Кофеден баш тартыңыз! 40 жаштан өткөндөргө диетологдун кеңеши

© AP Photo / Apichart WeerawongПроизводство кофе из слоновых экскрементов в Таиланде
Производство кофе из слоновых экскрементов в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен 35 жаштан баштап аялдар эстрогенди (жыныс гормондорун) аз бөлүп чыгара баштайт. Бул гормондор сулуулукту жана ден соолукту сактоого абдан керек.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Россиялык диетолог Анна Елькина эмне себептен 40 жаштан өткөндөн кийин аялдар жеген тамагына жана ден соолугуна дыкат көңүл бура башташы керектигин түшүндүрүп берди. Анын кеңештерин РИА Новости жарыялады.

Дарыгер аялдардын жашы өткөн сайын организминде кандай өзгөрүүлөр болорун айтты.

"Болжол менен 35 жаштан баштап аялдар эстрогенди (жыныс гормондорун) аз бөлүп чыгара баштайт. Бул гормондор сулуулукту жана ден соолукту сактоого абдан керек. Жаш өткөн сайын зат алмашуу процесси жай жүрө баштайт. Мурдагыдай тамактанган менен салмак кошула берет. Тери кургап, картаят. Бат чарчап, уйку режими бузулат. 40тан өткөндө жайлуу жана ырахаттанып жашаш үчүн аял бул куракка өзүн даярдашы керек", — деди диетолог.

Ал кандай тамактардан баш тартып, эмнелерди көбүрөөк жеш керектигин кошумчалады.

Общественное питание в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Пандемия учурунда ачка жүрүү туура эмес. Диетологдун пикири
"Кофени тизмеден чийип салгыла. Анткени ал кальцийдин баарын жууп кетет. Буурчактын түрүнөн тамак жасап, балык, ак эт жеш керек. Ал эми кызыл этти бир жумада бир эле жесе жетиштүү. Кантты көп колдонбой, жашылча-жемишке өткөн оң. Күн карама майын азыраак пайдаланган жакшы. Анткени ал кан басымды көтөрөт", — деген диетолог.

Мындан сырткары Елькина көбүрөөк кыймылдап, дене тарбия көнүгүүлөрүн тынбай жасап турууну сунуштады. Бул аракеттер жашоону узартып, энергияны көбөйтүп, ооруларды алдын алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0