Орустар мунай согушунда жеңип бараткандай... Рыноктогу кыйсыпыр

© REUTERS / Todd KorolМунай чыгаруучу станция. Архив
Мунай чыгаруучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай баасынын кескин түшүшүнө байланыштуу кыйсыпыр кырдаал — мунай рыногунун келечегинен кабар бербейт, бирок мунай рыногу ОПЕК+ "мунай биримдигине" мүчө өлкөлөр менен кызматташкысы келбеген АКШнын сланецтик компанияларынын дымагын кантип тизгиндеп коерун билдирет.

Мунай баасы "терс зонага" түшүп каларын жана анын кесепети эң оор болорун банк талдоочулары (анын ичинде алдыңкы америкалык жана европалык банктардын да) бир ай мурун эле эскерткенин эске салды россиялык серепчи Иван Данилов.

Ал тургай жалпыга маалымдоо каражаттарында Сауд Аравиясы, Россия жана ОПЕК+ келишиминин башка катышуучуларынын май айынан тарта өндүрүш көлөмүн кескин кыскартышы жакын арада мунай баасын калыбына келтирүүгө жетишсиз аракет экени талкууланып келген. Коронавирус пандемиясынын шартында америкалык мунай тармагы тарабынан да кадамдар жасалышы керектиги айтылган.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби?
Акыйкаттык үчүн белгилей кетчү нерсе, америкалык аткаминерлердин (маселен, Техастагы мунай тармагын жөнгө салуучу комиссиянын мүчөлөрү) арасынан да, сланецтик компаниялардын жетекчилери жана кожоюндарынын да ичинен акылгөйлөр чыгып, ОПЕК+ келишими түзүлүп жатканда же ага кол коюлган соң АКШда да расмий болобу же бейрасмий түрдөбү, өндүрүштү кыскартууну уюштуруу зарылдыгын сунушташты. Мындай аракет скептиктерди саудиялык жана россиялык мунайчылар америкалык чабалдыктан пайдаланбаганына ынандыруу үчүн деле жасалса болмок. Бирок акыл менен так эсепти жактагандар азчылык болуп, ал эми АКШнын энергетика министри G20нын "виртуалдык саммитинде" АКШда мунай казып алуу деңгээли рынокту жөнгө саларын билдирген. 2020-жылдын аягына чейин кайсы божомол үлгүсү так болоруна жараша "ыктыярдуу-мажбур" тейдеги өндүрүү суткасына эки же үч миллион баррелге түшөрүн белгилеген.

Мындай кыскартуу рыноктон америкалык мунай өндүрүүчүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүнө жакыны кертилишине барабар. G20 саммитиндеги америкалык энергетика министринин супсак билдирүүсүндө эң маанилүүсү сандар эмес (кыязы АКШда өндүрүштүн канча көлөмүн 2020-жылдын аягына дейре тактоо ыкмасы таптакыр жок), кен казууну кантип жөнгө салуунун божомолу болду.

Жогорку кызматтагы вашингтондук аткаминердин айтымында, рынок муну аткарат. Бул мисалы, азыркы чакта G20 тобуна кирген Сауд Аравиясынын өкүлдөрүн толук канааттандырат шекилдүү.

Кептин баары саудиялык жана россиялык мунайчылар "АКШнын ОПЕКти жеңгенин" жар салган көптөгөн серепчи сөрөйлөрдөн айырмалана күчтөп кыскартуунун "рыноктук" механизми кандай болорун так элестете алышканында. Ал болжол менен мунай мунасасынын америкалык рыногундагы кайталанма баа "кырсыгындай" (зарыл учурда – ар айда) өңдөнөт.

Америкалык мунай рыногунун түзүлүш өзгөчөлүктөрү менен да, америкалык сланецчилердин аракеттеринен улам да жаралган терс баа кырдаалы кайра кайталанышы ыктымал. Америкалык сланецчилер федералдык бийлик жана техастык мамлекеттик жөнгө салуучулардын мамилеси бар туруп, "бул көйгөйдү жакшылык менен чечүүгө кадам жасашпады, анан аягы жаман бүттү".

