Афганистандагы абал: талибдер Тажикстан менен чектеш аймактарды ээлеп алышы ыктымал

© REUTERS / MOHAMMAD ISMAILАфганистандын аскер кызматкери
Афганистандын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандагы куралдуу кагылыштардын жаңы хроникасы террордук кооптуулуктун курчушу жана шарттуу мүнөздө "Талибан" * менен Кошмо штаттардын тынчтык келишимдери артканын айгинелейт.

Согуштук-диний кыймылдын таасиринин жана Ислам республикасында зордук-зомбулуктун күч алышы аймактагы коңшу өлкөлөргө да коркунуч туудурарын белгилейт аскердик баяндамачы Александр Хроленко.

16-апрелде Логар провинциясында "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен болгон кагылышта афган армиясынын тогуз жоокери шейит болду. Ошол күндүн кечинде эле согушкерлер Парван провинциясындагы Баграм америкалык аскердик базасынын жергиликтүү алты кызматкерин да атып өлтүргөн. Андан бир күн мурда Лагман провинциясында крикет ойноп жаткан жаштардын тобуна ок ачкан, натыйжада жаракат алган төртөөнүн бирөө көз жумду.

Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде
Афгандык реалдуулуктун фонунда да акылга сыйбаган мындай кадам – крикет ойногону үчүн жаштарды атып салуу батыш цивилизациясына болгон талибдердин келишкис мамилесин тастыктайт. Албетте, бул сака (бита) жана топ менен ойнолчу байыркы англиялык оюн – "британдык оккупанттардын" мурасы, анын Афганистанда кеңири таралышы – "Талибандарга" идеологиялык чакырык. Согушкерлердин орто кылымдык жек көрүүсү бул оюнга эле эмес, спорттун, маданияттын жана искусствонун бардык түрүнө таралат. Адатта, талибдер дискуссиянын ордуна өлүм менен жазалоону туура көрөт.

Согушкерлер өлкөнүн түндүгүндө өз таасирин бекемдөөгө тырышып келет. Кундуз провинциясынын губернатору Абдул Джаббар Наими 17-апрелде РИА Новости агенттигине берген маалыматына караганда, "Талибан" заманбап курал-жарак менен жабдылган, анын катарында чет өлкөлүк жарандар да согушат. Маалымат кооптондурбай койбойт. Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясы стратегиялык мааниге ээ, Борбор Азияга дарбаза катары кызмат кылат. Провинциянын борбор калаасы үч жылдан ашуун убакыттан бери афган өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндө, бирок мурда Кундуз шаарын согушкерлер эки ирет басып алган (2015-2016-жылдары). Бүгүнкү күндө да мурдагы таасирин кайра калыптандырууга умтулууда.

Согушкерлер 9-апрелде Баграм АКШ авиабазасына беш ракета коё берген. Талибдер февралда кол коюлган тынчтык келишиминен америкалыктар баш тартат деп коркпостон куралдуу кол салууга барышууда. Ошону менен бирге эле Кабул менен Вашингтонду тынчтык процессин үзгүлтүккө учуратууга айыптайт.

Афганистанда ага атаандаш "Ислам мамлекети" террордук тобунун дарамети өсүп барат. Өкмөттүк коргоо жана коопсуздук күчтөрү өлкөнүн булуң-бурчунда согуштук операцияларды жүргүзүүдө. Иш жүзүндө Кабул террорчулар менен жалгыз күрөшүп калды.

"Талибан" бийликке кайтууда

Талибандардын отряддары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандуу элдешүү. Талибдер Борбор Азияга аттанышы мүмкүнбү?
Батыш булактарынын маалыматы боюнча, 407 райондун 133үндөгү кырдаал гана расмий Кабулдун көзөмөлүндө. Талибдер 75 районду толук тескейт. Өлкөнүн калган аймагын ким башкарары белгисиз, бирок согушкерлердин таасиринин кеңейишин так божомолдоого болот. Талибдер ушул тапта Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасындагы афган аймагын басып алууга эч болуп көрбөгөндөй жакын.

Апрелдин башында "Талибандын" расмий өкүлү Афганистандын COVID-19 коронавирусу күч алган райондорунда гана ок атууну токтотууга ниеткер экенин жарыялаган. 2020-жылы Ирандан (коронавирус кеңири жайылган) 200 миң афгандык жаран кайткан. 17-апрелге карата Афган ислам республикасында бул илдетке кабылган 906 киши катталган.

Мындан улам НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг 14-апрелде: "Талибан" кыймылынын козголоңчулары афган коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуулду токтотууга тийиш" деп билдирген. Бул күлкү да чакырат, кайгыга да салат. Согушкерлер эч кимдин айтканын аткарууга мажбур эмеспиз деп эсептешет. Андан бир күн мурун америкалык элчи Халилзад Дохада "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен кезигип, АКШ жана талибдердин ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу көйгөйлөрүн талкуулашкан.

Мурун Вашингтон афган өкмөтү жана "Талибанды" туткундагыларды алмашууну тездетүүгө чакырган, муну америкалыктарга ыктаган Афган ислам республикасын өзүн-өзү кыйратууга чакырык катары баалоого болот. Америкалыктар Кабулдан абактагы талибдерди, биринчи баскычта – 5000 чакты согушкер бошотууну талап кылууда. "Талибан" ал адамдар бошотулбаса, афгандар аралык диалог мүмкүн эмес деп эсептешет. Ал эми алар эркиндикке чыкса, курал-жарак менен ушундай бир диалог башталып кетиши мүмкүн, соо чыгыш кыйын.

