Нобель сыйлыгынын ээси: COVID-19 вирусу лабораторияда иштелип чыккан

© AP Photo / STRФранцуз вирусологу жана 2008-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты Люк Монтанье
Француз вирусологу жана 2008-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты Люк Монтанье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү вирусолог COVID-19 жаныбарлардан жуккандыгын жомок катары эсептейт. Ал бул вирусту иштеп чыгуу 2000-жылдардын башында эле башталгандыгын айтты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Француз вирусологу жана 2008-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты Люк Монтанье COVID-19 лабораторияда иштелип чыкандыгын жана анын курамында ВИЧтин бөлүкчөлөрү бар экендигин билдирди. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазып чыкты.

Монтаньенин айтымында, коронавирусту адам жапайы жаныбардан жуктуруп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аталган вирус Ухандагы лабораторияда иштелип чыккандыгын окумуштуу Pourquoi Docteur француз порталына берген маегинде билдирген. 

Имбирь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Имбирь кимдин ден соолугуна зыян экенин дарыгер айтып берди
Вирусту иштеп чыгуу 2000-жылдардын башында эле башталгандыгын Монтаньенин сөзүнө таянуу менен Cnews  да жазып чыккан. Окумуштуунун айтымында, коронавирустун геномун изилдеп жана анын ВИЧ менен окшош жактары бар экендигин байкаган жалгыз ал эмес. Буга чейин индиялык окумуштуулар тобу да ушундай иликтөөсүн жарыялоого аракет кылышкан. Илимпоз мүмкүн бул ВИЧтен коргоочу вакцинаны табуу аракети учурунда келип чыккандыр деп белгилейт.

16-апрелде Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь вирустун жасалма жол менен келип чыгышы тууралуу айтылган теорияларга далил жок экендигин билдирди. Мындан тышкары, дипломат көптөгөн белгилүү медиктер мындай ойдон алыс экенин баса белгилеген.

Изилдөөчүлөр тарабынан LAV деп аталган, мурда ВИЧ катары белгилүү болгон вируска арналган 1983-жылдагы эмгеги үчүн Монтаньеге 2008-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Сыйлыкты ыйгарууда илимий коомчулук бир тараптуу колдоо көрсөткөн эмес, себеби ошол убакта америкалык Роберт Галло да аталган вирусту таап чыккан. Андан тышкары, 2017–жылы Франциянын Илимдер академиясынын 100 мүчөсү Монтаньенин вакцинацияга каршы багытталган билдирүүсүн сындап, ага чара көрүлүүсүн талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0