Уханда иштеп, чачын ак баскан медик атасын тааныбай калган кыз. Видео

© REUTERS / CHINA DAILYУхань шаарындагы ооруканадагы дарыгерлер. Архив
Ухань шаарындагы ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуйчжоу провинциясында жашаган Ван Бэньсюну февралдын башында эпидемиянын чордону болгон шаарга эки айга командировкага жөнөтүшкөн.

БИШКЕК, 20-апр — Sputnik. Кытайда үч жашар кыздын Уханда иштеп жүрүп чачын ак басып кеткен атасын тааныбай калгандыгын AsiaOne порталы жазып чыкты.

Гуйчжоу провинциясында жашаган 39 жаштагы медик Ван Беньсюну февралдын башында коронавирус менен күрөшүү үчүн эки айга командировкага жөнөтүшкөн. Ал барган шаар жаңы типтеги коронавирустун тараган очогу болуп турган эле.

​Порталдын маалыматына караганда, ал бир мезгилде 21 бейтапты караган. Иштин көптүгүнөн жана дайымкы чыңалуудан улам чачы да агарып кеткен.

Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди - Sputnik Кыргызстан
Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт
Медик үйүнө келип, босогодон үч жаштагы кызын чакырса, чочуркаган кыз атасына барбастан “сен кимсиң?” деп сураган. Наристе чачы ак баскан атасын бир канча мүнөт тааныбай туруп, анан гана мойнуна асылган.

Эске салсак, SARS-COV-2 инфекциясы Кытайдын Ухань шаарында декабрдын аягында жайылып баштагандыгы маалым. Анын очогу деңиз азыктарын саткан базар болуп эсептелинет. 31-декабрда жаңы оору тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна билдирүү жөнөткөн. Шаар карантинге жабылып, 50 миң адам вирус жуктуруп, анын 3,8 миңи каза болгон.

Буга чейин интернетте коронавирустан улам бир айдан бери көрүшпөгөн медайым менен кызынын таасирдүү видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0