Эльба жолугушуусуна 75 жыл. Путин менен Трамп билдирүү жасашты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки
Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эльбадагы жолугушуу Бириккен Улуттардын 1942-жылдагы Декларациясынын алкагында башы кошулган бир нече эл менен мамлекеттердин эмгегинин акыбети катары бааланат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШлык кесиптеши Дональд Трамп менен советтик жана америкалык жоокерлердин Эльбадан жолугушуусунун 75 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү жасашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"2020-жылдын 25-апрелинде советтик жана америкалык аскерлердин Эльба дарыясынын талкаланган көпүрөсүнөн бири-бирине кол сунган тарыхый күнгө 75 жыл толот. Бул окуя улутчул режимдин жоюлушуна жасалган олуттуу кадам эле", — деп айтылат Кремлдин сайтындагы маалыматта.

Билдирүүдө Эльбадагы жолугушуу Бириккен Улуттардын 1942-жылдагы Декларациясынын алкагында башы кошулган бир нече эл менен мамлекеттердин эмгегинин акыбети экени жазылат. Бул күрөш миллиондогон жоокердин, матростордун жана тынч калктын кан-жаны менен ишке ашкан.

Тикенек зымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фин концлагерлеринин туткундары баскынчылардын кылмышын иликтөөнү өтүнүүдө
"Ошондой эле эмгек фронтунда согуш продукциясын чыгарган миллиондогон адамдардын эмгегин белгилеп кеткибиз келет. Ооруктун жумушчулары союздук күчтөрдү жеңишке жетелеген каражат менен камсыздоодо маанилүү роль ойногон", — деп айтылат билдирүүдө.

"Эльбадагы жолугушуу эки өлкөнүн пикир келишпестиктерди коё туруп, ишенимдин негизинде жалпы кызыкчылык үчүн кызматташууну ишке ашыра аларын айгинелейт. Биз бүгүн XXI кылымдын олуттуу чакырыктарына каршы туруп, фашизмди жеңгендердин эрдигине таазим этебиз", — деп жазылган документте.

Эскерте кетсек, буга чейин пандемиядан улам америкалык ардагерлер Россияга май айында келе албай турганы айтылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0