COVID-19 пайда кылган пневмония өтө "амалкөй". Дарыгердин пикири

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, коронавирустан пайда болгон пневмония ар кимде ар кандай өтүп, бири-биринен асман менен жердей айырмаланып жатат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жаңы коронавирус пайда кылган пневмония башка вирустар козгогон пневмониядан бир топ айырмаланып турат. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо мнистрлигинин башкы пульмонологу Сергей Авдеевге таянып РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, COVID-19 шарттаган пневмония ар кимде ар кандай болуп, бири-биринен асман менен жердей айырмаланып жатат.

“Бул илдет өпкөнү ар кандай деңгээлде жабыркатууда. Мисалы, коронавирус тест аркылуу аныкталган айрым адамдардын өпкөсүн компьютердик томографиядан өткөргөндө орган жабыркап калганы көрүнүп турат. Бирок киши өзүн жакшы эле сезип, жөтөлүп же кыйналбайт”, — деди дарыгер.

Авдеев кошумчалагандай, мындай көрүнүш алгач Diamond Princess круиздик лайнеринде байкалган. Анда коронавирус аныкталган адамдардын 73 пайызында оорунун белгилери билинген эмес. Бирок пневмонияга кабылганы томография аркылуу аныкталган.

Мындан улам пульмонолог адам баласы учурда пневмониянын өзү жөнүндө белги бербеген жаңы формасына жолукту деген бүтүмгө келди.

Коронавирус тууралуу

Асамидин Марипов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Марипов: коронавирус жуктургандар арыктап, алсырашат
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 24-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2 708 470ке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0