COVID-19 жуктургандар 10 эсе көп болушу мүмкүн. Иликтөө

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПольша ослабляет карантинные меры
Польша ослабляет карантинные меры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар анализ тапшырган 3300 ыктыярчынын ал-абалын текшергенден кийин ушундай тыянакка келишкен.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. COVID-19 жуктургандар расмий маалыматтарда айтылган статистикадан дагы 10 эсе көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Окумуштуулар АКШда коронавирустун очогу болуп турган Түндүк Калифорния штатынын Санта-Клара аймагындагы адамдарга изилдөө жүргүзүшкөн. Алар 3,3 миң ыктыярчынын организминде коронавируска каршы антителасы (иммундук системанын вируска каршы бөлүп чыгарган бөлүкчөлөрү – ред.) бар-жогун текшериш үчүн тесттен өткөрүшкөн. Кийин анын жардамы менен COVID-19 жуктурганын билбей жүргөн адамдардын санын аныктоого белсенишкен.

Дезинфекциялоо бригаданын кызматкери чач-тарачтын жанында иш учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз кызарат. Коронавирустун дагы бир өзгөчө симптому айтылды
Натыйжада округдагы калктын 2,5-4,2 пайызында антитела бар экени аныкталган. Бул болжол менен 48-81 миң адамдын ооруп кайра сакайып кетишинен кабар берет. Бирок расмий маалымат боюнча Санта-Кларада илдет жуктургандардын саны 50-85 эсе аз.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, Стэнфорд университетинин профессору Жей Бхаттачарьянын айтымында, окумуштуулардын жасаган эмгеги коронавирустан ажал тапкандардын так санын да көрсөтүп бере алат.

Ошондой эле ал эгер жуктургандар чынында 10 эсе көп болсо, аталган оорудан аз эле адам көз жумарын билсе болорун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0