ЖМК: Ким Чен Ынга операция жасаган дарыгердин колу калтырап…

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТүндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сюкан Гэндайдагы" макаланын автору аталган Даисукэ Кондо Ким Чен Ындын жүрөгү кармап калганын кытайдын медицина жаатындагы маалымат булагы айтканын билдирген.

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынга операция жасаган дарыгер толкундап, корккондуктан колу калтырап бир мүнөттө жасалчу операцияны 8 мүнөттө жасады. Бул туурасында РИА Новости япониялык "Сюкан Гэндай" басылмасына шилтеме кылып жазган.

Буга чейин түштүккореялык Daily NK басылмасы Түндүк Кореядагы маалымат булактарга таянып, Ким Чен Ын жүрөк-кан тамыр системасына жасалган операциядан кийин дарыланып жаткандыгын кабарлаган.

"Сюкан Гэндайдагы" макаланын автору аталган Даисукэ Кондо Ким Чен Ындын жүрөгү кармап калганын кытайдын медицина жаатындагы маалымат булагы айтканын билдирген.

"Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аймакты кыдырып жүрүп жүрөк тушун мыкчып, жыгылып түшкөн. Аны коштоп жүргөн дарыгерлер тобу дүрбөлөңгө түшүп, көкүрөгүн укалап, жакынкы аймактагы Тез жардамга жеткирген", - деп жазган Кондо маалымат булактын айтканына таянып.

Бул учурда журналга маек берген киши түндүккореялык тарап Кытайдан тез арада дарыгерлер тобун жөнөтүүнү суранган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кореянын достук ассоциациясынан Ким Чен Ындын өлүмү боюнча имиштерге жооп берди
Маалымат булактын айтымында, Пекинден атайын учак менен 50 медик Пхеньянга жөнөтүлгөн.

"Анткен менен Түндүк Корея дарыгерлери кытайлык топтун өкүлдөрүн күтүп отуруу кооптуу деген тыянакка келип, тез арада жүрөккө стент коюу чечимин кабыл алган", - деп айтып берген маектеш.

Материалда стент коюу өтө татаал эместиги, аны жүрөктүн башкы кан тамырына орнотуу болжол менен бир мүнөткө жакын убакытты алары айтылган.

"Анткен менен операция жасап жаткан хирург толкунданып, колдору калтырап турган. Ал буга чейин толук пациенттерге (Ким Чен Ын сындуу – ред.) операция жасаган тажрыйбасы болгон эмес. Андыктан аппаратты коюуга 8 мүнөт кеткен", - деп жазган журнал.

Анын айтымына караганда, Ким Чен Ын "вегетативдик абалга түшүп калган". Муну менен кытайлык медиктер коңшу өлкөнүн лидерин карап, жардам бере алган эмес.

Ал эми “Рёнхап” агенттиги Түштүк Кореянын өкмөтүндөгү маалымат булактарына таянып, Түндүк Кореянын лидеринин саламаттыгында олуттуу көйгөлөр бар деген маалымат чындыкка дал келбейт деп жазган.

Ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саламаттыгы начарлады деген маалымат жалган экенин билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0