Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив

Коронавирус эпидемиясын токтотуунун жалгыз жолу аталды

2024
Адистин пикиринде, вирус бейтаптын денесинде биротоло жоголуп кетпей, симптомдорун да билдирбей, "өнөкөт инфекциядай" жүрө берет.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Окумуштуулар эмдөөдөн өтүүнү COVID-19 пандемиясын жеңүүнүн жалгыз жолу деп аташты. Изилдөөчүлөрдүн тыянактары Science Alert порталында жарыяланганын РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, коронавирус менен ооругандардын иммунитети начар болуп саналат. Иммунология профессору Эрик Вивер белгилегендей, организмде вируска каршы жетиштүү антитела топтолушу үчүн үч жумага жакын убакыт талап кылынат. Бирок ал топтолгон учурда деле ден соолукту бир нече ай коргой алат.

Лондон университеттик колледжинин генетика институтунун директору Франсуа Баллоу коронавируска экинчи жолу чалдыгып калгандар бар экендигин эске салган. Анын пикиринде, вирус оорулуунун денесинде биротоло жоголуп кетпей, симптомдорун да билдирбей, "өнөкөт инфекциядай" жүрө бере турганынан кабар берет. Ошол себептен адистер вирустун өзүнөн өзү жоголушу кыйын дешкен.

"Азыркы учурда бирден-бир реалдуу чечим — бул вакцина", — деген австралиялык профессор Арти Клементс.

COVID-19 вирусу дүйнөнү дээрлик каптады. Соңку маалыматтар боюнча, ага эки жарым миллион адам чалдыгып, 160 миңден ашыгы каза болду.

2024
Белгилер:
эмдөө, оору, пандемия, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1391)
Тема боюнча
Кеч жаткан адам бат толот. Уйку тууралуу жаңы иликтөө
Жалал-Абад шаарынын согуш ардагерлерине 75 миң сомдон берилди
UFC мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады

8
Чеченстандын башчысы Кадыров чемпион Хабиб Нурмагомедовго өзүнүн "Ахмат" клубунда каалаган салмактагы спортчу жана сураган гонорары менен беттеш өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) долбоору экенин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кадыров социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Анын видеосун РИА өзүнүн telegram-баракчасына жайгаштырды.

"Хабиб жакшы спортчу, чемпион, бирок ал 100 пайыз UFC уюмунун долбоору. Себеби уюмдун президенти Дэйна Уайт менен мамилеси жакшы. Адатта мушкерлер беттешке чыкпай койсо рейтингден алып салышат, ага болсо (Хабиб) тийишишкен жок. Өзү деле лиганын долбоору экенин билген. Кандай жол менен бара жатканын туйду, ката кетирбеди, анан чемпиондукка жетти. Эгер ошол калп болсо эмнеге Россиянын же Дагестандын желеги менен чыкпайт. Факт деген факт, ал UFC уюмунун долбоору. Менин пикириме өзү деле кошулса керек", — деген Кадыров.

Ошондой эле Хабиб Нурмагомедовго өзү негиздеген "Ахмат" клубунда каалаган гонорарда, каалаган спортчу менен беттеш өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

"UFC мушкерлердин сазайын берчү ал, "Ахматта" ошенте алабы деген суроо. Хабиб каалаган салмактагы спортчу менен жана сураган гонорарында беттеш өткөрүп берүүгө даярмын. Мурдагы сый акыларынан да көп төлөп бере алам", — деген Кадыров.

Мындан тышкары, Швециянын атынан чыгып жүргөн чечен мушкер Хамзат Чимаевди колдоого алып, чемпиондук курга татыктуу экенин айткан. Акырында Хабибге сөз ыргытып, "жеңилбес болуп кеткен чемпиондорго ийгилик" деген.

32 жаштагы Нурмагомедов 29 ирет беттешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. UFC уюмунда 2012-жылдан бери күч сынашып келип, 13 ирет жеңишке жеткен. Үч жыл мурун Хабиб калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен америкалык Эл Яквинтаны утуп, жеңил салмактагы чемпион болгон. Андан кийин Конор Макгрегорду, Дастин Порьени жана Жастин Гэтжини утуп, үч ирет наамын коргогон.

