Кара деңиздин аймагынан немецтер тарабынан чөктүрүлгөн Армения венок түшүрүү. Архив

"Армения" теплоходунун чөгүшү. Өлгөн кишинин саны боюнча алты "Титаниктей" эле!

455
(жаңыланган 16:39 29.04.2020)
Кара деңиздин аймагынан немецтер тарабынан чөктүрүлгөн "Армения" госпиталдык теплоходу табылган. Суу көлүгүнүн тарыхынан аскерий баяндамачы Александр Хроленко баян этти.

1941-жылы Крым жээгине жакын "Армения" госпиталдык кемесинин немец авиациясы тарабынан талкаланышы – мөөнөтү бүтпөгөн аскердик кылмыш. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Советтер Союзу кайсы душманын кандай баа менен жеңгени – үлгү болчу мисал. Дээрлик курал-жараксыз теплоходдун бортунда он миңге чейин киши: жарадар кызыл армиячылар, медперсонал, аялдар жана балдар болгон. Сегиз гана адам куткарылган.

Орус географиялык коомчулугу 27-апрелде: "Кара деңиздин түбүнөн "Армения" теплоходу табылган. Кеме 1500 метр тереңдикте, Ялта жээгинен 15 деңиз мили (28 чакырымдын тегерегинде) ыраактыкта. Россия Федерациясы жана Орус географиялык коомчулугунун биргелешкен экспедициясынын жыйынтыгын баалоо татаал. 35 жылдан ашуун мезгил бою талбай издөө жүргөн. "Армениянын" трагедиясына байланыштуу №19 Борбордук аскердик-деңиз архивинде 1940-жылдын аягында жашыруун сакталган, изилдөөчүлөргө аны менен таанышууга жол жок.

Жалгыз географиялык табылга – 1991-жылы Кара деңиз флотунун Медициналык кызмат музейиндеги Аюу тоонун аймагындагы Гурзуф кыштагындагы аба чабуулу туурасындагы маалымат. Бирок деңиздин аталган аймагындагы өтө тереңдик жана татаал рельеф издөөнү кыйла кыйындаткан.

Ал тургай, тагдырлары окшош "Титаник" жана "Бисмарк" кемелерин таап чыккан белгилүү америкалык Роберт Баллард өзүнүн жогорку технологиялык жабдуулары менен "Арменияны" таба албай койгон. Теплоходдо крым музейлеринин кенчи бар деп эмес, эстелик жана парз деп эсептелгени үчүн узак жылдар бою издеп келишкени белгилүү.

Санитардык транспорттун кыйрашы тарыхта эң масштабдуу деңиз кырсыктарынын бири болуп саналат. Салыштырсак, "Титаникте" 1500дүн тегерегинде жүргүнчү, ал эми германиялык "Бисмаркта" 2100дөн ашуун аскердик моряк набыт болгон. "Армениянын" курмандыктары бир топ эсе көп болгону айтылат (каза тапкандар 7 миңден 10 миң кишиге чейин жеткен, саны такталган эмес). Жагдай-шарттарын эске алсак, санитардык теплоходдун трагедиясы китеп жазууга, тасма тартууга татыктуу жана бүткүл адамзат андан кабардар болуусу абзел. Экинчи дүйнөлүк согуштун үрөй учурган учурлары жана курмандыктары, Советтер Союзунун фашисттик Германияны жеңүүдөгү ролу унутулбоого тийиш.

Эч ким унутулбайт

"Армения" санитардык кемесинин корпусу экени аныкталган соң кишисиз, теле башкаруу аркылуу Новороссия аскердик-деңиз базасынын чиркөө кызматкери, протоиерей Кирилл экипаж менен жүргүнчүлөр каза болгон жерде диний ырым-жырымын жасаган. Ошондой эле аскердик сый-урмат көрсөтүлүп, сууга гүлчамбар түшүрүлүп, үч залп атылган.

