Япония бийлиги эпидемиядан улам ар бир адамга 1000 доллардан бермей болду

© AFP / BEHROUZ MEHRIКиши коопсуз бет капчан поездди Токио метро станцияда күтүп жатат. Архив
Киши коопсуз бет капчан поездди Токио метро станцияда күтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япон өкмөтү бир жолку берилүүчү төлөмдү таратууну кийинки айдан баштоону чечти. Бул каражат каатчылык маалында жардам болмокчу.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Япон бийлиги коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан каатчылык маалында өлкөнүн жашоочуларын колдоо иретинде материалдык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Синдзо Абенин чечимине таянуу менен Nikkei басылмасы жазып чыкты.

Документке ылайык, жөлөк пулдун өлчөмү ар бир адамга 100 миң йенаны (927 доллар) түзөт.

Белгиленгендей, Япониянын бийлиги жардамга муктаждарды аныктап жана алардын киреше булагын эсептеп чыгуу үчүн көп убакыт сарптала тургандыктан, баарына бирдей көлөмдөгү жөлөк пул төлөп берүү чечимин кабыл алган. 

Буга япон өкмөтү 108,3 триллион йена бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0