Нидерландыдагы жоогазын талаасы. Архив

Нидерландыда коронавирустун айынан 140 млн. тал жоогазын жок кылынды

Коронавирустун кесепетинен өлкө жүздөгөн туристтерден куру калды. Бул убакта эл Голландиянын жоогазын, нарцисс жана гиацинт гүл талааларын көргөнгө ашыгышчу.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Нидерландыдагы гүл саткан компаниялар коронавирус пандемиясынын шартында кардарлары жок калганы үчүн 400 миллион тал гүлдү, анын ичинде 140 миллион Голландия жоогазынын жок кылууга аргасыз болушту. Бул туурасында New York Times флористтер компаниясынын сатуу менеджери Фреда ван Толага шилтеме берип жазды.

"Бул вирус гүлдүн сатыла турчу мезгилинде абдан жолтоо болду. Төрт жума өттү, товардын айлануусу былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга төмөн", — деген Тол.

Финансылык чыгашаларды гүл өстүргөндөрдөн тышкары гүл саткан дүкөндөр дагы тартып жатканы айтылат. Өлкө жүздөгөн туристтерден да куру калды. Бул убакта эл Голландиянын жоогазын, нарцисс жана гиацинт гүл талааларын көргөнгө ашыгышчу.

Ошондой эле Нидерландыдагы "Кёкенхоф" аталышындагы гүл паркы конокторду кабыл алуудан баш тарткан. Эми ишкана 25 миллион доллар зыян тартышы мүмкүндүгү айтылат. Анткен менен бакчадагылар жерге айдалып, отургузулуп калган гүлдөрдү өстүрүүнү улантып, талаанын кооздугу менен онлайн бөлүшүүдө.

Соңку маалыматтар боюнча Нидерландыда коронавируска чалдыккандардын саны 26 миңге чукулдап, сегиз миңден ашык киши айыкты. Вирустан өлгөндөрдүн саны үч миңге барды.

Белгилер:
коронавирус, жоогазын, гүл, Нидерланды
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1376)
Тема боюнча
Кытай ноябрда коронавирустун жаңы толкунун божомолдоодо
COVID-19дан кийин экономикасын тез калыбына келтирет деген 5 өлкө. Тизме
Эт жеп жаткан адам. Архив

Организмди талкалай турчу азык, суусундуктар. Тизме

Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Диетолог Елена Кален тамактануу рационунан азайта турчу, ал тургай таптакыр эле чийип салчу тамак-ашты санап бергенин РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, биринчи кезекте конфет менен таттуу суусундуктан баш тартуу кажет. Булар ашыкча салмакка, семирүүгө алып келип, канда канттын деңгээлин көбөйтүшү ыктымал.

Жыйынтыгында адам кант диабетине чалдыгышы толук мүмкүн. Ошондой эле таттууну көп жегенде боор жакшы иштебей, тери бузулат.

Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.

Диетолог ичимдикти да тизмеден чийип салууну сунуштаган.

"Ичимдик ичкен адам тез карып, боор, кан тамыр ооруларына чалдыгат. Ичимдик кант диабети, гипертония жана панкреатит илдеттеринин өрчүү тоболкелчилигин жогорулатат", — деген Кален.

Адис кофени көп ичүү да организмди буза турганын айткан. Көпчүлүктүн сүйүктүү суусундугу кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн тез согуусун шартташы ыктымал.

Белгилер:
алдын алуу, дарт, суусундук, азык-түлүк, организм, диетолог
Тема боюнча
Вирусту жолотпойт! С витаминине бай алты азык аталды
Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео