Россиянын гиперүндүү курал системаларын сыноо

РФ гипер үндүү курал боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт. Бир шарт менен

278
(жаңыланган 18:26 22.04.2020)
Дипломат Россиядан чыккан бул системалар жөн салды сүйлөшө турган сөз эмес экенин баса белгилеп, мамлекет тийиштүү шартта диалогдон баш тартпай турганын билдирди.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын гиперүндүү курал системалары боюнча талкуу АКШнын ушул сыяктуу долбоорлорун комплекстүү талдоодон кийин гана ишке ашышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдиргенин РИА Новости жазды.

Мындан тышкары, диалог үчүн глобалдуу ПРО системасы, космоско курал-жарак жеткирүү сыяктуу стратегиялык абалды туруксуздаштырган башка программалар тууралуу да сүйлөшүү зарыл.

Рябков 2019-жылы ДСНВ алкагында америкалыктарга "Авангард" деп аталган блоктуу ракета көрсөтүлгөнүн эске салды. Анын айтымында, эгер "алгачкы он жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин дагы бир нече жылга чейин чабуул койчу курал-жаракты кыскартуу (ДСНВ) боюнча макулдашуу күчүндө боло турган болсо, бул система ушул макулдашуунун ичине кирет".

"Акыркы убакта америкалыктар "экзотикалуу" деп атай баштаган жаңы системаларыбыз тууралуу сүйлөшүүдө биз качпайбыз. Бирок бул система жөн салды талкуулай берчү нерсе эмес экенине көңүл бургум келет", — деди Рябков.

Дипломат диалог үчүн АКШнын комплекстүү сүйлөшүүгө даярдыгы зарыл экенин белгиледи.

"Ушул сүйлөшүүнүн алкагында да биздин башкы максат улуттук коопсуздукту камсыздоо болот. Бул биздин курал-жаракка байланыштуу дегеле кандай иш болсо да биринчи кезекте ойлоно турган маселебиз", — деди Рябков.

СНВ-3 Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектөө боюнча иштеп жаткан жалгыз макулдашуу. Анын алкагында тараптардын ар биринин өзөктүк арсеналын кыскартуусу каралган. Мында жети жылдан кийин жана андан аркы убакытта баллистикалык ракеталардын, суу алдында жүрчү кемелердеги жана ири бомбардирлөөчү баллистикалык ракеталардын саны 700дөн, куралдын бутага таамай тийчү бөлүгүнүн (боеголовка — ред.) саны 1550дөн ашпашы керек.

278
Белгилер:
диалог, АКШ, ракета, курал, Россия, ТИМ
Тема боюнча
Пряник, самоор жана курал-жарак калаасы. Тула шаарынын кызыктары
Аскер эксперти АКШнын Россиядан "шектенүүсү тууралуу": дагы жаза басабы
Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде
Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды

51
(жаңыланган 11:42 05.06.2020)
Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган массалык башаламандык, карактоо жана өрт коюу басылбай келет. Штаттын жарымына коменданттык саат киргизилген, бирок жергиликтүү бийликтин аракети байкалбайт.

Полициянын күчү жетпей барат, вандализм менен мародерлукту токтотуу үчүн Дональд Трамп регулярдык армияны пайдаланууга ниеттенүүдө. Президент үчүн бул канчалык кооптуу экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук сураштырып көрдү.

Кайрадан мыйзам жана тартип

Америкалыктар өлкө башчысынын улутка кайрылуусун күтүшкөн. Бирок президент создуктуруп отуруп, Вашингтондогу витриналар болушунча талкаланган соң, 2-июнда гана элге кайрылды.

"Жорж Флойддун өлүмү көңүл чөгөртөт, — деп баштады ал. — Бирок жаалданган топтун тынч митингди бузушуна жол бере албайбыз. Жабыр тарткандардын көбү — калктын мыйзамга баш ийген жана жакыр катмары. Аларды коргоо үчүн күрөшөм".

"Мен мыйзам жана тартиптин президентимин", — деп белгиледи Трамп. Америкага бул ураан жакшы тааныш. 1968-жылы да кыйын маалда өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Вьетнамдагы согушка каршы массалык демонстрациялар, аялдарды жана расалык азчылыкты колдоо акциялары өтүп жаткан.

Ынды каралардын укугу үчүн күрөшкөн Мартин Лютер Кинг (кенже), андан кийин эл чоң үмүт арткан сенатор Роберт Кеннеди өлтүрүлгөн соң Ричард Никсон шайлоого "мыйзам жана тартип" деген ураан менен чыккан.

"Көйгөйдүн баары чындап эле ынды караларда экенин моюнга алуу зарыл", — деп түшүндүргөн ошол убакта Ак үй администрациясынын башчысы Гарри Холдеман. Ошондон бери "мыйзам жана тартип" дегенди ынды кара америкалыктар полициянын зордугу катары кабыл алат.

Тынч митинг башаламандыкка өтүп кетти

Ушул таптагы окуяларды Трамп ички терроризм деп атады. Улутка кайрылуусунда президент козголоңчулардын колу менен "кыялдары көз алдында талкаланып" жаткан чакан бизнес ээлери боюнча да токтолду. Көчөдөгү мародерлук тууралуу видео далилдер интернетте жайнап кетти. Демонстранттар витриналарды талкалап, товарларды алып чыгып, дубал, каалга-терезелерге чиймелеп кетип жатышат. Мисалы, Санта-Моникада Vans спорттук кийим дүкөнүнөн дээрлик баарын тоноп кетишти.

Fox 11 телеканалынын журналисттери көчөдөгү кишилерден кроссовки салынган кутуларды кайдан алгандарын сурашканда алар унчукпай эле жай өтүп кетип жатышты. Айланада бир дагы полиция кызматкери көрүнгөн эмес.

Ушундай эле нерселер өлкөнүн булуң-бурчунда болуп жатат. Бийликтин вандализмди токтотуу чакырыктары куру эле жаңыргандай. Менчик жайларды тынч демонстранттар жана бизнес ээлери өздөрү коргоп жатышат. Ошол эле Санта-Моникадагы дүкөндөрдүн биринин эшигинде "Зордукту токтоткула" деген жазуу менен бир кыз туруп алган. Аны түртүп салууга аракет кылып, ал түгүл түтөмө шашканы ыргытышкан, бирок кыз корккон эмес.

Көп өтпөй ага "Биз протестке чыктык, мародерлук кылган жокпуз" деген плакат менен ынды кара киши кошулган. Бул жаштар тынч митингди жаманатты кылып жаткан талап-тоноочуларга жолтоо болуу үчүн атайын шаардын борборуна келген.

Вашингтондогу митингчилер

Сан-Диегодогу окуя орус мафиясы тууралуу тамашаны эске салды. Ал жакта мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан келгендер Pushkin аталган ресторанын талоончулардан коргоп калышты. Аталган жайдын кожоюну Айк Газарян өзү аракет кылышы керектигин тез эле түшүнгөн.

"Мендей эле республикачыл маанайдагы (митингчилерден айырмалана – ред. тактоосу) досторум көп. Жекшемби күнү жаман нерселер болорун аңдап баарына телефон чалып чыктым. Жарым саат өтпөй ресторандын алдына чогулушту. Тапанча, курал көтөргөн он эки киши элек. Курал-жарагыбыз расмий катталган, кантип колдонуу керектигин үйрөнгөнбүз. Менчигибиздеги жайларда жеке коргонуу үчүн аларды пайдаланууга укугубуз бар", — деп түшүндүрөт Газарян.

Алар Pushkin ресторанын гана эмес, ага удаа жайгашкан бир нече жайды, анын ичинде улгайган ирактык кишинин да алкомаркетин коргоп калышкан. Өлкөнүн бөлөк бурчунда, тагыраак, Нью-Йорктогу Бруклинде полиция аракет көргөнчө эле шаардыктар топтолуп, тартипти сактоону колго алышууда. "Биз коргоо үчүн чыктык. Расизмге каршы күрөштү жана протест кылуу укугун сыйлайбыз. Бирок үй-бүлөбүз менен жашаган жерди талкалоого эч кимдин укугу жок, — дешет күзөттүн уюштуруучулары Айзек Болтянски жана Дэвид Бродски. — Бизди коргобогон Нью-Йорктун мэрине уят эле".

