COVID-19: миллиардер Жек Манын фонддору КРге 255 миң долларлык жардам берди

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүКытайлык миллиардер Жек Ма
Кытайлык миллиардер Жек Ма  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жуумп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Алибаба" жана "Жек Ма" фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө жалпы суммасы 255 миң доллардан ашкан гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жүк Кытайдан бүгүн, 10-апрель күнү, чартердик каттам менен "Манас" эл аралык аэропортуна келди.

"Гуманитардык жардам "Алибаба" жана "Жек Ма" фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 800 миң юанды (255 миң доллардан ашык) түзгөн коргоочу костюм, бет кап, термометр өңдүү каражат түрүндө келди. Жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Жардам Тышкы иштер министрлиги, Кытайдагы кыргыз элчилиги жана ШКУ катчылыгынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде аталган эки фонд аркылуу ишке ашырылганы белгиленди.

Кыргызстандагы коронавирус

Люксембург шаарындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Европа банкынан 150 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүп жатат
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жуумп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0