Мода журналдары биринчи бетине медиктерди чыгара баштады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКийи дизайнери коопсуз бет каптарды тигет. Архив
Кийи дизайнери коопсуз бет каптарды тигет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөтчүлөр ооруканалардын унаа токтотуучу жайына барып, медиктерден бир нече метр алыста туруп, 3-4 жолу "чырк" эттирүүгө гана жетишкен. Дарыгерлер ошол замат кайра бейтаптарга чуркашкан.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Апрель айында дүйнөдөгү айрым мода журналдары биринчи бетине адаттагыдай айтылуу моделдерди эмес, катардагы дарыгер кыз-келиндердин сүрөтүн чыгарды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Италиялык Vanity Fair журналынын сыртына пандемиянын эпицентри Бергамо шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген дарыгер Катерина Континин сүрөтү жайгаштырылды.

"Биз азыр журналга жок эле дегенде пандемия бүткөнгө чейин саркеч кийинген жылдыздардын сүрөтүн чыгарууга акыбыз жок", — деди басылманын башкы редактору Симоне Маркетти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Simone Marchetti (@marchettisimone)

Ал эми Grazia журналы өмүрүн тобокелдикке салып жүргөн бир эле эмес, төрт дарыгерди тандап алган. Алар Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматында иштешет.

"Акыркы айларда бир топ эле эр жүрөк адамдарды көрдүк, бирок медиктердин эмгеги өзгөчө", — деди журналдын башкы редактору Хатти Бретт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Hattie Brett (@hattie_brett)

Редакторлордун айтымында, медиктерди сүрөткө тартуу үчүн чыгармачыл топ адаттагыдай жанталашып иштеген жок. Анткени бул жолу студия, атайын жарык, кооз кийимдер жана макияж колдонулган эмес. Сүрөтчүлөр ооруканалардын унаа токтотуучу жайына барып, медиктерден бир нече метр алыста туруп, 3-4 жолу "чырк" эттирүүгө гана жетишкен. Дарыгерлер ошол замат кайра бейтаптарга чуркашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0