Дарыгер: чылым чеккен адамга коронавирус жукса, ал эки эсе кыйналат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПепельница с окурками
Пепельница с окурками - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, 5–6 жыл чылым чеккен адамда бери дегенде өнөкөт  бронхит пайда болот. Бул вирустун пневмонияны козгошуна эң жакшы шарттарды түзүп берет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Чылым чеккен адамга коронавирус жукса, илдет башкаларга салыштырмалуу татаалыраак өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиядагы Блохин атындагы онкологиялык борбордун бөлүм башчысы Владимир Левшин Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.

“Чылым чеккен адамдын өпкөсүндө ар кандай оорулар пайда болот. Булар коронавирус жуккан учурда ого бетер козголуп, организмдин вирустан арылышына бир топ тоскоолдуктарды жаратат”, — деди дарыгер.

Ресторандагы кардарлар алкоголь ичимдиктерди кармап турушат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Нарколог: арак ичкенден кийин адамга коронавирус бат жугат
Ал кошумчалагандай, 5–6 жыл чылым чеккен адамда бери дегенде өнөкөт  бронхит илдети пайда болот. Бул вирустун пневмонияны козгошуна эң жакшы шарттарды түзүп берет.

Буга чейин Sputnik спирт ичимдиктерин ичкен адамга коронавирус бат жугары тууралуу жазган. Анда ичимдик иммундук клеткаларды жабыркатып, организмди алсыздандырып коеру айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0