"Деңизде адам коркот, анткени ал деңиздин алдында дал Кудайдын алдында болгон сымал" деген жазуу Россиянын Аскердик-деңиз флотунун Кемелик уставына чейин эле пайда болгон байыркы Поморский деңиз уставынан алынган. Деңиздин табиятын болжоп да, кооптуулугун да билип болбойт, ал эми деңиздеги согуш эки эсе ырайымсыз. Эгер корабль жана кеме күн суук маалда жээктен ыраакта кырсыкка кабылса, өтө муздак сууда адамдар дээрлик өлүмгө дуушар болушат.

1941-жылы сентябрдын аягында немец Куралдуу күчтөрү Перескопту басып алып, Крымга киришкен. Кызыл Армия күрөш менен Севастополго, Кара деңиз флотунун негизги базасына чегинген. Ноябрдын башында артиллериялык аткылоо, шаарды курчоо башталган, бирок деңиз аркылуу жарадарларды, аялдар жана балдарды эвакуациялоого болот эле. Бул вазыйпа тажрыйбалуу капитан Владимир Плаушевский командачылык кылган "Армения" теплоходунун экипажына жүктөлгөн. 112 метр узундуктагы кеме 6000 тоннага чейин суу сыйдырып, тынч убакта жайлуу каюталарында 980 жүргүнчүгө чейин ташый алган.

1941-жылдын жайында госпиталга айландырылган "Армения" августтан тарта жүргүзүлгөн 15 каттамда Крымдан Большая земляга 15 миң жарадар кызылармиячы жеткирилген. Согуш маалында кайра жабдылган теплоходдор Кара деңизде 412 миң адамды аман алып калышкан.

6-ноябрдагы Севастополдон чыгышы санитардык кеменин акыркы каттамы болгон. 300 чакты жарадарды, аскердик госпиталдардын медицина кызматкерлерин жана бир нече миң жай адамдарды Туапска жеткирмек. 7-ноябрдын таңында эки күзөт катердин коштоосунда Кавказга карай багыт алган. Крым жээгинен 15 миль аралыкта кемеге Люфтваффе Heinkel-111 (башка маалыматтар боюнча – Junkers 87) учактары чабуул койгон.

Кара деңиз флотунун күзөт катерлери жана кеменин бетиндеги төрт зениттик замбирек да бомба жана торпедалардан коруй алышпаптыр. "Армения" төрт мүнөттө сууга чөккөн. Ноябрдагы муздагы сөөккө өткөн деңиз толкунунда бир нече миң кишиден сегизи гана аман калган.

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары Эл аралык укук кызыл чырым белгиси бар госпиталдык кемелерди аткылоого тыюу салынчу, бирок немец учкучтары ченемдердин эч бирин көзгө илишкен эмес. Гитлердик күчтөр Кызыл Армияны жана жай тургундарды жок кылуу үчүн согушушкан.

Россияда муну унутта калтырышпады. Өлкөнүн Кара деңиз чегинде коргоону дайым бекемдеп келгени улуттук коопсуздукка заманбап чакырык жана коркунучтарга кайтарылган ыкчам жооп гана эмес, бул – тарыхый эскерүүнүн проекциясы.

"Армения" карталарда калат

1928-жылы Балтий заводунан сууга кое берилгенден кийин "Армения" Кара деңиздеги жүргүнчү ташуучу мыкты кемелердин сабында алтынчы орунду ээлеген. Кооз, ынанымдуу теплоход 4600 милге чейин 14,5 түйүндөгү (саатына 27 чакырымга чейин) сүзө алчу, экипажы да жетишерлик чоң болгон, 96 кишиден турган. Моряктар ар бир корабль жана кеменин өз жаны болорун, "конструкциясынын" кыйла сезилерлик жана эч талкаланбай турган элементтери болорун билишет. Мүмкүн, ошондуктан өтө тереңдиктеги "Армениянын" кили (кеме корпусунун төмөнкү бөлүгүнүн тирөөчү) чөккөндөн 79 жылдан кийин да урап калбай тегиз бойдон турат (https://youtu.be/3kLzz3OV7dg?t=56).

Үстүнө курулган бөлүгү жана палубасында үрөй учурган аба соккунун издери бар, леердик тосмолору жана башка вертикалдык элементтеринин баары жарылганда сыртына коңторулуп калган.

