Салат. Архивдик сүрөт

Пандемия учурунда ачка жүрүү туура эмес. Диетологдун пикири

340
Адистин айтымында, узак убакыт ачка жүрүү организмди стресске учуратышы мүмкүн. Мындай абалында ал вирустун алдында алсыз болуп калат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жугуштуу оорулар эпидемиясы жүрүп жаткан учурда узак убакытка ачка жүрүү вирустун тез жугуп кетишин шарттайт. Бул тууралуу Россиянын диетологдор ассоциациясынын мүчөсү, дарыгер-диетолог Марина Макишага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, узак убакыт ачка жүрүү организмди стресске учуратышы мүмкүн. Мындай абалында ал вирустун алдында алсыз болуп калат.

"Учурда теле, интернет аркылуу ар кандай ооруларды алдын алуу же дене бойду арык жана сымбаттуу кармоо үчүн толгон-токой диеталарды көрсөтүп, сунушташат. Алардын басымдуу бөлүгү адамды көнүмүш рационунан баш тартууга үндөйт. Пандемия шартында тамактан баш тартуу туура чечим эмес", — деди диетолог.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин адистердин пикирине таянып, карантин учурунда кантип туура тамактануу керектигин жазган.

340
Белгилер:
карантин, пандемия, тамактануу, ден соолук, диета
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1164)
Тема боюнча
Нарколог: арак ичкенден кийин адамга коронавирус бат жугат
Экинчи типтеги кант диабетин басаңдатуучу диета табылды. Жаңы иликтөө
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

67
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

67
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

153
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын жашоочулары согуштан кийин акырындык менен үйлөрүнө кайта баштады. Аларга россиялык тынчтык орнотуучулар менен ӨКМ куткаруучулары жардам берүүдө.

Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.

Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.

153
Белгилер:
жашоо, эл, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?