Өзгөчө ысык болот! 2020-жыл аптаптуу беш жылдын катарына кириши мүмкүн

© AFP / JAIME REINAКарыя киши фонтандын жанында ысык учурунда. Архив
Карыя киши фонтандын жанында ысык учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы беш жылдан бери абанын температурасы улам барган сайын көтөрүлүп келе жатканын байкоого болот.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 2020-жыл эң ысык беш жылдын катарынан орун алышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Гидромет борборунун илимий жетекчиси Роман Вильфанд РИА Новостиге билдирген.

Анын айтымында, климатологдор кийинки беш жылдык да аптаптуу болорун болжолдоп жатышат.

"Акыркы беш жылдан бери абанын температурасы көтөрүлүп келе жатат. Бул атмосферада парник газдарынын көбөйүшү менен байланышкан глобалдуу жылуулуктун таасири. Быйылкы жыл рекорд кое албаса да экинчи же үчүнчү орунду ээлейт. Бирок өтө ысык болору турган иш. 2020-жыл аптаптуу беш жылдын катарына кирери шексиз", — деди Вильфанд.

Окумуштуу мында кеп жер кыртышынан эки метр аралыкта ченелген температура тууралуу болуп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0