Тарыхы ошону менен аяктабайт. "Армения" теплоходунун корпусу аскердик эстелик катары жарыяланган, түндүктүк кеңдиктин 44 градус 15 мүнөт түндүк кеңдик, 34 градус 17 мүнөт чыгыш узундугу координаттары менен түйүн деңиз карталарына киргизилет.

Мындан кийин Россиянын Аскердик-деңиз флотунун бардык корабль жана кемелери анын жанынан өтөрдө туусун түшүрүп, курман болгон мекен коргоочуларына аскердик сый-урмат көрсөтүшмөкчү.

2020-жылдагы экспедициялардын натыйжалары "Армениянын" акыркы күнүн ийне-жибине дейре талдоого мүмкүндүк берет. Россиялык географиялык коомчулуктун суу алдындагы изилдөөлөр борбору теплоходдун тагдыры тууралуу даректүү тасма тартууга киришти.

Бир жарым чакырымдык тереңдик "Армениянын" бортундагы бир нече миң маркумдун тынчтыгын кенч жана сенсация издеген криминалдык зыян келтирүүдөн сактоого жардам берет. Ал эми Россия Федерациясы жана Россиялык географиялык коомчулуктун издөөчүлөрү өз ишин уланта бермекчи. Себеби Экинчи дүйнөлүк согуштун бардык табышмагы (сырлары) дале ачыла элек эмеспи.

455
Белгилер:
экипаж, "Титаник", тарых, кеме, Армения
Тема боюнча
Мыкты деп табылды! Россиялык "Армата" эмнеге Сирияда сыналууда?
Эртең мененки тамак. Архивдик сүрөт

Эртең мененки тамактын курамында эмне болушу зарыл. Адистин кеңеши

0
(жаңыланган 09:22 13.08.2020)
Адистин айтымында, эгер белок жетиштүү көлөмдө болбосо углевод менен майдын нормасы ашып кетип, организмди ашкере зыянга учуратат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Эртең мененки тамактын курамында белок да, углевод да болгону жакшы. Бул тууралуу диетолог Юлия Чехонинанын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Адистин пикирине караганда, нанүштө көндүм болгон бир эле эмес, ар кыл даамдан турганы оң.

Эт жегендер менен андан баш тарткандардын кимиси узак жашайт. Адистин аныктамасы

"Углеводдон адам күч-кубат алат, бирок белок да сөзсүз болушу керек. Белок жетишпесе организм углевод менен майга толот", — деди Чехонина.

Диетолог мындай көрүнүш адамдын семирип кетүүсүн шарттай турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
диетолог, организм, белок, тамак
Тема боюнча
Окумуштуулар диабет илдетине чалдыккандарга пайдалуу тамактарды сунуштады
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы
Башын кармаган аял. Архивдик сүрөт

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

37
(жаңыланган 08:47 13.08.2020)
Вирус борбордук нерв системасына доо кетиргенде адам жыт менен даамды билбей калары айтылат. Кээде оорунун мээге таасиринен улам адам инсультка кабылат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жаңы коронавирус дем алуу жолдорун гана эмес, мээ менен борбордук нерв системасын да жабыркатат. Бул тууралуу педиатрлар союзунун президенти Лейла Намазова-Баранова айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Жадагалса COVID менен жеңил түрдө ооруган кишинин да мээсинин түзүлүшүндө өзгөрүү болот. Буга адамдын жыт менен даамдын сезбей калышы айкын мисал. Демек, борбордук нерв системасына доо кеткен болот", — деген дарыгер.

Дарыгердин айтымында, мындай өзгөрүүгө вирус кандайча шыкакчы болорун так айтуу кыйын. Ошондой эле адамдын каны өтө коюуланып, кычкылтек жетпей калган маалда мээге катуу күч келип, ишемиялык же геморрагиялык инсульт болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя

Макалада айтылгандай, буга чейин неврология жаатындагы АКШлык окумуштуулар анализ жүргүзүшкөн. Натыйжада катышуучулардын жарымында неврологиялык симптомдор болгон. Тагыраагы, башы ооруп, айланып, эске тутуусу начарлап, оюн топтой албай, калтырак басып, жыт-даам сезбей калышкан.

37
Белгилер:
оору, симптом, жыт, нерв, мээ, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID кандай учурда адамдын жанын алары аныкталды