Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүУчения системы материально-технического обеспечения Восточного военного округа
Учения системы материально-технического обеспечения Восточного военного округа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин аскердик кемелери жана Аскер-деңиз флотунун суу алдындагы кайыктарынын бортундагы гипер үндүү ракеталык комплекстери Дүйнөлүк океандагы деңиз согушу жана күчтөрдү бөлүштүрүү тактикасын өзгөртөт. Ушул жаатында аскердик баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

"Россия сегодня" агенттигинин маалымат булагына таянсак, Россиянын коргоо-өнөр жай комплексинде деңиз базасындагы "Циркон" гипер үндүү ракетасынын суу алдындагы кайыктын атомдук бортунун алгачкы сыноолору 2024-2025-жылдарга белгиленген.

Ракеталарды 5-муундагы атомдук субмариналарга орнотуу пландалууда, "Циркон" ракетасы "Гранит" жана "Оникс" комплекстеринин кемелерге каршы ракеталарынын ордун алмаштырат. Суу үстүндөгү кемелер пландык режимде гипер үндүү куралды 2022-жылы алышат. Балким андан да эрте болушу мүмкүн. "Адмирал Горшков" фрегатынын бортунан "Циркондун" жакындагы жана алдыдагы сыноолору кемелерге каршы ракеталык жаңы комплекстин сериялык өндүрүшүн тездетет.

Ту-22М3 ультраүндүү бомбалоочу учак-ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кинжал" кайтып келди. Россиянын Ту-22М3 учагын кайра учурушуна эмне себеп?
Бул жогорку технологиялык багытта Россия дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнөн озуп чыкты. Сыноолордун түрмөгү 2016-жылдын жазынан бери уланып келет, ал эми 2017-жылдын апрелинде "Циркон" үндүн ылдамдыгын сегиз эсе жогорулаткан. Сериялык үлгүлөрү 9 "канат кагым" ылдамдыкта (үндүн ылдамдыгынан тогуз эсе тез) экени, мээлегенин 1000 чакырымдан ашуун аралыктан жок кылары белгилүү.

АКШ бул ракетаны өзөктүк коркунучтан коргонуу үчүн "асимметриялык куралды" жаратууда "кванттык секирик" деп жөн жерден атаган жок. Пентагон субмариналар үчүн гипер үндүү ракеталарды 2028-жылы гана алууну пландайт.

Тогуз "канат кагым" ылдамдыкта (10789 км/сааттан жогору) учкан 3M22 "Циркон" ракетага каршы коргонуунун бардык жана перспективдүү тутумдарына тутулбайт. Гипер үндүү курал XXI кылымда согуштун жүрүшү жана бүтүшүн аныктай турган технологияларга кирет. Тынч маалда да россиялык "Циркондордун" согуштук кемелердин сокку тобу жана мүмкүн болгон душмандын туташылышы океан мейкиндигиндеги натыйжалуулукту имитациялоого гана дуушар болот.

"Циркон" гипер үндүү ракеталары жөнөкөй жана катаал аба шартында, күндүз жана түнкүсүн, стационардык жер жана суудагы буталарды (башкаруу пункту, арсенал, аэродромдук жана порттук курулуштар) жок кылууга багытталган, деңиз базасындагы жогорку тактыктагы "Калибр" канаттуу ракеталардын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн толуктайт.

Колдонулушу

Гипер үндүү "Циркон" өзүн бир гана факты менен Россия Федерациясына көзү түз эмес мамлекеттердин аскердик-деңиз күчтөрүнө абадан коргонуу тактикасы жана технологиялардын принципиалдуу өзгөртүүлөрүн таңуулайт.

Россиялык аймактык суулардан коопсуз аралыктын көбөйтүлүшүн аныктайт, орун которуштуруу үчүн операциялык мейкиндикти кыйла кыскартат. "Иджис" тибиндеги ПРО тутумунун пайдасыздыгын түшүнүү экипаждын жоокердик деминин өсүшүн шарттайт.

Аскердик каршы туруу кырдаалында болжолдуу душмандын абадан сокку тобу "Циркон" жете турган аймактын тышында, Россиянын Аскер-деңиз флотунун суу үстүндөгү жана суу алдындагы кемелеринен 1000 чакырымдан ашуун ыраак турушу кажет. "1000 чакырымдан ашуун" деген аралык бул көрсөткүчтөн алда канча алыс болушу да мүмкүн экенин эсепке алуу дурус.

Государственный департамент США  - Sputnik Кыргызстан
Россиянын жаңы куралдарын чектөөгө киргизүүнү сунуштаган АКШ сынга кабылды
Палубалык авиацияга милдетти аткаруу аймагына жана кайра кемеге кайтууга чейинки аралыкта күйүүчү майы жетпей калышы ыктымал. Келечегинде (2025-жылдан кийин) "Циркондор" менен россиялык субмариналардын көрүнбөстүгү бортто потенциалдуу душмандын абадан сокку уруучу топторун Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде бутага иле алат.

