Түндүк Кореядан качып чыккан саясатчы Түштүк Кореяда депутат болуп шайланды

© AP Photo / Choi Dong-junүндүк Кореянын мурдагы дипломаты, 2016-жылы Түштүк Кореяга качып кеткен Тхэ Ен Хо
үндүк Кореянын мурдагы дипломаты, 2016-жылы Түштүк Кореяга качып кеткен Тхэ Ен Хо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны белгилүү рэпер PSY ырдап чыккан "Gangnam Style" хитинен кийин атагы чыккан Гангнам аймагынын эли шайлады.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Түндүк Кореянын мурдагы дипломаты, 2016-жылы Түштүк Кореяга качып кеткен Тхэ Ен Хо барган өлкөсүндө парламент депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Джо Байден перепутал жену с сестрой перед избирателями. Видео курьеза - Sputnik Кыргызстан
АКШнын экс-вице-президенти Байден карындашын аялы менен алмаштырып алды
Коронавирус пандемиясы күч алып турганына карабай, Түштүк Кореяда шаршемби күнү парламенттик шайлоо болду. Анда башкаруучу Демократтар партиясы жеңишке жетти.

Түндүк Кореянын мурдагы дипломаты оппозициялык "Бириккен келечек” партиясынан талапкерлигин койгон. Анын электораты борбор калаанын эң бай району Гангнамдын тургундары эле. Белгилей кетсек, бул район дүйнө жүзүнө белгилүү рэпер PSY ырдап чыккан "Gangnam Style" хитинен кийин атагы чыккан. Шайлоодо ага Гангнамдын шайлоочуларынын 58 пайызы добуш берди.

"Түштүк Корея — менин мекеним. Мен Түндүк Кореядан качып келип, депутат боло алган биринчи адаммын. Гангнамдын элине ыраазычылык билдирем жана мекеним үчүн болгон аракетимди кылып, ак дилим менен иштейм”, — деди Тхэ шайлоодон кийин.

Тхэ Ен Хо убагында Түндүк Кореянын Улуу Британиядагы элчисинин кеңешчиси болгон. 2016-жылдын август айында коңшу өлкөгө качып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0