Мунай платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай мунасасы: мындан аркы кадамдар кандай болот?
Америкалык Goldman Sachs банкынын бир нече күн мурун мунай баасы кабылган абалды, анын ичинде АКШда да жагдайды жоромолдогон талдоочусу Дамьен Курвалэн эмне болгонун мындайча түшүндүрөт (ZeroHedge боюнча): "Чикаголук товардык тоорукта WTI үлгүсүндөгү мунай боюнча май келишими 21-апрелде аяктайт. Узун позицияны карманган ар бири (бул датага чейинки келишимди жаба албаган мунайды сатып алуучу, башкача айтканда, аны рынокто сатпайт — ред. тактоосу) кийин – май айынын ичинде Кушингдеги чийки мунайды (белгиленген түтүк аркылуу же мунай сактагычка же "мунай сактагычтын ичинде которуу" аркылуу) кабыл алууга милдеттүү. Кушингдеги сактагычтан баррелдерге орун издөө зарылдыгына тушукпоо үчүн WTI май келишимин түзгөн инвестор мындай ордун 21-апрелге дейре сатып калууга (кандай баада болбосун) үлгүрүүгө тийиш эле. Бул датага дейре, кыязы ал толуп калат (ал өткөн жума күнү эле 77 пайызга толгон, демек, бул майдын алгачкы аптасында мунай сактагычта орун таңсык болорунан коңгуроо кагат)".

Сланецчилердин жетер чегине жеткенче өндүрүү каалоосунун айынан жаралган жергиликтүү логистикалык жана кампалык таңсыктык апрелдин аягы жана май айынын башында мунай баасынын төмөндөшүнө таасир тийгизди. Бирок азыркыдай деңгээлге чейин түшөт деп эч ким болжогон эмес.

Мунай Кушингге ташылбаган учурда да америкалык компаниялардын көпчүлүгүндө сатып алуучуларга берген мунай баасы дал ушул келишимге байланган. Олуттуу көйгөйлөргө америкалык мунай казуучулардын басымдуу бөлүгү кабылат. Мындай жагдай ушул таптагы баанын кескин төмөндөшүнөн гана жаралган жок, буга акыркы бир-эки айдагы баа кыйсыпыры да, ошондой эле мунайды күч менен түтүккө толтуруу же аны сактоо үчүн орун табууга мүмкүн эместиги да түрткү болду.

Тигил же бул ченемде буга окшогон маселелер дүйнөнүн башка жерлеринде да жаралат, бирок масштабы боюнча мунайчылар өз дымагына жапырт "муунуп турган" АКШдагы деңгээлге караандабай да турганы анык.

Россиянын жана Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бутуна тура баштаган Кытай Россияга мунай согушун жеңүүгө жардам берет
Мунай согушун ким жана кантип жеңип чыгат деген маселеге кайтсак, канадалык Financial Post басылмасынын журналисттери жазгандай, Канаданын королдук банкынын жана Rystad Energy белдүү консалтингдик компаниясынын эсептерин белгилөөгө болот: "Ким жеңет? Түндүк Америкада мунай казуунун көлөмү ОПЕК өлкөлөрүнө караганда беш эсеге көп болушу мүмкүн... Түндүкамерикалык мунай казуучулар кыйын күнгө кабылууда, себеби мунайдын ашкере арбын көлөмдө болушу бааны бир топко чейин (күтүлгөндөн да узагыраак – ред.) төмөн деңгээлде кармап турат. RBC Capital Markets АКШда сланецтик мунай алууну күнүнө 1,5 миллион баррелге кыскарышын болжоодо... Тескерисинче, ОПЕК өндүрүшчүлөрүнүн арасында Ирак гана суткасына дагы кошумча 300 000 баррелге, ал эми Венесуэла суткасына 275 000 баррелге кыскартууга аргасыз. Кыязы азырынча рыноктогу үлүш үчүн болгон согушту орустар менен саудиялыктар гана жеңүүдө. Бирок алар үчүн да бул арзанга турган жок. Анткени ОПЕК өлкөлөрүнүн көбү кыйла бир деңгээлде мунайдын жогорку баасынан көз каранды..."

Жалпысынан Түндүк Америкада кен казуу быйыл суткасына 2,64 миллион баррелге кыскарышы ыктымал, ал эми ОПЕКтин кыскартуу көлөмү (кошумча мажбурланган – ред.) RBC жана Rystad маалыматы боюнча, суткасына 575 000 баррелдин тегерегин түзөт.

Дональд Трамп сланецтик компанияларга кандайдыр көмөк көрсөтүүнү убада кылууда, бирок ал мурда да сөз берген. Айтканын аткарууга анын конгресстеги саясий оппоненттери жол берген жок, айрымдары мунайчылардын жапырт иштен кетишине жана мунайдын баасынын түшүшүнө кубанып да жатышат.

Мунай рыногунун баа конъюнктурасын жакынкы айларга карата болжоо мүмкүн эмес, бирок эпидемия баары бир бүтөт, суроо-талап калыптанып, баа өсөт. Батыштагы булактар белгилегендей, ошого чейин АКШ жана Канаданын мунай өндүрүүчү компанияларынын бир далайы жабылып тим болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0