2020-жылдын октябрында Хабиб Гэтжи менен кез келип, уткандан кийин карьерасын жыйынтыктай турганын жар салган болчу. Өз чечимин спортчу апасына берген убадасы менен түшүндүргөн. Бул мушкердин атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун өлүмүнөн кийинки биринчи жана акыркы беттешүүсү болгон.

8
Белгилер:
долбоор, беттешүү, Рамзан Кадыров, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Кайталангыс ирмемдер. Хабибдин UFC уюмундагы кармаштары бир видеого топтолду
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив

Рахмон куттуктоосунда Жапаровго ден соолук, кыргыз элине тынчтык тиледи

90
(жаңыланган 12:55 13.05.2021)
Коңшу мамлекеттин башчысы эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерден улам өнүгөт деген пикирин айткан.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал Жапаровго чың ден соолук жана албан ийгиликтерди каалаган.

"Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө сизге жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм", — деп жазган куттуктоо катында.

Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерден улам өнүгөт деген пикирин айткан.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынын негизинде өнүгө берет. Анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле бири-бирин колдоонун алкагында эки элдин жыргалчылыгы арта берет", — деген куттуктоосунда Рахмон.

Бүгүн мусулман эл Орозо айтты майрамдап жатат. Президенттин маалымат кызматы Жапаровдун кимдерге куттуктоо жөнөткөнү туурасында кабар бере элек.

90
Белгилер:
куттуктоо, Тажикстан, Кыргызстан, Эмомали Рахмон
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу

Айтикул уулу: биринчи кварталда Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды

0
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу аталган кызмат азыркы учурда жөө кайгуул күзөт кызматы менен мамлекеттик авто инспекциясынын бириктирилген милдетин аткарарын айтты.

Бишкек шаардык кайгуул милициясында учурда 761 кызматкер иштесе, анын 40ы аял киши. Акыркы төрт айда 251 кызматкер ишин мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланса, 158 кызматкер жарандардан келген арыздарга байланыштуу тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айтикул уулу: биринчи кварталда Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды

Анын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары орнотулбаган көчөлөрдө жол кырсыктары көп катталат.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кайгуул милициясы коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана 102 линиясы аркылуу жарандардан түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды кабыл алып, үч багытта ыкчам чара көрүп жатат. 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын аймагында 841 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 1084 адам жаракат алып, 19 жаран каза тапты. 2020-жылга салыштырмалуу мерт болгондор жети кишиге аз. Андан сырткары, 102 номери аркылуу чакыруулар боюнча үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жайгарып, суук мезгилде подъезд, жылуу суу түтүктөрүндө баш калкалаган үй-жайсыз жарандарды муниципалдык жайга жеткирип жаттык. Ошондой эле өспүрүмдөр аралашкан кылмыш фактылары каралды. Ал эми үстүбүздөгү төрт ай ичинде Кайгуул кызматы тарабынан 111 миң 628 жол эрежисин бузуу фактысы катталды. Терезесин караңгылатып алган, коопсуздук кур тагынбаган жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулун төлөбөгөн айдоочуларга протокол түзүлдү. Аларга жалпы 154 миллион 632 миң 500 сом айып пул салынып, анын ичинен 34 миллион 153 миң 872 сом мамлекеттик бюджетке түштү", — деди Айтикул уулу.

Маалымат кызматынын өкүлү эгер тартип, жол эрежелерин бузуу катталса кайгуул милициянын нөөмөт бөлүмүнүн 0509 102 122 whatsapp номерине фото, видео жөнөтсө болорун кошумчалады.

0
Белгилер:
Байказы Айтикул уулу, жол кырсык, коопсуздук, Кайгуул милициясы
Тема боюнча
Ош: үч ай ичинде жол кырсыктарынан 23 адам каза болду