Булуттагы "Циркон" плазмасынын көрүнбөстүгү душмандын мизин абадан кайтаруу аймагын саналуу секундаларда жеңүүгө жөндөмдүү, ПВО-ПРО тутумдары бутаны белгилеп жана соккуну чагылдырууга үлгүрбөйт. Британ маалымат каражаттарында россиялык жаңы курал боюнча чочулоолорду билдиришкен. Мисалга, Королдук флоттун ПВО заманбап каражаты 3700 км/саатка жетпей учкан абадагы буталарды атып түшүрө алат, россиялык "Циркон" – токтотулбаган ракета, британ байкоочуларынын пикиринде, "бир сокку менен алты миллиард фунт наркындагы эки жаңы британдык авианосецти жок кыла алат".

Чындап эле гипер үндүү ракетанын ири кинетикалык кубаты эсминец тибиндеги Arleigh Burke ракетасын экиге "бөлүп коюуга" мүмкүндүк берет. Мындай эстен тандырган эффект BrahMos россиялык-индиялык канаттуу ракетасын сыноосунда да байкалган (бир учуш аралыгында үндүн ылдамдыгы үч эсе жогорулаган).

"Циркондордун" учуп келүү траекториясында соккуга кабылыш ыктымалдыгы дээрлик жокко эсе, дүйнөдө бул ракеталарга каршы курал жок. Россиялык гипер үндүү куралдын дүйнө боюнча атаандашы чыга элек. Муну ал түгүл батыштагы изилдөөчү Rand борбору да таанууга аргасыз болду. "Циркон" – бул чакырык таштоо эмес, жооп.

Пентагон бул тармакта артта калып жатканын моюндады. "Ыкчам глобалдык сокку" (Prompt Global Strike) долбоору начарлады, бирок  "чечүүчү жыйынтыктарга жана стратегиялык туруктуулукту калыптандырууга" жетишүү үчүн өзөктүк куралды пайдалануу мурдагыдай эле АКШнын аскердик стратегиясынын негизги элементи катары кызмат кылат. Антироссиялык курс НАТОнун бөлөк өлкөлөрү үчүн да артыкчылыктуу бойдон калууда.

Жогорку технологиялар

"Циркондун" мүнөздөмөлөрүнүн көпчүлүгү купуя. Ачык булактардан белгилүү болгону – ракетанын узундугу – 6 чакты метр, сокку уруучу бөлүгүнүн салмагы – 300 кг. Аны кыймылга келтирүүгө "Гранит" жана "Оникс" кемеге каршы туруучу ракеталарга да колдонулган универсалдык ок атуучу 3С-14 комплекси кызмат өтөйт. Жаңы курал илимий-техникалык көйгөйлөрдүн бүтүндөй комплексин жеңүүдө жаралган. "Циркондун" ракеталык-реактивдүү кыймылдаткыч атмосфералык кислороддун кычкылдандыргычы катары колдонулат. Гипер үндүү аппаратты кадимки күйүүчү май менен жүрчү биз билген реактивдүү кыймылдаткыч менен от алдыруу мүмкүн эмес. Энергия сыйымдуулугу 20 пайызга жогорулатылган принципиалдуу "Децилин-М" күйүүчү майын ойлоп табууга туура келген.

Международный авиасалон Dubai Airshow 2019 - Sputnik Кыргызстан
Россиялык Як-130 менен Ми-38дин артыкчылыгы. Дубайдагы көргөзмө
Гипер үндүү ракеталар +1500 С чейинки жогорку температурада – плазма булутунда аракетке келет (алюминий жана магний эритилет, ысыкка туруштук берчү болот сапаты начарлайт). Мында автоматтык башкаруу тутуму бутасын көрүүгө тийиш, борттук радиоэлектрондук жабдыгы туруктуу иштеп турушу кажет.

Татаал траекторияда тескөө жана канаттуу ракетанын функцияларын сактоо үчүн берилл эритмеси, жаңы абляциялык материалдар, бор жана көмүртектин буласынын негизиндеги композиттер, кыйындык менен эрий турган жабуулардын плазма жалатылышы жана башка космостук технологиялар пайдаланылат.

Гипер үндүү комплекстин иштеп чыгуучусу "Тактическое ракетное вооружение" корпорациясынын курамындагы "НПО машиностроения" аскердик-өнөр жай корпорациясы болуп саналат. Эске салсак, "Циркон" тегин жерден жаралбады, ал BrahMos россиялык-индиялык долбоордун концепциясына шайкеш өнүгүү болуп саналат.

Бул процесс токтобойт. Россиянын 2018-2025-жылдарга куралдандыруу мамлекеттик программасына гипер үндүү куралдардын интеллектуалдык робототехникалык комплекстердин, жаңы жеке принциптердеги куралдардын келечектүү үлгүлөрүн иштеп чыгууну камтыйт.

Албетте, Россия үчүн жогорку технологиялык куралдандыруу тармагында лидерликке жетишүү тар максат эмес. Мисалы, РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-апрелде Москва келечектүү жаңы, анын ичинде гипер үндүү куралды иштеп чыгууда Вашингтон менен диалогго ачык экенин билдирген. Жооп болбоду. Жогорку технологиялык куралдандыруунун жар салынбаган жарышы уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0