ЖМКлар 20 күндөн бери биринчи жолу Ким Чен Ындын сүрөтүн чыгарууда

© AFP / STRЛидер Северной Кореи Ким Чен Ын
Лидер Северной Кореи Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар чет элдик ЖМКларда лидердин катуу ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жаткандыгына карабастан, ал көңүлдүү жана күүлүү-күчтүү жүргөнү айтылды.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Корея элдик демократиялык республикасынын Эмгек партиясынын расмий басмаканасы "Нодон синмун" ишемби күнү өлкөнүн лидери Ким Чен Ындын акыркы 20 күндө биринчи жолу катышкан коомдук иш-чарада тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, сүрөттөр 1-майда Пхеньянга жакын жердеги Сунчэон шаарында жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушун аяктоону утурлай уюштурулган аземде тартылган.

Түштүк Кореянын, Япониянын жана батыштын маалымат каражаттарында Ким Чен Ындын катуу ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жаткандыгына карабастан, ал шайыр жана күүлүү-күчтүү жүргөнү айтылат. Сүрөттөн анын жылмайып, кол жаңсап сүйлөп жатканын байкоого болот. Анын айткандарын жанындагылар блокнотторуна жазып алып жатканын көрүүгө болот.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Ким Чен Ынга операция жасаган дарыгердин колу калтырап…
Кадрлардан "Сунчхон жер семирткич заводунун курулушун аяктоо аземи" деген аталыштагы баннерлерди 2020-жылдын 1-майы деген даталар менен көрүүгө болот. Батыш календары боюнча 05/01/10 деп жазылат.

Салтанаттуу иш-чарада Ким Чен Ын трибунадан кызыл лентаны кескен. Башка кадрларда жаңы заводду көрүп чыккан. Лидердин дагы башка сүрөттөрүнөн жанында жүргөн карындашы Ким Ё Жонду байкоого болот.

Белгилей кетсек, буга чейин CNN телеканалы Ким Чен Ынга операция жасалгандан кийин абалы кескин начарлап кеткенин кабарлаган. Маалыматта эл өлкө лидерин акыркы ирет 11-апрелде көргөнү белгиленген. Андан соң Түндүк Кореяда мамлекет башчынын ордуна Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон даярдалып жатканы айтылган

Көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидеринин саламаттыгы начарлады деген маалымат орунсуз экенин билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0