуу Россияда жүрүшүнө уруксатты автоматтык түрдө узартарын жарыялады. Мөөнөттү бузуу үчүн айыптар аргасыз жагдайга байланыштуу жоюлду. Бирок четөлкөлүктөрдүн турак жай жана иш маселесине байланышкан бардык көйгөйдү бийлик чече албайт.

Реалдуу өндүрүш тармагында иштегендер баарынан аз жабыркады. Бир катар компаниялар, анын ичинде азык-түлүк саткан дүкөндөр, курулуш, агрардык жана өнөр жай ишканалары иштөөдө. Катаал чектөөлөр киргизилген жерлерде алардын кызматкерлерине уруксат кагаздары берилүүдө. Бирок кафе жана чач тарачтар жабылууда, ал эми такси кызматына суроо-талап кескин түштү.

Өлкөдө мыйзамдуу эмгектенген мигранттар, айрыкча ЕАЭБ аймагынан келгендер да россиялыктар үчүн каралган социалдык коргоо чараларынын көбүнөн пайдаланып жана обочолонуу режими аяктаганда ишинин кайра жанданышына үмүт арта алат. Бирок расмий түрдө ишке орношпогон жана азыраак топтогон тыйыны жок адамдар оор турмуштук абалга кабылды, бул ар бир өлкөнүн жоопкерчилигинен тыш.

Каатчылык маалында эл арасында өз ара жардамдашуунун күч алышын, журналисттер атап алгандай, “боорукердик вирусун” карапайым адамдар гана мындайда чоң иштерди аткара алат. Россиялык басылмалардын бири Москвадагы кафенин ээси, кыргызстандык Анзират деген кыздын баянын жазды. Өзү москвалыктардын боорукердигин көрүп, карантин убагында ижара акысын төлөө мөөнөтүн узартууга макулдашкан Анзират турак жайсыз калган кызматкерлерине жабык кафесинин имаратында жашап турууга уруксат берген. Аларга азык-түлүк менен көмөктөшүп, өз ара жардамдашуу долбоорлорун ишке ашырууга кыргызстандыктарды социалдык медиа аркылуу уюштурууга аракеттенүүдө.

Мындай жардам жана жакының кабылган оор кырдаалды түшүнө билүү – коронавирус каатчылыгынын көп кесепеттерине берилчү анык айбат.

Дагы эмне кылуу зарыл?

Каатчылык жок дегенде андан чыгууга чейин кызматташуунун жаңы механизмдерин жаратуу зарылдыгын көрсөттү. Эң оболу, кеп азык-түлүк жана дары-дармек рыногун тескөөдө. ЕАЭБ аймагында эң зарыл товарларды сатууну чектөөнү болушунча азайтуу жана таңсыктык тобокелин жоюу үчүн колдо болгон запасты, өндүрүш көлөмүн жана ар кыл сценарийде керектөө деңгээлин реалдуу баалоо абзел. Мурдагы жылдардын тажрыйбасы биримдик негизги азык-түлүк боюнча ички суроо-талапты канааттандыра аларын өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөттү, тек гана ташуу жана сатуу тутумун жөнгө сала билгенибиз оң.

Ситуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда транспорт каттамын чектөөнү кыскартуу үчүн карантиндик талаптарды синхрондоштуруу да – маанилүү чара. Алар мамлекеттердин ичиндеги административдик чек араларга караганда жеңилирээк болушу зарыл.

Илдет жуктургандардын өсүшүнө жол бербөө үчүн карантиндик чараларды кыска мөөнөткө жалпылай катаалдатуу, андан соң атайын виза жана медициналык кызматтардын тутумун пайдалануу менен болсо да акырындап авиакаттамдарды жандандыруу эң туура вариант болмок.

Эмгек рыногунда иштин ийкемдүүлүгү зарыл. Россияда обочолонуу шартына ылайык айрым ишканалардын жабылышынын айынан үйгө товар жеткирүү менен алектенген компаниялар кошумча кызматкерлерди алууда. Медициналык объектилердин курулушунда жумушчуларга суроо-талап жогору бойдон. Сезондон улам айыл чарба жаатында да иш орундары көбөйүшү күтүлүүдө. ЕАЭБ алкагында эмгек рыногундагы өзгөрүүлөрдү кабарлап тургудай борборлоштурулган маалымат тутумун түзүү керек. Аны ачууга мигранттар жашаган өлкөлөрдүн бийлиги, бир топ мезгилден бери аларды ишке орноштуруу көйгөйлөрүн чечүүдөн тыш калып келген элчиликтер катышууга тийиш.

Жалпы коркунуч туулуп турганда өкмөттөрдөн да, карапайым жарандардан да жөнөкөй эле жардам, коронавируска каршы “боорукердик вирусу” чоң мааниге ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0