Россия чакан жана орто бизнесте иштегендер үчүн акча бөлөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн жыйын дүйнөнү, анын ичинен Россияны да каптаган коронавирустун алдын алуу жана анын кесепетин жоюу багытында өттү.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коронавирустун жайылышынан жабыркаган чакан жана орто бизнес менен алектенген ишканаларга мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилет. Ал каражатты ишкерлер кызматкерлеринин айлыгын төлөп берүү үчүн колдоно алат. Бул тууралуу РФ жетекчиси өкмөт мүчөлөрү менен видеоконференция өткөрүп жаткан учурда айтты.

“Мамлекеттен жардам суроо процесси болушунча жөнөкөй жана ыңгайлуу болушу керек. Арыздарды кезек күтпөстөн онлайн жиберүүгө шарт түзүү зарыл. Өкмөттү 1-майдан тарта ишкерлердин кайрылууларын кабыл алууга даяр болууга чакырам”, - деди Путин.

Ишканалардагы ар бир кызматкер үчүн бериле турчу кайтарымсыз каражат (минималдуу айлыктын көлөмүндө) 12 130 рублди түзөрү белгиленди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда COVID-19 жуктургандар 24 миңден ашса, алардын 2000и айыгып чыкты. Ал эми 198 адам көз жумду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0