Адистер адамзатты курута турган 10 коркунучту атады

© REUTERS / SivaramИндиядагы муссон жаанынан кийинки кесепеттер. Архив
Индиядагы муссон жаанынан кийинки кесепеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеде дабасы жок оорулардын пандемиясы дагы жазылган. Окумуштуулардын айтымында, адамзат өзүнө-өзү XX кылымдын орто ченинен тарта зыян келтире баштаган.

БИШКЕК, 24-апр. – Sputnik. Адамзаттын болочогуна байкоо жүргүзгөн австралиялык комиссия потенциалдуу 10 кооптуулукту тизмектеди. Бул тууралуу The Guardian жазды.

Предприятие ООО РН-Пурнефтегаз в Ямало-Ненецком автономном округе - Sputnik Кыргызстан
Мунайдын артынан газ каатчылыгы күтүп турабы? Келечекке божомол
Бир ай мурда комиссия алгачкы тегерек столун уюштуруп, ага 40тан ашык окумуштуу, ойчулдар жана саясий лидерлер катышкан.

Докладдагы маалыматка караганда, адамзаттын өзүнө-өзү зыян алып келе баштаганы XX кылымдын орто ченинен тарта күчөгөн. Тагыраагы, демография, маалыматтык технология, саясат, аскерий аракеттер, климат, экологиялык өзгөрүүлөр кооптуулук деңгээлин жогорулаткан.

Адистер атаган 10 коркунуч:

  1. Жаратылыш ресурстарынын кыскарышы, айрыкча, суу;
  2. Экосистеманын бузулушу жана биотүрдүүлүктүн жоголушу;
  3. Адамдардын саны кескин көбөйүп Жердин “алы” келбей калышы;
  4. Күн ысып, климаттын өзгөрүшү;
  5. Жер системасынын химиялык булганышы;
  6. Азык-түлүктүн сапатынын начарлашы;
  7. Адамды массалык түрдө кыра турган өзөктүк жана башка куралдардын чыгышы;
  8. Дарылоого мүмкүн болбогон оорулардын пандемиясы;
  9. Көзөмөлдөнбөгөн күчтүү технологиялар;
  10. Бул коркунучтарды түшүнүп, чара көрүүгө акылдын жетпей калышы.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0