Карантинден каршылык акциясына карай

Жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине көпчүлүк нааразы. Нью-Йорктун мэри Билл де Блазиону мародерлорду жактоодо деп айыпташууда, өткөндө эле анын кызы көчөдөгү кагылышта кармалды. Штаттын губернатору Эндрю Куомого да ушундай эле күнөө тагышууда. Болбосо жакында эле аны коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө баатыр катары көкөлөтүп жатышкан. Дүйшөмбүдө Де Блазио аскерлерди киргизүү кооптуу, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген ойдо: "Куралдуу күчтөр киши жайгашкан райондорго кирсе, аягы жакшы бүтпөйт". Ошондой болсо да көчөдө полиция санын эки эсеге арттырып, төрт миңден сегиз миңге көбөйтүлдү. Шаарда коменданттык саат жарыяланган.

Улуттук гвардияны киргизүүгө башка аймактар да, негизинен демократтар эч ашыкпайт. Билл де Блазио келтирген аргументтерди Орегондун губернатору Кейт Браун, Иллинойстуку Жей Роберт Прицкер, Неваданыкы Стив Сисолак жана Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер да кайталоодо. Вашингтон штатынын башчысы Жей Инсли аскердик бөлүктөрдү даярдыкка келтиргени менен шаарларга азырынча киргизбеди.

Анткен менен Трамп көчөгө аскерлерди өзү чыгарарын айтып коркутту. Башкы командачы болгону менен президент штаттардын аймагында федералдык куралдуу күчтөрдү өз билгениндей пайдалана албайт.

Бирок ал 1807-жылкы "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга" таянса, Улуттук гвардия анын буйругу менен губернаторлорго карабастан аракетке кирет. Акыркы ирет аны Жорж Буш (улуусу) Лос-Анджелесте төрт ак жуумал полиция кызматкери тарабынан ынды кара киши сабалганда тутанган протест маалында колдонгон.

Бирок губернаторлордун митингчилер менен мамилени курчутпоого аракет кылганында саясий өңүт бар деп эсептейт Америка боюнча саясат таануучу Дмитрий Дробницкий. "Демократтардын башкы милдети – Трамптын экинчи мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө. Протесттер баштала электе адамдарды карантинде кармап турууга мүмкүн болчу. Эми аларга ачуулануу акысын беришти, — дейт ал. — Демократтардын риторикасына ылайык, азыркы президент расист, коомдо жек көрүүнү жаратканы үчүн Трампты элге жаман көрсөтүү керек".

Эгер бүлгүнгө салган ушунча күндөн кийин президент башкарууну Улуттук гвардия менен колго алса, анда саясий упай топтойт. Анда демократтардын айткандары маанисин жоготот. Тартипке салган Трампка добуш беришет", — дейт серепчи.

Өлкөдөгү расалык дискриминацияга байланышкан кырдаал чындап эле үрөй учурарын баса белгилейт саясат таануучу. Протесттен кеп козгогондо муну да унутта калтырбоо абзел.

Демократтар Трамптын натыйжасыздыгын гана көрсөтпөстөн, азчылык арасында шайлоочуларды чочутуп албоого да тырышып жаткандарын айтат РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Калктын ак жуумал эмес катмарынын колдоосунан ажырап калуудан абдан коркушат, дал афроамерикалыктар — шайлоодо Жо Байдендин негизги таянычы болуп саналат", — деп эске салат эксперт.

Анткен менен эки тарап тең кылдын кырында экенин кошумчалайт ал.

"Демократтар токтоо жана оома электоратты чочутуп алууну да тобокелге салып, Трампты жок кылууга аракет кылышууда. Ал эми Трамп дагы зордуктун күч алышына жана дагы көп өлүмгө алып келчү катуу чараларга барууда", — деп түшүндүрөт ал.

