АКШнын чалгындоочу учактары Сириядан эмне издейт? Саресеп

CC BY 2.0 / aceebee / Boeing P-8A PoseidonАКШнын "Посейдон" (P-8A Poseidon) чалгындоочу учагы. Архив
АКШнын Посейдон (P-8A Poseidon) чалгындоочу учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын чек арасына жакын америкалык аскердик чалгындоо учактары көп учуп, алардын россиялык Су-35 тарабынан кармалып жатышы АКШнын Жакынкы Чыгыш аймагында аскердик-саясий таасирин сактап калуу ниетин билдирерин жазат аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Албетте, Хмеймим жана Латакия россиялык базаларынын коопсуздугу жана согушка жөндөмдүүлүгү Жер ортолук деңиздин сириялык жээгинде АКШ жана НАТОнун чалгындоочу учактары үчүн "ачык абасы" менен сыйышпас. Апта ичинде америкалык "Посейдон" (P-8A Poseidon) чалгындоочу учактарынын россиялык Су-35 тарабынан бир нече ирет кармалышы баарын орду-ордуна коёт. Аймакта 2015-жылдан бери операциялык жагдай абдан өзгөрдү, бирок Пентагондун пайдасына чечилбеди. Объективдүү реалдуулук жана россиялык стратегиялык (узак мөөнөттүү) аскердик катышуусу Батыштын кыжырын кайнатат.

АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн 6-флотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 19-апрелде Жер ортолук деңиз үстүнөн россиялык Су-35 америкалык P-8A Poseidon чалгындоочу учагынын алдынан 25 фут (7,62 м) аралыкта учуп өткөн. "Посейдондун" экипажы бул сигналга дароо реакция кылган эмес, 100 мүнөттүн ичинде эки ирет кармалып, солкулдоого кабылган. Мындай жагдай төрт күндө эки ирет болгон.

Танк Т-14 Армата репетиция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты деп табылды! Россиялык "Армата" эмнеге Сирияда сыналууда?
Бир аз мурдараак АКШ дагы Жер ортолук деңиз үстүнөн эл аралык аба мейкиндигинде Су-35 истребителинин 15-апрелде америкалык чалгындоочу учагынан сегиз метр аралыкта учканы боюнча Россияга нааразычылыгын билдирген. Америкалык "Посейдон" аны "кастык реакцияга, россиялык учкучту жоопкерчиликсиз аракеттерге" көкүтпөгөндөй жана Су-35 учушунан солкулдабагандай... Жаңжалдуу аймакта ушундай жолугушуулар ачык эле арбып барат. Себеби эмнеде, ким күнөөлүү?

Пентагон РФнын Аба-космостук күчтөрүнүн учкучтарын 1972-жылдагы "Ачык деңизде жана анын үстүндөгү инциденттердин алдын алуу жөнүндөгү" келишимдин талаптарын аткарууга чакырган. РФ Коргоо министрлиги сириялык Тартустан россиялык аскердик-деңиз объектине америкалык учактын кооптуу жакындашынан улам Су-35 Хмеймим авиабазасынан учуп чыкканын билдирген. Россиялык аскердик мекемеден россиялык авиациянын учуштары аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерине ылайык аткарыларын белгилешкен. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учкучтары абада "ээн баштыкка" барбайт.

Су-35 истребителинин манёврлары АКШнын чалгындоочу учагына кай тарапка учпоо керектигин көрсөтүүдө. Коштоонун кадимки практикасы. Америкалык учкучтар Жер ортолук деңиздин үстүндөгү "кооптуу манёврлардын" себебин жакшы билишет. Март айынын башында АКШнын истребителдери суу алдында жүрчү кемелерди жок кылуучу россиялык Ту-142 учагын Аляскага жакын нейтралдуу суулардын үстүндө төрт саат бою коштоп жүргөн.

Максат жана каражаттары

Аскердик-саясий реалдуулук ушундай, аймакта бүгүн америкалык чалгындоочу учак "сай түшүрүп" жүрсө, эртең Tomahawk канаттуу ракеталары учуп келиши ыктымал (Пентагондун арсеналында алардан 5 миң чакты бар). Сирияда мындай окуя болгон (2017-жылдын апрелинде). Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн истребителдик авиациясынын нөөмөттүк күчтөрү эрежеге ылайык иш алып барган.

Учения системы материально-технического обеспечения Восточного военного округа - Sputnik Кыргызстан
Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок
Boeing P-8A Poseidon "патрулдук" жана "суу түбүндөгү кемелерди жок кылуучу" учак, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңири, Жер ортолук деңиздин үстүндөгү аба мейкиндигиндеги учак кургактагы аскердик объектилерге радиотехникалык чалгындоону ийгиликтүү жүргүзүүгө жөндөмдүү (Raytheon AN/APY-10 радиотехникалык чалгындоо тутуму).

