Кеч жаткан адам бат толот. Уйку тууралуу жаңы иликтөө

© AFP / Getty Images / Spencer PlattКиши уктап жаткан учурда. Архив
Киши уктап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уйку — бул организмдин энергияны үнөмдөө аракети. Ал эми адам убагынан өткөрүп уктабай жүрө берсе, организм энергия топтошум керек деп ойлоп тамак талап кыла баштайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Адам канчалык кеч жатса, ашыкча салмак ошончолук тез чогулат. Бул тууралуу Пенсильвания университетинин (АКШ) окумуштуулары жасаган иликтөөгө таянып Medical Xpress порталы жазды.

"Уйку — бул организмдин энергияны үнөмдөө аракети. Ал эми адам убагынан өткөрүп уктабай жүрө берсе, организм энергия топтошум керек деп тамак талап кыла баштайт", — деп айтылат макалада.

Демек, адамдын түн ортосунда ичкен тамагын организм энергия болсун деп май катары чогултат. Бирок адам түн ичинде өзүн кармап, тамак жебеген күндө дагы организм башка учурдагы тамак-аштын баарын запас катары майга алып коё берет.

Мындан улам адистер ашыкча салмак топтоп, андан ары көптөгөн ооруларга чалдыккысы келбеген адамдарга маалында жана жетиштүү уктоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0