Балким, согуштук-диний кыймылдын америкалыктар менен түзгөн макулдашуусу Пентагонго жана союздаштарына жаман атка конгон 19 жылдык афган кампаниясын салыштырмалуу түрдө коопсуз бүтүрүүгө мүмкүндүк берет жана Афганистанды узакка созулчу аёосуз, орто кылымдык зордук-зомбулуктун кучагына салынышына кепилдик берет.

Согушкерлер койгон максаттарына тек гана террордук жихад форматында гана жетүүгө кынык алышкан. Ар кыл маалыматтар боюнча Афганистан аймагында, ошондой эле Афган-Пакистан ачык чек арасындагы Кабул жана Исламабадга баш ийбеген зонада талибдердин 30 миңден 70 миңге чейин "сабагы" бар. Эске салсак, согуштук-диний кыймыл идеологиялык жана структуралык жактан бир өңчөй эмес, ар кандай бутактары, ал түгүл "диссиденттик" фракцияларга да ээ. Кыскасы, автоматтык курал жана спутник байланышына ээ башаламандык.

Туңгуюк жол

Кошмо штаттардын расмий өкүлдөрү жана "Талибан" мүчөлөрү 29-февралда Доха шаарында (Катар) 18 жылдык согуштук аракеттерден бери биринчи ирет тынчтык жөнүндө макулдашууга кол коюшкан, анда эгер согушкерлер зордук-зомбулуктан карманса, Афганистандагы америкалык күчтөр кыскартылары (таптакыр калбаганча) каралган.

АКШнын аскери Дех Бала коңшулугунун бекетинде. Нангархар облусу, Афганистан. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен "Талибандын"* элдешүүсү. Таяктын экинчи учу жана Афганистандын тагдыры
Талибдердин расмий Кабул менен жарашуусу АКШнын аскердик контингентин чыгаруу макулдашуусунун негизги шарты болуп саналат, бирок бир катар себептерден улам бул принципиалдуу түрдө мүмкүн эмес экени анык.

Сүйлөшүүлөр "Талибан" кыймылынын ислам эмирлиги жана башкаруунун шариат режимин калыптандыруу жөнүндөгү билдирүүлөрү жаңырып турганда өттү, бирок Афганистандын жарандары мындайга макул эмес.

Ислам республикасынын мектептеринде бир нече миллион бала билим алат, алардын үчтөн бир бөлүгүн кыздар түзөт (аялдарды "уятсыздыгы" үчүн сабап, ал эми эркектерди сакалын туура эмес алганы үчүн түрмөгө камап келген талибдер үчүн бул жат көрүнүш). Ондогон жеке маалымат каражаты пайда болду. Мамлекеттик жана жеке университеттер иштөөдө.

Өлкөдө ушул тапта 20 миллиондун тегерегиндеги адам (калктын басымдуу бөлүгү) мобилдик байланышты пайдаланат. Афгандыктар өздөрүн искусство, маданият жана спорт тармагында көрсөтө алды (арасында кыз-келиндер да жок эмес). Миллиондогон жай адамдарды талибдердин эзүүсүнө жөн эле салып берүүгө таптакыр болбойт.

Мунасанын бир пунктуна ылайык, "Талибан" туткундагы 1000 афган аскер кызматкерин коё берип, ал эми Кабул биринчи баскычта камактагы 5000ге чукул согушкерди бошотууга тийиш. 2001-жылы өлкөгө америкалыктар басып киргенден бери биринчи ирет "алмашуу" боюнча сүйлөшүүлөр Кабулда 1-апрелде башталып отурат.

Кабулдагы саясий карама-каршылык жана согушкан тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам камактагыларды алмашуу боюнча афгандык ички сүйлөшүүлөр жылдырылган. Кийинчерээк тараптар 100 согушкер жана 20 афган аскер кызматкерин бошотууга (биринчи баскычта) макулдашышкан. Ошентсе да талибдер баарынан оболу 15 талаа командирин бошотууну талап кылышкан. Муну афган бийлиги ылайыксыз деп таап, куткаруунун "баштапкы лимитин" 5000ден 400гө чейин кыскартышкан. Натыйжада, 12-апрелде талибдер өкмөттүк күчтөрдүн 20 аскер кызматкерин туткундан бошотуп, аларды Кандагар провинциясындагы Шах-Вали-Кот уездинин аймагындагы Кызыл чырым эл аралык комитетинин өкүлдөрүнө тапшырышкан.

Афган согушунун ардагери Жаныбек Бакиров (оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Ал эми Афганистан бийлиги 13-апрелде өкмөттүк абактардан 361 талибди коё берди. Андан көп өтпөй "Талибан" дагы 20 афган аскер жана полиция кызматкерин туткундан бошотту. Салыштыруу үчүн белгилей кетчү нерсе, коронавирус коркунучунан улам Афганистанда абактан 5300дөн ашуун киши чыгарылган.

Болжол менен ошол эле убакта Исламабад Кабулдан пакистандык тартип сакчыларынын колуна "Ислам мамлекетинин" "хорасандык" ячейкасынын лидери Абдулла Оракзайды тапшырууну талап кылган. Ал 19 согушкер менен биргеликте апрелдин башында Афган ислам республикасынын Улуттук коопсуздук башкармалыгы тарабынан камакка алынган.

Афган өкмөтү Орказайды бир топ кылмыштарга, алардын ичинде март айындагы Кабулдагы сикхилердин храмына кол салууга айыптоодо. Анда 25 киши набыт болгон. Албетте, Исламабаддын мындай жогорку "тепкичтеги" согушкерлерди (бардык сыпаттары боюнча террорчуларды) Кабулдан талап этүүгө акысы жок, бирок "Чыгыштын иши – кылдат".

* – РФ жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топ.

Жаңылыктар түрмөгү
0