ОПЕК+ акыркы чечимге келди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота нефтяных станков - качалок
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын Мунай министрлигинен альянстын катышуучулары май-июнда 9,7 миллионго кыскартуу боюнча макулдашуу болгонун тактаган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. ОПЕК+ акыркы чечимге келди деп билдирген Кувейттин мунай министри Халед аль-Фадыль Twitter баракчасына. Бул турасында РИА Новости жазды.

Эль-Кувейттин өкүлү муну тарыхый макулдашуу деп атаган. Ал 1-майдан тарта мунай өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы суткасына он миллион баррелге жакын болорун айткан.

ОПЕК уюмунун Венадагы кеңсеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай казуу азаят! ОПЕК+ кызматташтык тууралуу декларация кабыл алды
Ирандын Мунай министрлигинен альянстын катышуучулары май-июнда 9,7 миллионго кыскартуу боюнча макулдашуу болгонун тактаган.

ОПЕК+ буга чейин макулдашуусунун аягына чыга албай жаткан Мексика келишимге катышууга макулдугун берген.

Марттын башында макулдашууну узартуу боюнча да, мунай өндүрүүнүн параметрлерин өзгөртүү боюнча да макулдаша албай жаткан.

1-апрелден тарта альянстын бардык катышуучуларынын бүт милдеттенмелери алына тургандыгы маалым болгондо, Сауд Аравиясы аталган продукцияны өндүрүүнү көбөйтүп, баасын түшүрүү боюнча жар салган.

Андан кийин эле жаңы келишим боюнча тараптардын сүйлөшүүсү башталган. Россиянын Энергетика министри Александр Новак макулдашууга 23 мамлекет катыша тургандыгын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0