Жакында эле "Посейдондун" жердеги бутага тегерете көз сала турган Advanced Airborne Sensor издөө радары пайда болду (эки тараптуу активдүү фазалык тор). Көп багыттуу Raytheon AN/APS-137D радиолокатору айлананын картасын "тартып", аба жана суу үстүндөгү бутаны табат.

Учак Smiths Aerospace заманбап мээлөөчү-навигациялык комплекси менен аскердик милдеттердин кеңири түрүн аткара алат. Согуштук аракеттерде "Посейдон" терең бомбалар же Mk.54 торпедалары менен гана тургай, так тийүүгө тууралаган SLAM-ER авиабомбалары, AGM-84K Harpoon кемелерге каршы тескелчү ракеталары, AGM-65 Maverick "аба-жер" ракеталары, ал түгүл орто ыраактыкка радиолокациялык багыттоочу, истребителдер менен согуша турган AIM-120 AMRAAM ракеталары менен жабдылат.

Америкалык белдүү The National Interest басылмасы бекеринен: "Жаңжал чыгып кетсе, бул учактар каракчы субмариндерди издөө жана жок кылуу боюнча маанилүү милдеттерди аткарат, ошондой эле душмандын суу үстүндөгү кемелеринин изине байкоо салат" деп белгилебегендир. Албетте, ким "каракчы" экенин Вашингтон аныктайт.

Мындан улам америкалыктардын наалынганы жана каршылыгынын жөнү жок. Россиялык аскердик базаларга карата согуштук чалгындоо вазыйпасын P-8A Poseidon (тогуз киши) экипажы үчүн солкулдатуу ыкмасы менен токтотуу – аскердик нөөмөт аймагында Су-35 истребители менен бет келишкенинде кабылчу ыктымалдардын эң азы.

Эгер Кошмо штаттар мындан ары да аймакта Россиянын кызыкчылыктарын эске албай турган болсо, көктө, деңизде жана кургакта да жагымсыз жолугушуулар улана берет.

Вашингтон Сирияга жакын Йорданияга күчтөрдү, F-35A сокку уруучу истребитель-бомбалоочу учактарды жайгаштырууну жакшыртууга тырышканы менен аймактагы ажыраган "артыкчылыгын" кайрый албайт.

Россия — ынанымдуу коргоочу

Сирия жергесинде Хмеймим (АКК) жана Латакия (АДК) россиялык аскердик базалары мыйзамдуу түрдө жайгашкан. Мында РФ Коргоо министрлигинин стратегиялык маанилүү объекттери топтолгон. Курал-жарак жана аскердик техниканын эң соңку үлгүлөрү –

 Россиянын гиперүндүү курал системаларын сыноо - Sputnik Кыргызстан
РФ гипер үндүү курал боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт. Бир шарт менен
Су-35С учактары, деңизге негизделген "Калибр" канаттуу ракеталары жана абага негизделген "Х-101" канаттуу ракеталары, "Терминатор" аскердик көлүктөрү пайдаланылат, Т-14 "Армата" танктары сыналды.

Мезгил-мезгили менен Сирияда НАТО радарларына көрүнбөгөн эң соңку үлгүдөгү Су-57 авиациялык комплекстери да аракетте. Мунун баары батыштык стратегдердин чыныгы жана терс кызыкчылыктарын жаратпай койбойт. Анан калса, объекттердин техникалык мүнөздөмөлөрүнө эле эмес, алардын жайгашкан ордуна, координаттарына кызыгышат. Бул маалыматтар болжолдуу кыйыр сокку үчүн да (мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн учкучсуз учактары) жарашы ыктымал.

Россиялык күчтөрдү жана жогорку технологияларды топтоо райондору асмандан, деңизден жана кургактан ынанымдуу калканчка муктаж. Ошондуктан Сирия жеринде С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутумдар, С-300 "Фаворит" зениттик ракеталык комплекстери, "Панцирь-С1" зениттик ракеталык-замбиректик комплекстери, истребителдик авиациясынын эскадрильялары дайым аскердик нөөмөттө.

Жер ортолук деңиздеги согуштук коркунуч жана ачык күч колдонулушуна ушундай жол менен гана жооп кайтарат.

Дагы бир ирет эске салсак, РФ куралдуу күчтөрү Сирия аймагында республиканын расмий бийлигинин өтүнүчү менен жайгашкан, ал эми АКШнын Аскердик деңиз күчтөрүнүн 6-флотунун кемелери жана авиациясы Жер ортолук деңиз аймагына жеке демилгеси менен келген. Америкалык аскер кызматкерлерин Сирияга эч ким чакырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0