БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Испаниянын жашоочулары марттын ортосунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден бери биринчи жолу таза абага чыгып сейилдеп, машыгууларын жандантышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Элдин топтолушуна жол бербөө максатында бийлик расписание менен бир катар эрежелерди иштеп чыккан. Ага ылайык, 14 жаштан жогоркулар саат 06.00дөн 10.00гө чейин жана 20.00дөн 23.00гө чейин сейилдеп, спорттун жеке түрлөрү менен машыга алышат. Бирок өзүң менен чогуу жашаган бир адам менен үйдөн бир чакырымга чейин сейилдегенге уруксат. Ошол эле учурда кечке эшикке чыга бергенге болбойт.
Саат 10.00дөн 12.00гө чейин жана 19.00дөн 20.00гө чейин 70 жаштан жогору испандыктар, ошондой эле коштоп жүрүүгө муктаж адамдар сейилдесе болот. Ал эми 12.00дөн 19.00гө чейин 14 жашка чейинки балдарга аба жутууга уруксат берилген. 26-апрелден тарта балдар менен сейилдөөгө уруксат берилген, бирок учурда кээ бир чектөөлөр бар.Бүгүнкү күндө Барселонада парктар эл үчүн эшигин ачкан. Мадридде сейил бактар жабык болгону менен тургундар сыртында эс алып жүрөт. Мындан сырткары өз аймактарында багбанчылык кылууга уруксат берилген. Жогорудагы эрежелердин сакталышын полиция көзөмөлдөйт. Беш миңден аз кишиси бар аймактарда сейилдөөгө чектөө киргизилген эмес.
COVID-19 диагнозу коюлган адамдар же карантиндегилер үйдө болууга милдеттүү экендиги белгиленди. Ошондой эле карылар үйүндө жашагандар сейилдей албайт.
Испания коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Тагыраагы, жарандары оорудан каза тапкандардын саны боюнча төртүнчүдө (АКШ, Италия жана Улуу Британиядан кийин), жуктургандар боюнча (АКШдан кийин) экинчи орунда турат.
Испанияда өзгөчө режим 14-мартта киргизилип, кийинчерээк 9-майга чейин узартылган. 28-апрелде бийлик карантинден акырындап чыгуунун планын бекиткен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.
Трамп Путинге жагарын белгилеген.
"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.
НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.