Кореянын достук ассоциациясынан Ким Чен Ындын өлүмү боюнча имиштерге жооп берди

© Фото / ТАСС / POOL / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ким Чен Ындын абалы начарлап кеткендигине байланыштуу Пхеньянга Франциядан дарыгерлердин тобу келгенин билдирген маалымат тараган.

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугу боюнча айтылган кабарлардын бардыгы туура эмес. Бул маанайда испаниялык активист, Кореянын достук ассоциациясынын жетекчиси Алехандро Као де Бенос айтканын РИА Новости жазды.

Эске салсак, буга чейин Ким Чен Ындын ден соолугу боюнча маалыматтар тараган. Анын абалы начарлап кеткендигине байланыштуу Пхеньянга Франциядан дарыгерлердин тобу келгенин билдиришкен. Айрым маалымат булактары өлкө башчысынын көз жумганы тууралуу дагы жазып чыгышты. 

"Бул расмий маалымат. Биздин лидер Ким Чен Ындын абалы оор болуп жатат деген маалымат жалган жана жаман ниет менен таратылып жатат. Түйшөлгөндүгүңүздөргө рахмат. Бирок журналисттер маалымат алып жатканда сенсация азыраак болуш үчүн текшерип алуусун суранып кетет элем", - деп жазган ал Twitter баракчасына.

Као де Бенос өзүн Түндүк Кореянын Тышкы маданият боюнча комитетинин атайын өкүлү деп атаган.

ЖМКларда Түндүк Кореянын саясий багытын жактырган жана аталган мамлекет менен байланышта болгон адам катары каралат. Као де Бенос Кореянын достук ассоциациясынын сайтын ачкан жана аталган өлкөгө көп барып турары маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0