Коронавирус каптап, ээ-жаа бербей жаткан 10 өлкөнүн тизмеси

© AFP / CARL DE SOUZAРио-де-Жанейро шаарындагы айкел
Рио-де-Жанейро шаарындагы айкел - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай буга чейин өлкөдө эпидемия токтогонун жар салганы менен вирус жуктургандардын саны боюнча дагы деле топ-10 өлкөнүн катарында.

БИШКЕК, 20-апр. – Sputnik. 2019-жылдын декабрь айынын соңунда пайда болгон коронавирус заматта дүйнө элин каптады.

Оору алгач Кытайдан тараганы менен өлкө бийлиги вирусту ооздуктагандай болду. Тагыраагы, март айынын акырында мамлекет эпидемия токтогонун жар салган.

Ал эми Кыргызстандын Республикалык штабынын 20-апрелге карата берген маалыматын карай турган болсок, чынында эле Кытайда илдеттен өлгөндөрдүн саны салыштырмалуу аз. Бирок оору жуктургандар боюнча Кытай дагы деле топ-10 өлкөнүн катарында. Ал эми океандын ары жагындагы АКШ оорунун жайылышы жана адамдардын өлүмү боюнча тизменин сап башына чыгып кетти.

Вирус жуктургандар көп катталган 10 өлкөнүн тизмеси:

  • АКШ — 764 265 (каза тапкандар — 40 565);
  • Испания — 198 674 (каза тапкандар — 20 453);
  • Италия — 178 972 (каза тапкандар — 23 660);
  • Франция — 152 894 (каза тапкандар — 19 718);
  • Германия — 145 743 (каза тапкандар — 4 642);
  • Улуу Британия — 120 067 (каза тапкандар — 16 060);
  • Түркия — 86 306 (каза тапкандар — 2 017);
  • Кытай — 82 747 (каза тапкандар — 4 632);
  • Иран — 82 211 (каза тапкандар — 5 118);
  • Россия — 47 121 (каза тапкандар — 405).

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык тарап COVID-19 коронавирусу Кытайдын Ухань шаарындагы лабораторияда пайда болгон деген божомолду иликтей турганын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0