Имбирь жана жашылчалар. Архивдик сүрөт

Өсүмдүк экстракты организмди алкоголдук уулануудан сактаары далилденди

Немец окумуштуулары эксперимент жасашты. Өсүмдүк экстракты организмди алкоголдук ичимдиктерге уулануудан сактайт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кээ бир өсүмдүктөрдүн экстракты алкоголдук ичимдиктерге ууланган организмди эс алдыруучу касиетке ээ экендигин Иоганн Гутенберг атындагы Майнц университетинин окумуштуулары аныкташкан. Бул тууралуу MedicalXpress жазып чыкты.

Окумуштуулар 18ден 65 жашка чейинки 214 адамды үч топко бөлүп, эксперимент жасап көрүшкөн. Спирт ичимдигин ичүүгө 45 мүнөт калганда жана ичкенден кийин каалоочуларга атайын аралашманы сунушташкан. Биринчи топтогуларга имбирдин тамырынын, барбадос алчасынын, кактустун жана талдын экстрактын, ошондой эле магний, калий, бикарбонат, натрий, цинк, рибофлавин, тиамин жана фолий кычкылы менен кошо стевиолгликозид жана инулин берген. Экинчи топко өсүмдүктөрдүн экстракты аралашпаган кошулманы ичирсе, үчүнчүлөрүнө эч нерсе кошулбаган жөнөкөй эле суусундукту берген.

Изилдөөнүн катышуучулары спирт ичимдиктерин төрт саат бою улам ичип турушкан. Алкоголду татканга чейин жана андан кийин, ошондой эле арадан 12 саат өткөн соң катышуучулардан кандын, зааранын анализин алып, артериалдык кан басымын текшеришкен.

Эртеси күнү да макул болгондорунун абалын, өзүн текшерип көрүшөт.

Акырында үч топтон үч бөлөк жыйынтык чыккан. Алардын ичинен өсүмдүктөрдүн экстрактын, минералдарды жана витаминдердин кошулмаларын ичкендер өзүн жакшы сезген. Жөнөкөй суусундук ичкендерге караганда биринчи топтогулардын баш ооруганы 34 пайызга, жүрөгү айланганы 42 пайызга, көңүл коштугу 27 пайызга, тынчсыздануусу 41 пайызга азайган. Ал эми экинчи топтогулардан эч кандай өзгөрүү байкалган эмес.

Окумуштуулардын айтымында, биринчи топтогулар көрсөткөн жакшы натыйжа өсүмдүктөрдөгү полифенолдор жана флавоноиддерден улам келип чыккан. Бул жыйынтык дагы да изилдене турганы айтылды.

Немец изилдөөчүлөрү байкагандай, адамдардын ичимдик ичкендин эртеси күнкү баш жазуусуна витаминдер жана минералдар өсүмдүк экстрактысыз жардам бере албайт болчу. Муну менен катар жогорудагы жасалган эксперимент алкоголдук ичимдик дайым эле организмдеги суюктукту жок кылбай турганын көрсөткөн.

Белгилер:
эксперимент, спирт ичимдиктери, алкоголь, өсүмдүктөр, организм, микроорганизм
Тема боюнча
Арыктоого жардам берчү беш майлуу азык аталды
Эмне жесе иммунитет көтөрүлөт? Жолдошбаевге жооп берген аткаминер күлкүгө салды
COVID-19 менен оруган бала менен медициналык кызматкерлер. Архив

Нур-Султанда коронавирус менен ооруган балдардын саны өсүүдө

(жаңыланган 11:47 23.04.2021)
Казакстандын борборунда күнүнө коронавирустун 350дөн 650гө чейин жаңы учуру катталып жатканы айтылып, оору бөбөктөрдө да көп аныктала баштаганы маалым болду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.

"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.

Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.

Белгилер:
бала, оору, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы

Ийинин таптап... Андраде Шевченко менен кантип тиктешти. Видео

(жаңыланган 10:26 23.04.2021)
Мушкер кыздар UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.

UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.

Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.

Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.

Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.

Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.

Белгилер:
наам, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, мелдеш, UFC
Тема:
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши
Тема боюнча
Шевченконун көптөн күттүргөн беттешин кайсы жактан көрсө болот. Тизме
Дана Уайт: Шевченко удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн
Бишкектеги маршрутка айдоочу. Архив

Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Ассоциациянын жообу

(жаңыланган 11:52 23.04.2021)
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын кабарчысына "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.

Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

Николаидинин айтымында, ага дагы мындай кептер жеткен. Бирок төрага бул ортодогу чагымчылдардын кылганы деп эсептейт.

"Биз иш таштоону пландаган жокпуз. Бул теманын тегерегинде ким мынчалык чуу көтөрүп жатканын билбейм. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек, башка жолу жок. Бизде мэриянын токтому бар. Комиссия тарифтерди көтөрүү боюнча долбоорду даярдаган. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишке киришери менен сессияда бул маселе каралат деп ишенем. Айрым айдоочулар шаар жетекчилиги тарифти көтөрүп беребиз деп коюп, убадасына турган жок деп башкаларды иш таштоого үгүттөп жатыптыр деп уктум. Тиешелүү кызматтар аларды издеп тапсын. Бирок бир дагы фирма иш токтоткусу келген жок. Мындай жол менен көйгөй чечилбейт", — деди ал.

Ушул тапта Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана жетекчилеринин жыйыны өтүп жатканы белгилүү.

Жол кире көтөрүү талабы

Быйылкы жылдын январь айында жол кирени көтөрүп берүүнү талап кылган беш фирмага тиешелүү 400дөй маршрутка ишке чыкпай койгон. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.

Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ага жок дегенде май айына чейин убакыт керектигин айткан.

Белгилер:
иш таштоо, айдоочу, талап, жол кире, маршрутка, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Мэрия айдоочуларга, элге кайрылды