Окумуштуулар: салмак кошууга жыт дагы таасирин берет

© Фото / Pixabay/ TapisRougeТамактанып жаткан адам. Архив
Тамактанып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер изилдөөгө жумуру курттарды пайдаланышкан. Алар жыт сезүү клеткалары активдешкенде салмак кошкон же, тескерисинче, майды сарптаган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Окумуштуулар организмде майдын топтолушу менен жыттын ортосундагы байланышты аныктады. Изилдөө Nature Communications журналына жарыяланганын "Известия" жазды.

Буга чейин изилдөөчүлөр жыт сезүү менен зат алмашуунун байланышы бар экендигин далилдешкен. Бирок себеби түшүнүксүз болчу.

Маалыматта адамдын мурдундагы 450 түрлүү жыт сезүү рецепторлору бар экендиги жана алар триллиондогон жытты айырмалай алары белгиленет. Эксперттер изилдөөгө жумуру курттарды пайдаланышкан. Анткени алардын нерв системасындагы клеткаларында жытты сезген үч жуптуу нейрондору бар. Кайсы бир жыттан нерв клеткаларынын биринин иши жайлап же дүүлүгүп баштайт.

Лишний вес - Sputnik Кыргызстан
Арыктоого жардам берчү беш майлуу азык аталды
Эксперимент учурунда белгилүү болгондой, бул нейрондордун айрымдары активдешкенде салмак кошкон же, тескерисинче, майды сарптаган. Мындан тышкары илимпоздор майдын зат алмашуусун камсыз кылган нерв клеткалардагы жыттарды тандап алышкан.

Механизмде жыт сезүүчү нерв клеткалар FLP-1 нейропептидин бөлүп чыгарган. Бир катар биохимиялык реакциялардан кийин майдын зат алмашуусун жөнгө салуучу гендер иштеп баштаган. Макалада жаныбардын тамактануусу өзгөрбөй турганы айтылат. Тагыраагы, организм бирдей өлчөмдө калорий колдонот, бирок майдын жытынан улам ал аз же көп топтолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0