ДССУнун директору Гебрейесус: коронавирустун ооздукталышына дагы көп бар

© REUTERS / Denis BalibouseДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Африка, Борбордук жана Түштүк Америка, ошондой эле Чыгыш Европада кырдаал азыркыга чейин турукташа элек.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Көпчүлүк өлкөлөрдө ооруну жуктургандардын саны азайганына карабай, коронавирус пандемиясынын аякташына дагы көп бар. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Женевадагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус мурда айтылгандай эле өтө кооптуу, дүйнө элинин басымдуу бөлүгү бул ооруга кабылып калуу тобокелчилиги күч.

“Биз ар кайсы аймактардагы түрдүү статистикаларды көрүп жатабыз. Батыш Европада абал турукташып, жуктургандар азая баштады. Бирок Африка, Борбордук жана Түштүк Америка, ошондой эле Чыгыш Европадагы кырдаал бизди тынчсыздандырууда. Көптөгөн өлкөлөр азыркыга чейин эпидемиянын баштапкы стадиясында турат. Айрымдарында мурда вирус жугузуп айыгып чыккандар кайрадан чалдыгып калууда. Катачылыкка жол бербеңиздер, алдыдагы жол дагы узун болот”, — деди ДССУнун башкы директору.

​Ошондой эле Гебрейесус оорунун жаңы толкуну каалаган убакта башталып кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө COVID-19 жуктурган адамдардын саны 2,6 миллионго жетип, мунун кесепетинен 183,5 миң киши ажал тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0