WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 34 жыл мурдагы абалына түштү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМуунай чыгаруучу насос. Архив
Муунай чыгаруучу насос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарга караганда, WTI үлгүсүндөгү мунайдын бир баррелинин баасы 8 доллардан бир аз эле көтөрүлдү. Бул ирет 34 жыл мурдагы рекорд кайталанганы айтылууда.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Майдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 9 доллардан да түшүп кетти. Бул тууралуу Russia Today сатык маалыматтарына таянып билдирди.

Буга чейин анын наркы 10 долларга чейин төмөндөп, 1986-жылдын 1-апрелиндеги деңгээлге түшкөн.

20-апрелдин саат 19:29дагы (Москва убактысы) маалыматтарына таянсак, фьючерс рыногундагы WTI мунайынын майдагы коюлган баасы бир баррелине 8,85 деп эсептелген.

Мунай рыногундагы абал жана доллардын курсу

Бишкектин турак жайына газ берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Себеби
ОПЕК+ өлкөлөрү 6-мартта мунай казууну кыскартуу жөнүндөгү келишимдин параметрлерин өзгөртүү боюнча да, келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө да бир пикирге келе алышкан эмес. Натыйжада 1-апрелден тарта мурдагы альянстын курамындагы өлкөлөрдө мунай өндүрүүдө чектөөлөр жоюлган. Бул менен катар коронавирус пандемиясы да мунай рыногундагы кырдаалды курчуткан. Долларга карата рубль арзандап, анын кесепетинен сомдун курсу да түшүп кеткен. Доллар 85 сомго чыккан.

Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин ОПЕК+ альянсынын өлкөлөрү мунайды өндүрүүнү 1-майдан тарта суткасына 9,7 миллион баррелге азайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0