Трамп: Ким Чен Ындын абалы начарлаганы тууралуу маалымат орунсуз

© REUTERS / JONATHAN ERNSTАКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин CNN телеканалы Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча жазган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саламаттыгы начарлады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Буга чейин CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп жатканын кабарлаган.

“Мындай маалымат орунсуз болду деп ойлойм. Келгиле, мен мындай айтайын, маалымат каражаты (CNN — ред.) орунсуз жаңылык жарыялаган деп ойлойм. Алар (ушул жаңылык үчүн) эски документтерди колдонушканын уктум. Бул кабар ыксыз, ошондой эле орунсуз болгонуна ишенип турам”, — деди Трамп.

Андан соң тактоо үчүн CNN телеканалынын журналисти бул жаңылыктан улам Трамптан Түндүк Корея тарап менен байланышкан-байланышпаганын сураган.

Бирок президент бул суроого жооп бербей, “сиздер чындыкка дал келбеген маалыматты жазасыңар, ошондуктан кийинки суроого өтөлү” деп буйтап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0