Айла кеткенде: Гонконгдогу мейманкана роботту кызматка алды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГорода мира. Гонконг
Города мира. Гонконг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Робот бөлмөлөргө тамак ташып бере алат. Жакында өзүнө окшогон эки кесиптеши пайда болот. Алардын ар биринин баасы 100 миң доллардан жогору.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Гонконгдо кишилердин бири-бири менен байланышын азайтуу максатында конокторду робот тейлей баштады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости жазды.

COVID-19 пандемиясынын айынан учурда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө адамдардын карым-катышын азайтууга аракеттер көрүлүп жатат.

“Бул үчүн L'hotel Grou мейканканасы Genie деп аталган роботту кызматка алды. Ал 432 бөлмөдөгү конокторду тейлеп жатат. Genie иштей баштагандан бери коноктор өзгөчө кызматкер менен сүрөткө түшүү үчүн атайын бөлмөлөрүнө тамак-аш алдыра баштады. Күнүнө ага 130-150 заказ түшөт”, — деп айтылат кабарда.

Киши жумуш боюнча видеоконференцияда катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет
Ар бир чакырууда кызматкер анын атайын “баштыгына” конок сураган тамак-ашты салып, барчу бөлмөнүн номерин белгилеп жөнөтөт. Ашканадан чыккан соң робот лифтти өзү чакырып, керектүү бөлмөнү таап, андагылар тамактарды алып алгыча күтүп турат. Ар бир кайтып келген соң аны дезинфекциялап чыгышат.

Маалыматтарга карганда, жакында дал ушундай дагы эки робот ишке берилет. Алардын ар биринин баасы 100 миң доллардан жогору.

Адистердин айтымында, коронавирус пандемиясы унутта калгыча, тагыраагы, дагы беш жылдай мейманкана бизнесинде мындай роботтор өтө популярдуу болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0