Америкалык коомдо ансыз деле жик кеткен. Протесттер тирештин тереңдигин даана көрсөттү. Карапайым адамдар полициянын кордугуна, талап-тоноолорго нааразы. Ал эми демократтар менен республикачылар мурдагыдай эле тил табыша албай келишет.

Жорж Буштун (улуусу) саясий карьерасында "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамдын" ролу кандай болгонун айтыш кыйын. Бирок 1992-жылы өткөн шайлоодо ал утулган. Трамп болсо катаалдыкка басым жасаганы айдан ачык. Эми аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөт.

51
Белгилер:
кайрылуу, Дональд Трамп, шайлоо, тополоң, расизм, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди
Учактагы стюардессалар жүргүнчүлөргө тамак алып келүүдө. Архивдик сүрөт

Учактан оору жуктуруп албаш үчүн эмне кылуу керек. Кеңеш

84
Адистер жүргүнчү оору жуктуруп албаш үчүн иллюминаторго башты, бетти тийгизип, кармалабаш керектигин эскертти.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Авиажүргүнчү учактын ичинен ар кыл вирустан сактаныш үчүн биринчи иретте төбө жагында турган желдеткичти иштетип коюшу керек. Бул туурасында жугуштуу оорулар боюнча адис Марк Жандро Daily Express басылмасына айтып берген.

"Негизи сиз дем алган аба учактын ичинде өзүңүз отурган креслону эсепке алганда экинчиден тарта бешинчи катарга чейинки жерде болот", — деген адис. Андыктан кондиционердин бетти көздөй урган абасы ошол жерге бактериялардын топтолушуна жол бербейт.

Вирус жуктуруп албаш үчүн гигиенаны сакташ керек, тагыраагы, колду таза кармаган маанилүү. Мындан сырткары, иллюминаторго башты, бетти тийгизип, кармалабаш керек. Башка жүргүнчүлөр дем алганда, жөтөлгөндө чыккан микробдор дал ошол жерге конуп калышы мүмкүн.

Эгерде жаныңыздагы киши ооруп жатса, сизге жугуу ыктымалдыгы 80 пайыз деп эсептей бериңиз.

Буга чейин окумуштуулар учакта аба аркылуу жуккан ооруларга жүргүнчүнүн чалдыгып калуу тобокелдигин изилдеп көрүшкөн. Андагы жыйынтык аба кемесиндеги кооптуу жер киши өткөн катар экенин көрсөткөн. Ал эми терезе, иллюминатор жакты коопсуз тарап дешкен. Адистер колдон келсе лайнердин ичинде көп баспай, тынч отурууга кеңеш берген.

84
Белгилер:
оору, кеңеш, вирус, жүргүнчү, учак
Тема боюнча
Коронавирустун экинчи толкуну башталары болжонууда. Кантип сактануу керек
Таиланддын королу коронавирустан 20 күң кызы менен мейманканада сактанууда
Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө
Баланы карап отурган аял. Архивдик сүрөт

Министрлик: баланы карай турган киши болсо бакчага жибербей турган оң

0
(жаңыланган 13:14 05.06.2020)
Билим берүү жана илим министрлиги COVID-19дан улам ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Пандемия шартында иштеп жаткан бала бакчаларда усулдук ыкмалар өзгөртүлүп, тарбиячылар окутуудан өтөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин баяндаган.

"Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн окутуулар өткөрүлөт. Ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде карай турган адам болсо, анда коопсуздук үчүн баланы үйгө эле калтырган оң болот", — деген ал.

Пандемия башталганы кооптуулуктан улам жабылган бала бакчалар лагоритмге ылайык 5-июндан тарта иштей баштаары айтылган.

Министрликтин айтымында, учурда бала бакчага балдарды алуу даярдыгы жүрүп жатат. Тагыраагы, тарбиячылар ыктыярдуу түрдө коронавируска тест тапшырып, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүп, колдонмолор менен таанышып жатышат. Бала бакча даяр болгондо гана балдар алынып баштайт.

Бишкекте 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

0
Белгилер:
пандемия, коронавирус, бала бакча, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат